Жакыптын Анжиянга кетели дегени, Манастын туу көтөрүшү. Улуу баяндан 6 факт

© Sputnik / Табылды КадырбековМанастын айкели жана Кыргызстандын желеги. Архив
Манастын айкели жана Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2022
Жазылуу
Буга чейин "Манас" эпосунан окурмандарга бир нече баянды сунуштадык. Алардын соңкулары: Манастын Жолойду жарадар кылышы, Манастын Карабөрккө үйлөнүшү. Бүгүнкү кеп Жакып байдын уруу жакшыларын топтоп элге кайрылганы жана каары катуу Манастын туу көтөргөнү тууралуу болмокчу.
Жакып байдын элге кайрылганы. Манас баатырдын Кайып кандын Карабөрк деген кызын алып Алтайга келгени, ал жактагы калааларды сапырылтып чыкканы атасы Жакыптын бир жагы ачуусун келтирсе, бир жагы чочутту. Туш тарабы душмандын курчоосунда калды. Ошондо бир күнү эл жакшылары Акбалта менен Бердикени, ак ала сакал Ошпур байды, акылга дыйкан Байжигитти, Айдаркан менен Саламатты билгилери менен жыйды кан Жакып. Айтар кеби: "Алтайдан көчүп алсак дейм, Анжиян көздөй барсак дейм, эгер кытай жоолосо, арманы жок калсак дейм". Буга негизги себеп – чогоол баланын сөз укпай ажыдаардын куйругун басып алганы. Эми ошол ажыдаар ойгонот. "Камалап каапыр кол салса биз кай бири менен атыштык?" - дейт Жакып түн уйкусун бузган түпөйүл оюн ачыкка чыгарып. Анан өзүнүн жашынан кордук көргөнүн айтат, ага-иниден айрылганын айтат, маңгулдардан мал сактап, манжулардан жан сактап жүргөнүн айтат, Ногой уулу туугандарынан он жетисинде бөлүнгөнүн айтат. Айтып бүтүп эми жооп бергиле деп казак-кыргыз отурган топко жалдырай жардам күтө тигилет. Ал тигиле караган жакта Камбардын уулу Айдаркан, карыядан Эштек бар, кыпчактардын Тазы бар, кыргыздардан Байжигит, нойгуттардан Акбалта, ногойдун Чагоо кары бар, аргын Каракожо бар, алчындан Каракесек бар, кыскасы, отургандардын акылмандарынан эле алтымыш адам бар.
Жакыпка айтылган жооптор. Эң биринчи Бердике айтат, "кытайга тийип койдук деп дүрбөп кайда качабыз, малды бекер чачабыз" дейт. Жакыпка карап "сен маңгул менен конушташ жүрүп коркуп калган экенсиң, жакын жүрүп кытайга жадап калган экенсиң, эми сен Анжиян менен Алайды самап калган экенсиң, Анжиянда Алооке деген жаман жообуз бар" дейт. Анан калса Кашкар менен Анжияндын арасы ашуусу бийик, жери тик улуу тоолор экенин айтат. Бул сөздөрдү көрүнөө айттым, бетиңерге айттым деп Жакыптын Анжиянга көчүү сунушун четке кагат. Экинчи жоопту Байжигит айтат, бай Жакыптын сөзүнүн жаманы жогун айтат, "Мурут бар жерде сакал бар, кытай деген жакырга, кыжылдаган капырга, кыйырына жатып албайлык, кылым кытай кол келсе, кыргын таап калбайлык" деп Оролдун узун тоосуна, Эдил, Жайык жерине баш ооп барсак дейт. Үчүнчү сунуш Камбардын уулу Айдаркандан чыгат: "силер эмне үркүп атасыңар, кырып ием сени деп Кытайдан келген кеп барбы" дейт. "Ар качандан бир качан жамандын жаны аялуу, аябаңар жаныңды, айткым келди баарыңды", "туулмак бар, өлмөк бар, жакшылык менен жамандык туш-тушунда көрмөк бар, аманат берген куу жанды, ажал жетсе өлмөк бар" деп душман менен казак-кыргыз бир туруп күрөшүүгө чакырат.
Жыйынга келген жетөө. Мына ошентип сунуштар ар кыл болуп турганда жыйынга Көсөл Манас, эр Көкчө, алардын артынан Жамгырчы, Абдылда, Болот, анан манжулуктун Шакуму, ак сакалы Айнакул – жетөө келип кошулат. Келип эле Манас кеп сурайт. Ал ортодо ак түлөөгө деп жараткан карасы эмес агынан он эки байтал алдырат, "айылда киши калба деп, адамдын баарын чакырды, жер очокту каздырып, жез капкактуу казандан жетимишин астырып, күчтүү болсун арак деп, күчаладан салдырып" тойго айлантып жиберет түлөөнү. Эли көк ала майдан шиберди жайлап, тегерек тартып, ортосун ачык коюп отурган кезде келгендерге сары казы, кыйма жал тарттырып, ар кандай опкоксуганын аппак майга тойгузду, эки жүз чанач кымызды, эңсегени жутсун деп, элдин ортосуна койдурду. Анан Манас кеп тизгинин өзү алат.
Талас облусундагы Манас ордосу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2022
Манастын хан шайланышы. Улуу баяндан беш факт
Манас эл-журтка кайрылат. "Колунан келсе каканчын, коё турган ою жок, тартып калар бою жок, алы келсе кытайдын, албай турган кеги жок, айыл жыйып атакем, дарбытыштын эби жок" деп келип, өзүнүн жыйырма төрткө чыкканын айтат. "Жаанга салып кызыл өрт, жолдо болсун изибиз, жоодон болсун ишибиз, көктө болсун жаныбыз, көөкөрдө болсун каныбыз", "көңкү кыргыз балдары, көөсөрүң болсо калыңар, көсөмүң болсоң барыңар, карк ажалым жетти деп, канжыгага байланып, кара башым кетти деп, башыңды байлап өлүмгө, чачыңды байлап өрүмгө, аягың байла кишенге, айылда жүрсөм өлбөйм деп, аманат жанга ишенбе" деп отургандарды күрөшкө чакырат. Душмандын не болуп атканын элге кабарлайт: Орго деген канынын алтымыш миң аскери бар, ошону талкалайлык дейт, Эсенкан кыйын эле деп, беш айчылык Бээжинден бу жерде коркуп селейип, жалтанышың жарабас дейт. "Туулмак бар, өлмөк бар, жакшы менен жамандык, туш-тушунда көрмөк бар, атадан не үчүн тубамын, аманат жаным чыкканча, намыс жолун кубамын" дейт. "Кытайга кыргын салалы, кыйратып жерди алалы, кызыктуу жерди алдырып, кыяматта жүргөнчө, кыргыз уулу болгону, кырылып жатып калалы" дейт.
Манастын урушка чакырыгы. Манас сүйлөп атканда ошончо эл ичинен токтотор адам, кой дээр кожо болбоду. Жаштардын каны кайнады. Акылмандар отуруп, Манастын кебин макул деп баш ийкешти. Ошентип эки күнү тойлошту. Манас элүүдөй жылкы сойду. Сары казы, жал берип, кымызга чайкап бал берип, анан элин таратты. Атка минип эрбейген, найза кармап сербейген, адаммын деп дердейген азаматтан калбасын, он жети менен он сегиз, ошондон койбой тептегиз, асты болсун жетимиш деп аскер куроого чакырды. "Журтта бири калбасын, бетке алган мерген көсөмдөн, бели катуу көзөлдөн, бу жерге жатып албасын, бекерге бенде калбасын", "Союл чабар камбылдан, жоопко жүйрүк даңгылдан, балтыры жоон балбандан, басташканын алгандан, кылыч чабар машынан, кызмат кылар жашынан, кылайып бирөө калбасын", "Ай балта чабар ыктуудан, айбаты бар мыктуудан, айылда бирөө калбасын" дейт. Анан жоого барууга көзгө атар мергендерди, билеги жоон балбандарды, билими артык зардалдарды, тилге жүйрүк чечендерди, динге балбан эшендерди, жол адашпас жерчилерди, көз байлоочу сээрчилерди, өнөрү бар өткүрлөрдү, өлүмдөн коркпос жеткирлерди, намысы бар арстандарды, бардашы бар барктууларды, амал билчү аярларды, молтолуу дуба билгендерди, болумдуу күлүк мингендери, алысын көрөр көздүүлөрдү, айтышар жүйрүк сөздүүлөрдү, акылы толук эстүүлөрдү жоого аттанууга даяр турууга чакырат. Алыс сапар жол жүрөрүн, алыкты арбын камдоо керектигин айтат. Баатыр андан ары "аскерден кечтеп калгандын, келдесин кесип саларын, жүдөгөндүн баарысын, жүлүнүн кыйып саларын" айтып каарданып, калкын үй-үйүнө таратты.
Кызыл туу көтөрүү ырасымы. Жекшемби күнү кечинде бай Жакыптын кызыл тууну, башкы атасы Бабыркандан калган кызыл тууну арстан Манас өзү алат. Ошол кезде туу алуунун ырымын кылат: Камбарбоздун үйрүнөн ак түлөөгө жараткан бир байтал кармап келишет, Манастын артынан Абыке, Көбөш иниси жүгүрүп жүрөт, ак сакал болгон Жакып бай жүрөт бүгүлүп, байбиче Шакан, Бакдөөлөт жүрөт, Акбалта менен Бердике, ак ала сакал Ошпур бай жүрөт. Булардын баары кыбылага карап кырка турат. Баары кол көтөрдү. Бай Жакып бата тартты: "Адил бааша тагы үчүн, кайып эрен бак үчүн, карып калган чалдардын сакалынын агы үчүн, бербердигер бир өзүң, бере көргүн тилегим, оң колум ойноор кезинде, сына көрбө билегим, сыздай көрбө жүрөгүм", "Канатым кайчылашканда, кайратым толуп ташканда, кашайта көрбө, кудайым, куйругум жерге жеткенде, кубанчым алыс кеткенде, куурата көрбө, кудурет". Ушинтип Жакып мойнуна курун салынып, ичтен ыйлап буркурап, көзүнүн жашы жаркырап турганда байбичелери Бакдөөлөт менен Чыйырды ыйлап-сыктап, инилери Абыке, Көбөш чыркырап атканда эр жигиттер ай туягын жыгышып, мууздап канын төгүшүп, камбылдар бычак алышып, буту-колун сөгүшүп атканда, Балта чал менен Бердике бай Жакыпты жандашып, анан Ногойдон калган кызыл туу байрактарын камдашып, оболотуп көтөрүп, жекшемби өткөн күнүндө, дүйшөмбү келген түнүндө аягын жерге сайылтып, асабасын бу туунун, асман жакка жайылтып, бир кудайга зар айтып, пил баштаган нар айтып тууну көтөрүшөт.
Кыргызский богатырь Манас - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2022
Манастын Нуукер менен согушу. Улуу баяндан 5 факты
Жаңылыктар түрмөгү
0