Кайын журтка жүгүнүү салтын киргизген Карабөрк. Манас баянынан 5 факт

Төлгө спектакли. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2022
Жазылуу
Улуу баянды Манастын Карабөрккө үйлөнүшү, баатырдын ага чейинки эрдиктери менен улантмакчыбыз.
Кошойдун Жаангер кожонун уулу Билерикти бошотуу үчүн жөнөшү. Ат-Башынын Чет-Дөбөсүнө Манастан мурда Кызыр алейки саламдын акылы менен барып, туткунда калган баласынын жөн жайын айтып Жаангер кожо жардам сурап келбеди беле. Эми анын ишин аткаруу нообаты келди баатыр Кошойго, балбан Кошойго. Зайыбы Арууке жанда жок акылман, ургаачынын тазасы, алдын ала көрө билген аял экен. Барбалаңдаган Кошойго бир нече акылын айтат: алтымыш миң аскериң менен Кырмус ханга согуш ачып ийбегин, андай кылсаң Билериктин тагдырына балта чапкан болосуң дейт, колуңду эргештирбей Кашкар шаарга калтыр, андан ары өзүң жалгыз жөнө, жаныңда сака, чүкө, тарамыш гана болсун, болгондо да көп эле болсун, ошолорду калтаңа салып, кытай думанасына окшоп кийинип, кыргыздыгың билинбей жол жүргүн дейт. Кошой ошентет, баатырлыгын билдирбейт, алп адам экенин элес алдырбайт да сапарын андан ары улайт.
Кошойдун жолдогу эрдиктери. Баатыр бир жерге келсе, ал жерде бир дөө бар экен. Ары өткөндү да, бери өткөндү да сыйкырдуу сакасы менен атып өлтүрүп, жасатын карга-кузгунга талатып бул жерди өзү жалгыз байырлаптыр. Жан адам жакын келе албаган жерге Кошой келип, жылаңач отуруп алчу сакалуу дөөнү жеңип, эчендин тарпын чыгарган дөөнүн өзүнүн тарпын чыгарат. Андан ары барса бир кыз биябан чөлдү мекендеп, суу куюлган кумганын көтөрүп төө кайтарып жүрүптүр. Төөчү кыз төөчү эмес эле сыйкырчы экен, жолоочуларга жолугары менен тарамыш сурачу адаты болуптур, тарамышы жок болсо ал адамды сыйкырлап кумгандагы суусуна чөктүрүп өлтүрчү экен. Бул он беш жашар кызды да Кошой тарамышы менен жеңет. Ороңгунун сиңдиси Кубангер менен кармашып, ага баатыр мүчөсүн көрсөтүп, бирине бири ылайык келип, аны аял кылып алат. Дагы бир жерде Көбөк деген чал байырлап туруптур. Жанда жок сыйкырчы экен, минген аты да сыйкырдуу жаныбар болуптур. Эч ким жеңбеген, астынан тирүү жан чыкпаган сыйкырдуу ат минген сыйкырчы Көбөктү да Кошой келбес жайга кетирет. Булардан соң Кошойго Кырмустын шаарына барууга жол табылат.
Билерикти бошотуу. Адегенде аярлай Билерикти билгизбей алуунун жолун издеп, Кырмус хандын тууганы деп, Кырмуска барчу жолдун тоому деп, Мунар деген адам өкүмүн салган калаага келет да, ошол жерде думана болуп жүрүп зынданда жаткан Жаангер кожонун жалгыз уулу Билерикти бошотуп ээрчитип чыгат. "Кытай думана" сурап-сурап отуруп, чарчабай да, чаалыкпай да жол жүрүп Кырмустун хан сарайын табат. Кыйла күн байкап-баамдап жүрүп, бир күнү Кырмус хандын жаткан жайына кирип, аны да тындым кылат. Терисин билдирбей сыйрып, өзүнө ошол терини кеп кылып кийип, Кырмустун хан тагына отуруп алып, жарлыктарын жарыя кыла баштайт. Акырын шыбырап Билерикти Кашкарда калган алтымыш миң колун мында ээрчитип келүүнү айтат. Кошойдун колу келет, алардын ичинде Бакай да кошо келет.
Талас облусундагы Манас ордосу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2022
Манастын хан шайланышы. Улуу баяндан беш факт
Манас Кошойго кеткенден кийинки окуялар. Эми кайра Жакыптын элине келсек. Манас Кошой абасын издеп, андан кеңеш сурайын деп Чеч-Дөбөгө кетпеди беле. Ошол кезде кытайлар дагы козголот. Жолой менен Дөөдүр деген Эсенкандын ишенген баатырлары Манастан жеңилип, ыза болуп түз эле ханына барганда каарданган Эсенкан экөөнү тең тилдеп, өлтүрөм деп коркутуп, бу Манасы кандай неме деп жаны чыгат. Эми анын ишенгени Манасты таш-талканын чыгарууга бараткан он бир дуу-дуунун көп аскери. Алар узун жолдо баш-аягы көрүнбөй, жүргөн жерин такырайта Алтайга келе жаткан жолдо сары ногойлордун элине тушугат. Булардын эл башчысы кадимки бала баатыр Манастын таятасы Эштек деген экен, ага эки миң үйлүү сары ногой эли карайт. Эштек эр экен, эрден өтүп шер экен, келе жаткан душмандын жолун Канар тоонун капчыгайынан тосуп, бири-бирин кууш капчыгайда маташып, токсон төрт күн урушат. Бирине бири чеп болуп турушат. Урушканда да адам өлүгү тоо болот, Эштек журту баскынчылардын шаштысын алат. Ошол кезде таятасынан кабар алганы Манас баатыр келе жаткан. Жанында аз гана жигиттер эле. Бала баатыр бул жерде кытайлардын черүүсү бар экенине көзү жетет да, элине аскер курап келүүгө чабаган жиберет. Сегиз күнү жол жүрүп, жол жүргөндө мол жүрүп Манастын колу да жете келет. Тар капчыгайдын бир оозунан Эштектин сары ногойлору тосуп, кытайларды чыгара койбой жатса, экинчи башынан Манастын көп аскери матап кирет. Ортодо же алга кете албай, же артка чегине албай калган кытайлар ачкалыктан бүт жан азыктарын түгөтөт, анан аттарын союп жешет, тирүү калбашына көздөрү жеткенде өздөрүн өздөрү өрттөп, өз өмүрлөрүнө өздөрү кол салат. Ушу кезде ың-жыңсыз боло калган душмандын абалын байкап келгенге Эштектин уулу Жамгырчы капчыгайды аралай жүрүп, Манастын кошунуна жолугат. Манас да бир жагынан келип, кытайлардын жегенден калган жылкыларын олжолоп айдап кеткени жаткан эле. Жамгырчысын издеп чыккан Эштек да келип, жылкы айдап кетмекчи болгон Манас менен чабыша кетет. Бир кыйла чабышып, сайышып, кыйла өткөн соң Эштек баатыр бет келип аткан душманы кытайлар эмес эле өзүнүн небереси Манас экенин билет. Көрүшпөсө ушул да. Экөө бири-бирин билип, бир мунасага келип, таята менен жээн бала болуп кытайларды аралап барса, алардын баары кырылып калган экен.
Манас менен Кошойдун Дагалак шаарында кездешиши. Дагалак шаарындагы Кырмус ханды өлтүрүп ордуна хан болуп калган кезинде Кошойго Манас барып жолугат. Анан алар Кытайдан чыккан балбан, баатыр Дүбүрө деген ханын көздөй жөнөшөт. Бир жерге жеткенде чарчаган кол тыным алат, Кутубий баш болгон кыл мергендер уу кыла турган жер экен деп аңчылыкка кетет. Кийик уулап жүргөн мергендер Адамдүк деген дөөнүн колуна түшүп калат. Ал колго оңой тийген немелерди кошоктоп койчосунан айдап алып өзүнүн үңкүрүнө камап салат. Жалгыз көздүү немеден корккон мергендер бири-бирине корголойт, качайын дейт, дөөнүн эки чайнап, бир жутуп коюшунан коркот. Адамдүк колуна түшкөн мергендерди бир четинен жеп кирет. Ошондо мергендин мергени Кутубий аңдып туруп Адамдүктүн жалгыз көзүнө атып, карегин агызат, калгандар туш тараптан аткылап атып, акыры аны жыгат. Үңкүр-үйүндө байлоодо жаткан адамдар бар экен, мал бар экен, дүйнө-мүлк бар экен. Аларды азат кылат. Манастын колу анан Дүбүрө кандын колу менен беттешет, көптө барып аларды жеңет. Анан Даңгу шаарын ээлеп жаткан Кайып деген даңдын аскерлери менен урушуп, өлүм мол болуп, байлык да көп чогулуп, даңгулуктар шаарын таштап качып жөнөй берет. Ошол Кайып даңдын Карабөрк деген кызы бар экен, жаземдебей жаа тарткан, ат жалында баратып эле далай эрди эңкейип туруп жүрөккө аткан кыз экен. Карабөрк кыргызга кыргын салып кирет, бир жолу аткан жаа огу Бакайга да тиет. Бу кыздын согуш өнөрүнө кызыгып Манас баатыр ага жакын барып, бирок урушка кирбей, сулуулугунан өзүн жоготуп, ушул кызды аял кылып алууга шерт коёт. Манастын сунушуна Карабөрк караманча каршы чыгат, атамды өлтүргөн душманга кантип тием деген жообун айтат туткунда жатса да. Ошол кезде Кайып даң өлбөгөнүн, тирүү бойдон колго түшкөнүн билет да, кызы Манаска аял болууга макулдугун берет. Даңгу эли менен Манастын эли достошуп, Кайып чоң той берип, Манас Карабөрккө үйлөнөт. Күйөө балага не бир замандар бою тамшанып айтылып келген атактуу боз үйүн тартуу кылат Кайып кайната. Карабөрк сулуу колуна тийген баатыр Алтайга барат, кыргыздарга Карабөрк келин кайната, кайнагадан качуу, улууларга жүгүнүү салтын киргизет.
Манас ордосундагы эстеликтер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2022
Манастын Жолойду жарадар кылышы. Кошой менен табышуусу. Улуу баяндан 5 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0