Арктика үчүн кармаш: Швеция менен Финляндиянын НАТОго кириши эмне үчүн кооптуу?

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүү"Приразломная" деңиз мунай платформасы. Архивдик сүрөт
Приразломная деңиз мунай платформасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2022
Жазылуу
Бир нече айдан бери Швеция, Финляндиянын НАТОго кошулушу тууралуу кеп жүрүп, жакында токточудай түрү жок. Мындай кадам логикага туура келер-келбесин айтыш кыйын, анткени Стокгольм менен Хельсинкинин альянска кирүү тууралуу чечими толугу менен акылга сыярлык эмес.
Бул блоктун кеңейишине каршы болуп жаткан Түркия менен болгон диалогдо даана байкалууда деп белгилейт Давид Нармания. Серепчинин макаласы РИА Новости сайтында жарык көргөн.
Анкара скандинавиялык мамлекеттерден айырмаланып, тарыхтын сабактарын мыкты өздөштүрүп өз алдынчалыгын жана көз карандысыздыгын бекемдеп алууга умтулууда. Ошону менен бирге эле аталган өлкөгө бул кырдаалдан пайда тапчулардын баш сабындагы АКШдан истребитель менен жабдуудан күрттөргө каршы кезектеги, бул сапар Сирияда операцияга чейинки өтүнүчтөрү менен соодалашууга да шарт түзүлдү.
Түркия дүйнөдө соңку жылдары, айрыкча акыркы айларда, тынымсыз жүргөн өзгөрүүлөр мамлекеттерден ыкчам эркиндикти талап кылып жатканын даана туюп турат. Албетте, өлкөлөр көз алдыбызда түзүлөрүнө аз калган эл аралык алакалардын жаңы тутумунда баарынан куру жалак калгысы келбесе, бул абалга баам салар...
Швеция менен Финляндия тескерисинче өздөрүн түндүк атлантикалык боордоштукка кол сунуп, АКШнын алдында вассалдык милдеттенмелерин алууга ниеттеништи. Ошол эле учурда коопсуздук жагынан алардын эч кандай утушу жок. Москва аларга эч кандай коркунуч туудурган эмес. Эми Россияга карата бейтарап өлкөдөн кастарын тиккен альянска мүчө болгону турат. Анткен менен мурдатан эле бул өлкөлөрдүн күчтөрү НАТОнун окууларына катышып келгендиктен алардын нейтралитети шарттуу эле десек да болор.
Ушундай жагдайда катардагы адам деле куру дегенде экономикалык утушу болор-болбосун талдап чыкмак, кыязы скандинавиялык өлкөлөр ошондой туура ой жүгүрткөн кишилерге суусап турат окшойт.
Россия жана ЕБ желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия сабагы: дүйнө эми Батышка ынанбайт
Финляндия мурдатан эле ички дүң өндүрүмүнүн эки пайызын коргоо тармагына бөлүп келет. Дал ушундай пайызды Кошмо Штаттар аскердик блоктогу союздаштарынан талап кылат эмеспи. Ал эми Швеция бул багыттагы чыгымдарын көбөйтүүгө аргасыз болот. былтыр аскердик керектөөлөргө ИДПнын болгону 1,3 пайызын бөлгөн. Эгер альянска кошулуп калса, бул чыгымдарды бир жарым эсеге жогорулатууга туура келет.
СССР ыдыраган соң альянстын аскердик бюджети акырындап кыскарып отурган. Эми "россиялык коркунуч" деген шылтоо менен Вашингтон өз союздаштарын кыйла чоң сумма бөлүүгө аргасыз кылат. Бирок ансыз да каатчылык эпкини уруп турганда андай чыгашалар өлкөлөрдүн бюджетин катуу эңшерип, анын айынан алардын калкы да түйшөлөт. Альянска кошулуу боюнча элдин пикири эч кимди ойлонтпойт окшойт. Апрелдин аягында Швеция тышкы иштер министри Анн Линде өз жарандарына эч кандай референдум өтпөй турганын алдын ала эскерткен.
Стокгольм менен Хельсинки блокко кошулуудан башына оор түйшүк үйө турган болсо, Вашингтон мындан улам Арктикадагы ордун чыңдап алат. НАТОго Швеция менен Финляндия кабыл алынса, Арктикалык кеңештин Түндүк Атлантика альянсына тиешеси жок жападан жалгыз мүчөсү Россия гана калат.
XXI кылымда тирештердин негизги ареналарынын бири Арктика болот окшоп калды. Кеп мында түз аскердик коркунуч туурасында гана эмес, экономика жаатында да болууда. Москвага каршы санкциялардын алтынчы топтому эмитен эле рекорд каккан күйүүчү майдын баасын төмөндөтүүгө зорго мүмкүндүк берет. Мындан улам америкалык президент Жо Байдендин билдирүүсүн белгилесек болот. Бирок эртеси эле күнү ал Батыш чындыгында россиялык мунайды сатып алууга даяр экенин моюнга алып, бирок рыноктогу баасынан арзан баада деп кошумчалады.
Финляндиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2022
ЖМК: Финляндиянын НАТОго кошулушу АКШга көп түйшүк жаратышы мүмкүн
Кара алтындын баасынын өсүшү арктикалык запастарга ого бетер кызыктырып, ал эми аларды иштетүүнү кирешелүү кылат. Баанын кымбатташы буга чейин далай жаңырган жашыл энергетикага өтүү жөнүндөгү билдирүүлөр өтө эле шашылыш болгонун дагы бир ирет тастыктап койду.
Логистика боюнча глобалдык көйгөйлөрдөн улам аймактын мааниси ого бетер арта түшөт. Климаттык өзгөрүүлөр Арктикада кемелердин жүрүшүн жеңилдетет. Ошондуктан Түндүк деңиз жолу дүйнөлүк сооданын маанилүү кан тамырларынын бирине айланышы мүмкүн. Ал Суэц каналы же Илгери үмүт (Cape of Good Hope) аркылуу өткөн багыттардан дээрлик эки эсе кыска. Аны өнүктүрүүгө арктикалык эмес азиялык өлкөлөр, эң оболу Кытай жана Индиянын кызыгуусу күч. Россия тарыхый жактан Түндүк деңиз жолун өзүнө таандык маршрут деп эсептеп, ал эми Батыш аны улуттук юрисдикциядан алып салууну талап кылат.
Арктиканын ресурстук базасы жана анын транспорттук шарттарын пайдаланууга укук – 2020-жылдарда Россия менен Батыштын тирешинин алгачкы себептери. Өз ара дооматтардын күчөшү менен түндүк тиреш үчүн толук кандуу аренага айланууда. Ошол себептен бул багытта өз позициясы бекемдөө мүмкүнчүлүгүнө АКШ кымбат баага да кайыл.
НАТОнун кемелери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: НАТО ондогон жылдарга алсырата турган капканга түшүп калды
Жаңылыктар түрмөгү
0