https://sputnik.kg/20220606/salamattykty-saktoo-ministrligi-4-5-mln-somdon-ashyk-zyyan-keltirgen-1064990495.html
БП: Саламаттык сактоо министрлиги өлкөгө 4,5 млн. сомдон ашык зыян келтирген
БП: Саламаттык сактоо министрлиги өлкөгө 4,5 млн. сомдон ашык зыян келтирген
Sputnik Кыргызстан
Маалымат кызматы министрликтин тиешелүү адамдары жети лот боюнча сатып алынган дары-дармектин санын азайтышкандыгын айтышты. 06.06.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-06-06T13:52+0600
2022-06-06T13:52+0600
2022-06-06T13:52+0600
кыргызстан
башкы прокуратура
кр саламаттык сактоо министрлиги
мыйзам бузуулар
https://sputnik.kg/img/101418/68/1014186864_0:0:3408:1918_1920x0_80_0_0_0a8f8f0844dbb89daaa1d9bd43154741.jpg
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайланылган фактыдан улам мамлекетке 4 миллион 508 миң 975 сом зыян келтирилгендиги аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.Андан улам 4,5 миллион сомдон ашыгыраак суммада мамлекеттик таламдарга зыян болгон."2021-жылдын ноябрында алар "Ю.Х." ЖЧКсын конкурстун жеңүүчүсү деп мыйзамсыз таап, аны менен 41,1 миллион сомго дары-дармекти сатып алуу боюнча атайылап пайдасыз келишим түзүп 4 миллион 508 миң 975 сомго мамлекеттик таламдарга зыян келтирилген", — деп билдиришти көзөмөл органынан.Көрсөтүлгөн факт боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 337 ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 339-беренелери ("Билип туруп пайдасыз контракт түзүү") менен кылмыш ишин козгогон.Маалымат кызматы учурда иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20220604/alymkadyr-beyshenaliev-menen-zulushevdin-chatagynyn-tarykhy-1064951971.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101418/68/1014186864_379:0:3408:2272_1920x0_80_0_0_cb3775de79a680feaca1c65de68dc023.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, башкы прокуратура, кр саламаттык сактоо министрлиги, мыйзам бузуулар
кыргызстан, башкы прокуратура, кр саламаттык сактоо министрлиги, мыйзам бузуулар
БП: Саламаттык сактоо министрлиги өлкөгө 4,5 млн. сомдон ашык зыян келтирген
Маалымат кызматы министрликтин тиешелүү адамдары жети лот боюнча сатып алынган дары-дармектин санын азайтышкандыгын айтышты.
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайланылган фактыдан улам мамлекетке 4 миллион 508 миң 975 сом зыян келтирилгендиги аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
"Саламаттык сактоо министрлигинин жана Улуттук госпиталдын кызмат адамдары "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузуу менен 2021-жылдын 20-майынан 19-ноябрына чейинки алты ай аралыгында мамлекеттик кызыкчылыктарына каршы кызмат абалынан пайдаланышып, иммундук супрессивдүү дары-дармекти жогорулатылган баада сатып алуу максатында конкурстардын жыйынтыгын үч жолу негизсиз жокко чыгарып, эки лот боюнча дары-дармектин баасын жогорулатуу менен бардык жети лот боюнча сатып алынган дары-дармектин санын азайтышкан", — деп айтылган таратылган маалыматта.
Андан улам 4,5 миллион сомдон ашыгыраак суммада мамлекеттик таламдарга зыян болгон.
"2021-жылдын ноябрында алар "Ю.Х." ЖЧКсын конкурстун жеңүүчүсү деп мыйзамсыз таап, аны менен 41,1 миллион сомго дары-дармекти сатып алуу боюнча атайылап пайдасыз келишим түзүп 4 миллион 508 миң 975 сомго мамлекеттик таламдарга зыян келтирилген", — деп билдиришти көзөмөл органынан.
Көрсөтүлгөн факт боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 337 ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 339-беренелери ("Билип туруп пайдасыз контракт түзүү") менен кылмыш ишин козгогон.
Маалымат кызматы учурда иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.