Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

ЖМК: Европа лидерлери Зеленскийди Россия менен эпке келүүгө үндөштү

© AP Photo / Natacha PisarenkoИталиянын премьер-министри Марио Драги, Украинанын президенти Владимир Зеленский, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Олаф Шольц Киевде
Италиянын премьер-министри Марио Драги, Украинанын президенти Владимир Зеленский, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Олаф Шольц Киевде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2022
Жазылуу
Макалада айтылгандай, Европага Украинанын бүтүндүгүнө караганда экономикалык кризистин бүтүшү маанилүү.
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Украинага келген Германия, Франция жана Италиянын лидерлери президент Владимир Зеленский менен жабык эшик артында сүйлөшүп, Россия менен диалогду баштоого үндөшү мүмкүн. Германиянын Die Welt гезитинин божомолу тууралуу РИА Новости жазды.
"Олаф Шольц, Эммануэль Макрон жана Марио Драги Украинага Евросоюзга талапкер макамын берүү идеясын колдошкон. Ошол эле учурда алар Зеленскийге Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүгө барышың керек деп талап коюшу мүмкүн", — деп жазылат макалада.
Автордун пикиринде, буга европалык мамлекеттердин кризиске батып, кымбатчылык күч алып бара жатканы себеп болууда.
"Батыш Европа лидерлери Киевге жеке пландары менен келишкен. Мисалы, Макронго Украинанын бүтүндүгүнө караганда экономикалык кризистин бүтүшү маанилүү. Ал бул позициясын бекемдеп койгусу келди. Италияга деле ушул нерсе керек. Анткени ал жакта экономикалык абал начарлап бара жатат. Бул нерсе өлкөдөгү туруктуулукка көлөкөсүн түшүрмөкчү", — деп жазылат Die Welt гезитинин макаласында.
Россиянын Коопсуздук кеңешинин башкы катчысы Николай Патрушев буга чейин АКШ, Улуу Британия жана НАТОнун башка өлкөлөрүнүн Киевди курал менен кубаттап, нацисттик маанайга үндөгөн деструктивдүү аракеттери орус-украин диалогунун токтошуна алып келгенин айткан. Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков өз кезегинде тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн үзгүлтүккө учурашы үчүн бардык жоопкерчилик Батышта экенин билдирген.
АКШнын президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2022
Байден Россияга каршы санкцияны кандай максатта киргизгенин түшүндүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0