Сабалганын операция алдында айткан. ӨКМ жоокеринин окуясынын чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАскер кызматкерлери. Архив
Аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2022
Жазылуу
Бекзат Эсенбековдун апасынын айтымында, аны "айылдан акча алып келген жоксуңбу" деп сабашкан.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов сабалган жоокердин окуясы боюнча кененирээк маалымат берди.
Анын айтымында, окуя 1-июнда болгон.
"Жоокер Бекзат Эсенбеков 21-майдан 26-майга чейин Таласка эс алууга барып келген. Келгенден кийин 1-июнда жоокерлерди медициналык кароо учурунда фельдшер анын буту шишип калганын байкаган. Дароо түшүнүк кат жаздырган. Бирок анда Бекзат Эсенбеков "бирөө урду же сабады" деп жазган эмес. Кийин чуркаганда деми кысылып, кыйналганын айтканда фельдшер 2-июнда аны Беловодское айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна алып барган. Бирок ал жакта тиешелүү адистер жок болгондуктан Бишкек шаарына жөнөтүлгөн. Жоокердин көкүрөгүн текшерткенде пневмония бар экени аныкталган. Андан тышкары, анализ тапшырып, УЗИге тарттыргандан кийин Бишкектеги шаардык Тез жардам ооруканасына (мурдагы травматология борбору) жаткырылган. Ал жакта жоокердин табарсыгында көйгөй бар экени аныкталып, дарыгерлер консилиум өткөрүп тез арада операция жасашкан", — деди министрдин орун басары.
Шамырканов жоокер ата-энесине сабалгандыгы тууралуу операция алдында айтканын кошумчалады.
"Операция болор алдында жоокер ата-энесине "мени нөөмөт маалында аскер кызматкери тээп жиберген" деп айткан. Учурда анын абалын орто оор дешти. Дары-дармек менен камсыздап жатабыз", — деди министрдин орун басары.
Ал арада Бекзат Эсенбековдун апасымын деген аял сүйлөп, баласынын дарылануусуна ӨКМден дары-дармек берилбегенин айтты.
"Андай жардам берилген жок. Балама канча деген дарылар куюлуп жатат. Өпкөсүнөн бүгүн да суу алышты. Баламдын ден соолугу аябай жабыркаган. Таластан кечээ келдим. Айылда бутум сынып жаткан маалда уулум өргүү алып Таласка келип кеткен. Барганда эле ал жактагылар баламды "акча алып келген жоксуңбу" деп сабаптыр. Өзүм ооруп, дары-дармегиме акча тартыш болгондуктан уулума деле ашыкча берген эмесмин. Жолуна эле акча алып кеткен. Бекзат айылдан барганда, 26-майда эле сабала баштаптыр. Мындан тышкары, аны телефонго бирдик салып кой деп кыйнашкан", — деген жоокердин энеси.
Министрдин орун басары кызматтык иликтөөдөн кийин иштен алты кызматкер убактылуу четтетилгенин айтып, териштирүү, тергөө уланып жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, аталган окуядан улам Кылмыш-жаза кодексининин 338-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, жоокерди сабады деген прапорщик Ж. уулу Т. камакка алынган.
Башкы прокуратуранын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2022
ӨКМдин сабалган жоокери. Депутаттар башкы прокурорго тапшырма берди
Жаңылыктар түрмөгү
0