https://sputnik.kg/20220616/dinderdin-onuguu-taryhyn-okutchu-mugalimerdi-tandoo-1065300243.html
Мектептерге диндердин өнүгүү тарыхын окутчу мугалимдерди тандоо башталат
Мектептерге диндердин өнүгүү тарыхын окутчу мугалимдерди тандоо башталат
Sputnik Кыргызстан
Диндердин өнүгүү тарыхы предметин окутуу үчүн адамдарга уруксат берүү УКМК жана ИИМ тарабынан өткөрүлүүчү текшерүү иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөрү... 16.06.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-06-16T12:16+0600
2022-06-16T12:16+0600
2022-06-16T12:16+0600
кыргызстан
мектеп
окутуу
сынак
https://sputnik.kg/img/07e6/04/08/1063494128_0:245:3072:1973_1920x0_80_0_0_dfd97105964527358ff1051190676457.jpg
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Өлкөдөгү мектептерге диндердин өнүгүү тарыхы сабагын берүүгө мугалимдерди тандап алуу иштери жүрөт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.Президенттин жарлыгына ылайык, бул предметтин мектепке киргизилери мурда кабарланган эле.Министрликтен райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү, жалпы билим берүү уюмдары 2022-2023-окуу жылында 9-класстын окуучулары үчүн диндердин өнүгүү тарыхы сабагын берүүгө мугалимдерди тандап алуу иштерин жүргүзөрүн кабарлады. Бирок сынактын качан башталары так айтылган эмес.Арыз берген талапкерлерден төмөнкүлөр талап кылынат:квалификациялык талаптарга жооп берген "теология" багыты боюнча жогорку кесиптик билим деңгээлинин же "тарых мугалими" квалификациясы бар жогорку педагогикалык билиминин болушу. Бул учурда дипломдун оригиналын берүү менен бакалавр, адис, магистр даражаларынан төмөн эмес деңгээлдер караларын эске алуу керек;Жарлыкта диний секталарга жана агымдарга тиешеси жок, жогорку теологиялык билими, педагогика, психология жана окутуу методикасы жаатында квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өткөндүгү жөнүндө сертификаты бар адамдарга окутуу укугу берилери айтылган.Диндердин өнүгүү тарыхы предметин окутуу үчүн адамдарга уруксат берүү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү текшерүү иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлмөкчү.
https://sputnik.kg/20220605/ozgon-mechit-kattoo-imam-ehskertuu-berildi-1064962711.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/08/1063494128_635:193:2927:1912_1920x0_80_0_0_be0bf73e9d9b45a25f4ca11783a7c639.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, мектеп, окутуу, сынак
кыргызстан, мектеп, окутуу, сынак
Мектептерге диндердин өнүгүү тарыхын окутчу мугалимдерди тандоо башталат
Диндердин өнүгүү тарыхы предметин окутуу үчүн адамдарга уруксат берүү УКМК жана ИИМ тарабынан өткөрүлүүчү текшерүү иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөрү айтылган.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Өлкөдөгү мектептерге диндердин өнүгүү тарыхы сабагын берүүгө мугалимдерди тандап алуу иштери жүрөт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Президенттин жарлыгына ылайык, бул предметтин
мектепке киргизилери мурда кабарланган эле.
Министрликтен райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү, жалпы билим берүү уюмдары 2022-2023-окуу жылында 9-класстын окуучулары үчүн диндердин өнүгүү тарыхы сабагын берүүгө мугалимдерди тандап алуу иштерин жүргүзөрүн кабарлады. Бирок сынактын качан башталары так айтылган эмес.
Арыз берген талапкерлерден төмөнкүлөр талап кылынат:
квалификациялык талаптарга жооп берген "теология" багыты боюнча жогорку кесиптик билим деңгээлинин же "тарых мугалими" квалификациясы бар жогорку педагогикалык билиминин болушу. Бул учурда дипломдун оригиналын берүү менен бакалавр, адис, магистр даражаларынан төмөн эмес деңгээлдер караларын эске алуу керек;
мектептин директорунун атына мугалимдин арызы;
иштеген жеринен сунуштама кат;
3x4 өлчөмүндөгү эки даана сүрөт.
Жарлыкта диний секталарга жана агымдарга тиешеси жок, жогорку теологиялык билими, педагогика, психология жана окутуу методикасы жаатында квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өткөндүгү жөнүндө сертификаты бар адамдарга окутуу укугу берилери айтылган.
Диндердин өнүгүү тарыхы предметин окутуу үчүн адамдарга уруксат берүү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү текшерүү иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлмөкчү.