https://sputnik.kg/20220601/dujno-ehmi-batyshka-ynanbajt-1064860993.html
Россия сабагы: дүйнө эми Батышка ынанбайт
Россия сабагы: дүйнө эми Батышка ынанбайт
Sputnik Кыргызстан
Европа өлкөлөрүнүн лидерлери Евробиримдиктин Брюсселдеги кезексиз саммитине Украинадагы аскердик операциянын жүз күндүгүн Россияга каршы жаңы — алтынчы... 01.06.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-06-01T16:08+0600
2022-06-01T16:08+0600
2024-08-20T11:39+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
батыш
акш
нато
европа
украина
атайын операция
келечек
https://sputnik.kg/img/103646/73/1036467331_0:0:3058:1720_1920x0_80_0_0_7b96832fb2d0db9ec84ee63f12e49919.jpg
Эгер Европа Украинанын талкаланышын кааласа, ансыз деле пайдасы тийбеген жаңы санкцияларды киргизүүнүн ордуна Киевге курал менен жабдуу болбостугун, Европа биримдигине талапкер макамынын берилбестигин жана Россия менен тынчтыкка келүүнүн жолун өз алдынча издөө керектигин расмий жарыялаган оң. Серепчи Петр Акоповдун ушундай пикирди камтыган ой толгоосун РИА Новости сайты жарыялаган.Европа Украина менен Россия ички европалык маселе эместигин, дегеле Европага эч тиешеси жоктугун моюнга алууга, ал тургай мындай бүтүмгө 2014-жылы эле келүүгө тийиш эле. Россияга каршы санкциялардан эч кандай майнап чыкпаган соң европалыктарга жогорку инфляциянын түйшүгүн тартып, Европа биримдигинин бекемдигин сыноонун кажети эмне?Ушул пландалбаган саммитти утурлай эле Германиянын вице-канцлери, экономика министри Роберт Хабек көйгөйлөр жаңы санкцияларды макулдашуу маселелери менен гана чектелбестигин моюнга алган."Украинадагы Россиянын агрессиясы башталганы биз Европа бирдиктүү болгонунда эмне болоруна күбө болдук. Саммиттин алдында мындан ары да ошондой болоруна үмүт арталы. Бирок эмитен эле ал (ынтымак) ыдырап барат", – деген ал.Россиялык мунайды импорттоого тыюу салууга Европа биримдигиндегилердин баары эле макул эмес. Бир нече мамлекет, эң оболу Венгрия макулдугун берүү үчүн миллиарддаган компенсацияны талап кылуу менен каршы болууда. Натыйжада мунайга, куру дегенде эле түтүк аркылуу келген бул өндүрүмдү импорттоого тыюу салынбай калышы ажеп эмес. Венгриянын талабын аткарган күндө деле баалардын дагы өсүшү эле күтпөсө, Европанын мындан тапкан пайдасы эмне?The Guardian басылмасы "Демократиялар альянсы" (беш жыл оболу НАТОнун мурунку башкы катчысы НАТО Андерс Фог Расмуссен тарабынан түптөлгөн) фонду тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады. Материалдын аталышы да көңүл бурдурбай койбойт: "Сурамжылоо көрсөткөндөй, Россияга каршы терс көз караштар негизинен батыштык либералдык демократиялар менен гана чектелет". Чындап эле бул иш-чара Батышта гана жүргүзүлбөстөн, 52 өлкө камтылган.Бирок кепти адегенде Европадан баштайлы. Россия менен экономикалык байланышты токтотууну европалыктардын 55%ы колдогон. РФке Польша (87%) жана Украина (80%) өтө терс көз карашта экенин билдирген, бирок үчүнчү сапка Португалиянын (79%) чыгышы таң калтырарлык болду. Буга Россияга каршы пропаганда гана эмес, РФ менен байланыштын жупунулугу да таасир этиши мүмкүн. Португалиянын экономикасы россиялык мунай жана газдан көз каранды эмес.Тизмедеги төртүнчү орунду Швеция (77%) ээлегени түшүнүктүү, ал эми Италиядагы жогорку пайыз (65%) айран калтырат. Ушундай эле көрсөткүч Россияга эзелтен кастарын тиккен Улуу Британияда да бар. Кыязы аталган фонд бул боюнча иликтөөсүн жаз жаңырганда жүргүзгөн өңдүү, себеби башка сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча Британияда санкциялар согушун колдогондордун саны март-май айларында 50%дан 36%га чейин түшкөн (мында баалардын өсүшү да өз ролун ойногон сыяктуу).Германия – 62%, ал эми россиялык энергетикалык ресурстарга эмбарго киргизүүнү жактагандар март-майга карата 44 пайыздан 50%га чейин өскөн. Кошмо Штаттар да ушундай көрсөткүчтө, бирок бөлөк изилдөөлөрдө алардын саны 55%дан 45%га кыскарган.РФ өз операциясын ийгиликтүү аяктап, Украина Батыштын таасиринен чыгат. Бирок аскердик гана тургай, геосаясий атайын операция пландоодо батыш каймактарынын жана тургундарынын маанайын эске алуу абзел. Бул Россия үчүн эле эмес, бүтүндөй дүйнө үчүн чоң мааниге ээ."Демократиялар альянсы" фондунун сурамжылоосунун Батышка кирбеген өлкөлөр боюнча көрсөткүчтөрү дээрлик алардын баары Россияга оң көз карашта жана санкциялык согушка каршы экенин айгинелеп турат. Айтмакчы, ал түгүл европалык өлкөлөр арасында да эки мамлекет — Венгрия жана Греция бар, алардын жарандарынын көпчүлүгү РФ менен экономикалык байланыштарды үзүүнү туура көрүшпөйт. Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча ушундай көз караштагы өлкөлөрдүн саны – 20. Арасында Азиянын ири өлкөлөрү, тагыраагы, Кытай, Индия, Түркия, Индонезия, Пакистан бар.Негизи эле Азияда көпчүлүк, атап айтканда, Таиланд менен Малайзия, Вьетнам менен Филиппин да РФке көз карашы түз экени сурамжылоонун бул жыйынтыгына жараша чечилет. Араб дүйнөсүндө да, тагыраагы, Сауд Арабиясы жана Египет, Алжир менен Мароккодо, ошондой эле Африка — Нигерия, Түштүк Африка Республикасы жана Кенияда да ушундай эле көрүнүш. Латын Америкасында бул көрсөткүчтөр теңме-тең бөлүнүп, бирок эң ири өлкөлөрдүн бири Мексикада көпчүлүк санкцияларга каршы. Ошондой эле Россияга карата оң мамиленин бир кыйла балансы Индия (36%), Алжир (29%) жана Индонезияда (14%) катталган.Сурамжылоо атайын операциянын алгачкы күндөрүнөн бери дүйнө бири-бирине тең келбеген эки бөлүккө бөлүнгөнүн тастыктап турганын да эске алуу дурус. Россияга каршы азчылык глобалдык медиа өңдүү эбегейсиз күчкө ээ Батыш менен гана чектелет. Ал эми дүйнөнүн Батышка кирбеген бөлүгү (кеп Латын Америкасы, Африка жана Азиянын бир бөлүгү туурасында) ошол маалымат каражаттарынан кабар алат.Бириккен Улуттар Уюмунда добуш берүүдө Батышка кирбеген негизги өлкөлөрдүн көбү Россияны айыптоодон карманышкан. Ошондо Батыш алардын позициясын Москва менен алаканы бузбоо аракети деп түшүндүрүшкөн эле. Бирок коомдук пикирди изилдөөлөр аталган мамлекеттердин жүрүм-турумун жөнөкөй эсеп менен түшүндүрүү мүмкүн эместигин айгинелеп турат, себеби Россияга алардын катардагы жарандары да ушундай көз карашта.Европалыктарга РФке бир тараптуу мамилесинен кутулуу кыйынга турат. Ал аз келгенсип бул азыркы европалык каймактардын геосаясий көз карандылыгы менен айкалышканда Россия менен санкциялык согуштун туткунунан чыгуу кыйындайт. Башка аргасы жок өңдөнөт. Муну канчалык эрте аңдаса, келечекте Европанын жоготуулары ошончолук азыраак болот чыгар...
https://sputnik.kg/20220529/nato-ukrainadagy-chatakty-kantip-chygardy-1064788474.html
https://sputnik.kg/20220601/bajden-nato-menen-rossiyanyn-ortosunda-sogush-1064858041.html
https://sputnik.kg/20220530/lavrov-evropa-atayyn-operaciya-tushunduruu-1064812449.html
батыш
акш
европа
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Петр Акопов
https://sputnik.kg/img/07e4/08/1e/1049471777_45:64:175:194_100x100_80_0_0_94e8d2aaa3b1e10cc9490e9eade1fb1d.jpg
Петр Акопов
https://sputnik.kg/img/07e4/08/1e/1049471777_45:64:175:194_100x100_80_0_0_94e8d2aaa3b1e10cc9490e9eade1fb1d.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103646/73/1036467331_329:0:3058:2047_1920x0_80_0_0_f5c28dbfb3211fd50ce69742d7f2fb73.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Петр Акопов
https://sputnik.kg/img/07e4/08/1e/1049471777_45:64:175:194_100x100_80_0_0_94e8d2aaa3b1e10cc9490e9eade1fb1d.jpg
дүйнөдө, россия, батыш, акш, нато, европа, украина, атайын операция, келечек, мамиле, санкциялар, колумнисттер
дүйнөдө, россия, батыш, акш, нато, европа, украина, атайын операция, келечек, мамиле, санкциялар, колумнисттер
Россия сабагы: дүйнө эми Батышка ынанбайт
16:08 01.06.2022 (Жаңыртылды: 11:39 20.08.2024) Европа өлкөлөрүнүн лидерлери Евробиримдиктин Брюсселдеги кезексиз саммитине Украинадагы аскердик операциянын жүз күндүгүн Россияга каршы жаңы — алтынчы санкциялар топтому менен белгилөө үчүн чогулушту.
Эгер Европа Украинанын талкаланышын кааласа, ансыз деле пайдасы тийбеген жаңы санкцияларды киргизүүнүн ордуна Киевге курал менен жабдуу болбостугун, Европа биримдигине талапкер макамынын берилбестигин жана Россия менен тынчтыкка келүүнүн жолун өз алдынча издөө керектигин расмий жарыялаган оң. Серепчи Петр Акоповдун ушундай пикирди камтыган ой толгоосун
РИА Новости сайты жарыялаган.
Европа Украина менен Россия ички европалык маселе эместигин, дегеле Европага эч тиешеси жоктугун моюнга алууга, ал тургай мындай бүтүмгө 2014-жылы эле келүүгө тийиш эле. Россияга каршы санкциялардан эч кандай майнап чыкпаган соң европалыктарга жогорку инфляциянын түйшүгүн тартып, Европа биримдигинин бекемдигин сыноонун кажети эмне?
Ушул пландалбаган саммитти утурлай эле Германиянын вице-канцлери, экономика министри Роберт Хабек көйгөйлөр жаңы санкцияларды макулдашуу маселелери менен гана чектелбестигин моюнга алган.
"Украинадагы Россиянын агрессиясы башталганы биз Европа бирдиктүү болгонунда эмне болоруна күбө болдук. Саммиттин алдында мындан ары да ошондой болоруна үмүт арталы. Бирок эмитен эле ал (ынтымак) ыдырап барат", – деген ал.
Россиялык мунайды импорттоого тыюу салууга Европа биримдигиндегилердин баары эле макул эмес. Бир нече мамлекет, эң оболу Венгрия макулдугун берүү үчүн миллиарддаган компенсацияны талап кылуу менен каршы болууда. Натыйжада мунайга, куру дегенде эле түтүк аркылуу келген бул өндүрүмдү импорттоого тыюу салынбай калышы ажеп эмес. Венгриянын талабын аткарган күндө деле баалардын дагы өсүшү эле күтпөсө, Европанын мындан тапкан пайдасы эмне?
The Guardian басылмасы "Демократиялар альянсы" (беш жыл оболу НАТОнун мурунку башкы катчысы НАТО Андерс Фог Расмуссен тарабынан түптөлгөн) фонду тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады. Материалдын аталышы да көңүл бурдурбай койбойт: "Сурамжылоо көрсөткөндөй, Россияга каршы терс көз караштар негизинен батыштык либералдык демократиялар менен гана чектелет". Чындап эле бул иш-чара Батышта гана жүргүзүлбөстөн, 52 өлкө камтылган.
Бирок кепти адегенде Европадан баштайлы. Россия менен экономикалык байланышты токтотууну европалыктардын 55%ы колдогон. РФке Польша (87%) жана Украина (80%) өтө терс көз карашта экенин билдирген, бирок үчүнчү сапка Португалиянын (79%) чыгышы таң калтырарлык болду. Буга Россияга каршы пропаганда гана эмес, РФ менен байланыштын жупунулугу да таасир этиши мүмкүн. Португалиянын экономикасы россиялык мунай жана газдан көз каранды эмес.
Тизмедеги төртүнчү орунду Швеция (77%) ээлегени түшүнүктүү, ал эми Италиядагы жогорку пайыз (65%) айран калтырат. Ушундай эле көрсөткүч Россияга эзелтен кастарын тиккен Улуу Британияда да бар. Кыязы аталган фонд бул боюнча иликтөөсүн жаз жаңырганда жүргүзгөн өңдүү, себеби башка сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча Британияда санкциялар согушун колдогондордун саны март-май айларында 50%дан 36%га чейин түшкөн (мында баалардын өсүшү да өз ролун ойногон сыяктуу).
Германия – 62%, ал эми россиялык энергетикалык ресурстарга эмбарго киргизүүнү жактагандар март-майга карата 44 пайыздан 50%га чейин өскөн. Кошмо Штаттар да ушундай көрсөткүчтө, бирок бөлөк изилдөөлөрдө алардын саны 55%дан 45%га кыскарган.
РФ өз операциясын ийгиликтүү аяктап, Украина Батыштын таасиринен чыгат. Бирок аскердик гана тургай, геосаясий атайын операция пландоодо батыш каймактарынын жана тургундарынын маанайын эске алуу абзел. Бул Россия үчүн эле эмес, бүтүндөй дүйнө үчүн чоң мааниге ээ.
"Демократиялар альянсы" фондунун сурамжылоосунун Батышка кирбеген өлкөлөр боюнча көрсөткүчтөрү дээрлик алардын баары Россияга оң көз карашта жана санкциялык согушка каршы экенин айгинелеп турат. Айтмакчы, ал түгүл европалык өлкөлөр арасында да эки мамлекет — Венгрия жана Греция бар, алардын жарандарынын көпчүлүгү РФ менен экономикалык байланыштарды үзүүнү туура көрүшпөйт. Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча ушундай көз караштагы өлкөлөрдүн саны – 20. Арасында Азиянын ири өлкөлөрү, тагыраагы, Кытай, Индия, Түркия, Индонезия, Пакистан бар.
Негизи эле Азияда көпчүлүк, атап айтканда, Таиланд менен Малайзия, Вьетнам менен Филиппин да РФке көз карашы түз экени сурамжылоонун бул жыйынтыгына жараша чечилет. Араб дүйнөсүндө да, тагыраагы, Сауд Арабиясы жана Египет, Алжир менен Мароккодо, ошондой эле Африка — Нигерия, Түштүк Африка Республикасы жана Кенияда да ушундай эле көрүнүш. Латын Америкасында бул көрсөткүчтөр теңме-тең бөлүнүп, бирок эң ири өлкөлөрдүн бири Мексикада көпчүлүк санкцияларга каршы. Ошондой эле Россияга карата оң мамиленин бир кыйла балансы Индия (36%), Алжир (29%) жана Индонезияда (14%) катталган.
Сурамжылоо атайын операциянын алгачкы күндөрүнөн бери дүйнө бири-бирине тең келбеген эки бөлүккө бөлүнгөнүн тастыктап турганын да эске алуу дурус. Россияга каршы азчылык глобалдык медиа өңдүү эбегейсиз күчкө ээ Батыш менен гана чектелет. Ал эми дүйнөнүн Батышка кирбеген бөлүгү (кеп Латын Америкасы, Африка жана Азиянын бир бөлүгү туурасында) ошол маалымат каражаттарынан кабар алат.
Бириккен Улуттар Уюмунда добуш берүүдө Батышка кирбеген негизги өлкөлөрдүн көбү Россияны айыптоодон карманышкан. Ошондо Батыш алардын позициясын Москва менен алаканы бузбоо аракети деп түшүндүрүшкөн эле. Бирок коомдук пикирди изилдөөлөр аталган мамлекеттердин жүрүм-турумун жөнөкөй эсеп менен түшүндүрүү мүмкүн эместигин айгинелеп турат, себеби Россияга алардын катардагы жарандары да ушундай көз карашта.
Европалыктарга РФке бир тараптуу мамилесинен кутулуу кыйынга турат. Ал аз келгенсип бул азыркы европалык каймактардын геосаясий көз карандылыгы менен айкалышканда Россия менен санкциялык согуштун туткунунан чыгуу кыйындайт. Башка аргасы жок өңдөнөт. Муну канчалык эрте аңдаса, келечекте Европанын жоготуулары ошончолук азыраак болот чыгар...