Канткенде 60 жаштагы киши өзүн 30дагыдай сергек сезе алат? Спортчунун кеңеши

© Фото / Pexels/ Anna ShvetsСпорт менен машыгып жаткан адам. Архив
Спорт менен машыгып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2022
Жазылуу
Адистин пикиринде, машыгууну жашы өтүп бара жатканда баштагандар алгач жөн гана жөө басуу менен алектениши керек.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Жашы өтүп калган адам кантип спорт менен алектенип, сынын кайтарып алса болот? Бул тууралуу РИА Новости агенттигине берген маегинде өзү 50 жашка келгенде спортко аралашып, кийин жеңил атлетика боюнча Россиянын, Беларустун чемпиону, Европанын вице-чемпиону болгон Валерий Жумадилов айтып берди.
Спортчунун пикиринде, машыгууну жашы өтүп бара жатканда баштагандар алгач жөн гана жөө басуу менен алектениши керек.

"Алгач күнүнө 1-1,5 сааттан жөө баскыла. Бирок жайбаракат эмес, бат басыш керек. Андан кийин дене көнүгүүлөрү кошулат. Бул нерселер ден соолукту калыбында кармоого жетиштүү. Эгер андан ары машыгып, спорттук ийгиликтерге жетем дегендер машыктыруучу менен кеңешип, өзүнө ылайыктуу спорттун түрүн тандап алса болот", — деди ал.

Ошондой эле Жумадилов жаңы баштаганда дене бойдун ооруксунганы кадыресе көрүнүш экенин жана мындан коркпоо керектигин айтты.
"Албетте, жаш болбогон соң бардыгын акырындык менен баштоо керек. Бирок мурда катуу кыймылдабаган дене бой башында ооруй берет. Дененин калыбына келүү жана жаңы шартка көнүү мүмкүнчүлүгү өтө жогору. Андыктан машыгууну таштап салбаш керек", — деди адис.
Мындан тышкары, ал адам жаратылышка эч качан каршы чыга албасын, карылык акыры келерин айтып, спорт менен машыгуудагы негизги максат ден соолукту, сергектикти сактоо экенин кошумчалады.
Ошол эле учурда ал адам өзүнө туура кам көрүп, спорт менен алектенсе 60 жашында дагы отуздагыдай сергек сезип жашаса болорун билдирди.
Уйкусу келип жактан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2022
Адис уйкунун жетишсиздиги кайсы илдеттерге кептей турганын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0