Манастын Жолойду жарадар кылышы. Кошой менен табышуусу. Улуу баяндан 5 факт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМанас ордосундагы эстеликтер. Архив
Манас ордосундагы эстеликтер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2022
Жазылуу
Бул сапар Манас баатырдын Жолойду кантип жарадар кылганы, Кошой бабага кантип жолукканы жана Алтайдан көчүп келүү боюнча сүйлөшүү болгону тууралуу айтып бермекчибиз.
Жолойдун кербени. Алтайдагы кыйла журттун ханы аталган Манас аттарын таптап, жарактарын жаркылдатып, туш тарапка чалгын чалып, эли-жерин кайтарат. Эсенкандын кол салып, бир күнү булардын чегине келип калышынан кооптонуп жүргөн калк карылары, журт жакшылары да Манаска ишенип калат. Ошол чакта Эсенканга караган он бир дуу-ду баштаган 110 миң кол топтолот. Топтолгондо да Алтайга барып, Манастын тыптыйпылын чыгарып, элин талап, жерин ээлеп, мүлкүн олжолоо үчүн катуу камынат. Бул кезде Жолой баатыр, Жолой эр, теңдешсиз алп Жолой Манжурия жеринен Кытай элине чай ташып бараткан болот. 900 төөгө артылган чай кербени тоодон тоо ашып, чөлдөн чөл кезип, барар жерин болжолдоп чыкканга кыйла күн болгон. Бу Жолой деген жөн эле бир чай ташыган соодагер эмес эле. Анын калмактын ичинен чыгып, аты дүң болгонун, адам жеңсиз күчү бар экенин, кармашканды тирүү койбосун, балбандардын балбаны экенин хандардын ханы Эсенкан эшитет да, аны өзүнө чакыртат. Көп күн кашында кармап, Манас деген балекет чыкканын, баргандын баарын жыкканын, айдап артка салганын айтат да, "эми сен барып ошол Манастын эсебин берип кел, эбин тапсаң жеңип кел, эбин таппасаң, эмне деген жан экенин билип кел" деп Алтайдагы Айдың-Көлдүн жээгине, Бай Жакып конгон жерине" жиберет. Өзүн эле жибербей жүз балбан кошуп берет, алар 900 төөгө артылган кербенчилердин кейпин киет. Манастын тоо-тоонун башына, өзөн сайдын боюна, адам турбас ашууларга, жолборс жойлогон черлерге, кыскасы, мерчемдүү жерлерге койгон кароолдору Жолойдун кербени келе жатканын аңдып билишет, биринен бирине кабар кылып, "чайчылар" дареги Манастын өзүнө жетет.
Манастын Жолойду жарадар кылышы. Урушарга жоо таппай, урунарга тоо таппай, эриккенде эрмек таппай, колу кычышып турган эр Манас, эли ишенген шер Манас колуна найзасын алып, белине кылычын асынып, айбалтасын ат жалына артынып Жолойдун жолун тосуп чыкты. Тосуп чыгат да, тоодой болгон алп адам менен, кан жыттанган Жолой менен бетме-бетке түшөт. Эчен жигиттин канына забын болгон Жолой жаш Манасты төрт бүктөп Эсенкандын алдына алып барууга атын теминип, баатырдын алдына келгенде анын эки жагынан эки жолборсун, эки ажыдаарын, төбөсүндө коштой келген алп кара кушун көрүп тайсалдай түшөт. Экөө күндөп да, түндөп да карсылдашып найза сайышып, кагыштырып кылыч салышып, айбалта менен чабышып, күрсү менен урушуп отуруп, бирин-бири жеңе албай, бирине бири там берип, бири-бирине тең экенин билишип, бир кумардан канышып, уруш деген ушундай болот деп чер жазышат. Эки балбан кармаш деген кандай болорун жарданып турган эки жаатка көрсөтөт. Акыры Жолой алдан тайып баштаганда, эми атын артка тартып качып кетүүгө шаша баштаганда Манас чапчаңдык менен аны жарадар кылат. Кан жыттанган алп Жолой шарылдап кан аккан жерин кармаган бойдон күлүк атына камчы басат да, артынан чаң чыгарып качып жөнөйт. Тогуз жүз төөсүн чай-пайы менен алтайлык түрдүү уруу, түрдүү журтка таратып берет шер Манас.
Талас облусундагы Манас ордосу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2022
Манастын хан шайланышы. Улуу баяндан беш факт
Жолойдун Кырмус ханга даттанып барышы. Манастын сүрүнөн жүрөгү түшкөн, жараат алган, жеңилиш эмне экенин билбеген Жолой качкан бойдон, артына бир бурулуп койбой Дагалак деген шаарга барат. Барат да түз эле атасына даттанган баладай ошол калаанын ханы Кырмуска кирет. Ханга аны Манаска каршы Эсенкандын өзү жибергенин айтат, Манастан көргөн кордугун, качып араң кутулганын айтат. Кырмус хан эмне демек? Баарынан кабардар экен: аны чапканы ошол Эсенкандын өзүнүн буйругу менен он бир дуу-ду баштаган жүз он миң кол баратканын айтып эптеп жайгарат. Жүз он миң колдун жакын арада Алтайга барып каларын укканда Жолой жетине албай сүйүнөт, Манастан өзүнүн өчүн алып берерине шерденет.
Жаангер кожо жана анын уулу Билерик. Жерден жер кезип, элден эл кезип, ааламды чарк айланып жүргөн, как эткен каргага, кук эткен кузгунга, көктө учкан парандага, жерде сойлогон кезендеге зыяны жок Жаангер деген кожо жашаптыр. Ал киши Ыйса пайгамбардын нак өзүнүн батасын алган экен. Жаханды кыдырып кожолук кылган, кылга кыйкым кылбаган, ак сакалы көкүрөгүн жапкан, жашы эчак эле 850дөн ашкан бул кишинин жанында зайыбы менен жалгыз баласы болуптур. Баласынан ысымы да кызык экен – Билерик деп аталыптыр. Ошол баласы 11ге келген кези экен. Касиеттүү кожо абышка зайыбы жана баласы менен жер кезип жүрсө, алдынан баягы Нескара чыгып, кой-айга койбой жоо чапкандай кармап алып, кишен салып, Дагалак шаардын башчысы Кырмустун алдына алып барат. Кырмус карап турабы, абышка менен кемпирди жолго салып, Билерикти алып калат. "Кокус мусулман журту уруш ачса ушул баланы барымтада кармап турабыз" деп ата-энесине эскертет. "Кайда барсаң, анда бар, карк алтын бооң менде бар, карап турсам туптуура душманчылык сенде бар", - деп хан Жаангер кожону душман көрүп, аны коё бергени менен баласын зынданга салат. Жаангер кожо жөн киши эмес экен. Тоого барат, талаага барат, ормонго кирет. Акыры бир какшыган чөлгө кез келет. Ошол жерден касиети менен суу чыгарат да, чаңкаган көгүчкөндөргө бир уурттам суу берип, алардын сообуна калат. Өзү болсо күнү-түнү Билерик уулун эстеп зарлайт, кудайга жалынат. Муңун угар кудайдан болдубу же соопчулук кылган көгүчкөндөрдөн болдубу, бир күнү түш көрөт. Түшүндө Кызыр алейки салам анын алдынан чыгып, "сага жардам берер бир гана киши бар, анын аты Кошой дейт, сен ошол Кошойду тапкын" дейт. Жер кезип көп жүргөн Жаангер кожо акыры жүрүп Кошойду табат, табат да ак сакалын жайкалтып, узун кирпиктерин суулантып арманын айтат. Кошой карынын айткан сөзүнө муун-жүүнүн бошотуп жардам берерин, камылга көрүп бир күнү аттанып чыгарын айтат.
Манастын Кошойго барышы. Манас баатырга Акбалта абасы айтат, туш-тушубуз душман болду, ордолуу журт кытайга тийип алдык, алардын каарына калдык, булар жөн жатпастыр, бирде болбосо бирде алар бизди чаап алар, ошону үчүн башыбызды чогулталы, муну үчүн Чеч-Дөбө деген жерде катагандын кан Кошой деген адам бар. Акылман десең акылман, баатыр десең баатыр, кыргыздар туш-тушка чачылып качканда бир ушул киши Ат-Башымдан кетпеймин деп эли менен калып калган дейт. Манас кырк жигитин ээрчитип, кан Кошойдун Чеч-Дөбөсүн мерчем кылып, Текес жерин аралап, Каркыра ашып, Ысык-Көлгө түшүп, анан бийик тоо өрдөп Чеч-Дөбөгө жете келет. Ошондо Кошой түш көрөт: түшүндө бир колунда алгыр бүркүт конуп туруптур, бир колунда өткүр кылычы бар экен. Аярларга бул түшүн жорутса, алардын бири Кудайназар алыстан Манас баатыр келет экен, ал сизге жана бизге дем-күч берет экен деп жоруйт. Куу байтал минген Кутунай деген жигити бир күнү эле Кошойдун алдына келип, сүрү күчтүү, адамдан башка, адам эмес бир дөөдөй неме келе жатканын айтып калтырып-титиреп туруп калат. Кошой ошондо дароо эле ким келе жатканын билет, көкүрөгү ысып, көөдөнү жарылып кете тургандай шашып Манасты тосуп чыгат. Эчен душмандын ортосунда калып, жалгыз өзү баарына түтүп жүргөн кан Кошой арманын айтат, күйүтүн айтат, сагынычын айтат. Манастын бир күн болбосо бир күн ушинтип келип каларына ишенгенин айтат. Эки баатыр – жаш баатыр менен кары баатыр душмандан көргөн кордуктарын, эл алдындагы түйшүктөрүн айтып, арман-бугун төгөт Чеч-Дөбөнүн башында керемет кыргыз жерине турнабай салып суктанып туруп. Анан Кошой алтайлык кыргыздарды кылкылдаган көп кытай көптүк кылып басып калбасын, элге-журтка азап салбасын, аларды көчүрүп келсең, алты айдан кийин өзүм утурлап алдыңдан чыгам дейт. Анан да ал ага чейин Кырмус шаарга элчиликке барып, ордо жаткан Билерикти, Манастын ордуна туткун болуп кеткен Жарманас деген жигитти куткарып келүүнүн амалдарын ойлоп табарын айтат. Экөө төшүн төшкө тиреп, далыларын таптап, бири кетет Алтайга, бири анын карааны көзгө илешпей калганча Чеч-Дөбөдө каректерин кадаган бойдон ага амандык тилеп туруп калат...
Кыргызский богатырь Манас - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2022
Манастын Нуукер менен согушу. Улуу баяндан 5 факты
Жаңылыктар түрмөгү
0