Жакшы акча таппай калгандан бери үй-бүлөмдүн мамилеси өзгөрдү. Эркектин каты

© Фото / Pexels/ Tim SamuelАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына жумушунан айрылып көп акча таппай калгандан бери аялы менен балдарынын алдында аброю түшкөнүн айтып, эркек киши кат жазды.
— Саламатсыздарбы! Менин жашым элүүгө келип калды. Азыр туруктуу жумушум жок. Бирок шаарда үйүбүз бар. Аялым иштейт, маянасы жакшы. Эки уул, бир кыздын ата-энесибиз. Мен учурда такси айдайм. Үйгө күнүмдүк тамак-ашты көтөрүп келем. Ден соолугума байланыштуу туруктуу жумушуман чыгып калганыма беш жылдын жүзү болду. Дарыгерлер кесибимди алмаштырууну сунуштаган. Ошондон кийин өзүмө ылайык жумуш таба албай койдум. Балдарым чоңоюп калды, азыр улуусу университетти бүттү. Ал үй-бүлөлүк бюджетке жүгүн салбайт. Өз көйгөйүн өзү чечет. Ал эми экинчиси студент, үчүнчүсү 9-класста окуйт. Иштебей калгандан бери үй-бүлөмдүн мага болгон мамилеси өзгөрдү. Аялдын кандай экени күйөөсү акча таппай калганда билинет деген чын экен. Иштебей калгандан бери үйдө аброюм кете түштү. Башында жумуш таппай жарым жылдай бош жүрүп калдым. Ошондо аялым кадимкидей жаман көрө баштады. Мага сөзү чоң болуп, балдарды да мага каршы кое баштады. Экинчи баламдын окуусунун акчасын аялым төлөп калып жатат. Өткөндө эле ошонун айынан үйдө уруш болду. Аялым балдардын көзүнчө "сен ата деле болуп жыргатпайсың. Элдин эркектериндей үй-бүлөңдү тыңыраак камсыздай албайсың" деди. Аны уккан балдарым кандай ойдо калды? Анан кантип мени сыйламак эле? Буга чейин балдарымдын окуусун төлөгөнгө кудуретим жетчү.
Азыр үй-бүлөмө абдан таарынып жүрөм. Бирок аныңды аялың түшүнбөгөндөн кийин балдарың байкабайт да экен. Баштарын да оорутпайт. Абдан ыза болдум. Кызым мектепте жакшы кийинбей калса же бир нерсеси кем боло түшсө тултуңдап калат. Балдарым мени менен атасы катары кеңешпейт. Апасы менен макулдашып иш кылышат. "Булар үчүн акча тапкан эле ата керекпи" деп кейип жүрөм. Мындан ары үйдө өзүмдү кантип алып жүрүүнү да билбей калдым.
Психолог Гүлнара Жасоолова:
— Толук кандуу үй-бүлөгө кирет экенсиздер, жашооңуздар деле жакшы экен. Бирок үйдө түшүнүшүү болушу керек. Ошондо үй-бүлө чынында толук кандуу болот. Жубайыңыз менен акчанын айынан ыйкы-тыйкы болгонуңуздар балдарга терс таасирин тийгизет. Алардын тарбиясына кедерги болот. Балдарыңызга таарынганыңыз бир аз жөнсүз. Анткени бул сиздин жеке оюңуз. Мүмкүн жакшы жумуш таба албай жатканыңыз үчүн өзүңүздү күнөөлөп алардын мамилесин өзүңүзгө алып жаткандырсыз. Улуу балаңыз каражат таап калыптыр. Эми экинчи уулуңуз да балким өз алдынча болуп кетер. Ошондуктан ачык эле сүйлөшүп оюн билип, абалыңызды түшүндүргөнүңүз жакшы. Үй-бүлө баалуулуктары материалдык дүйнөгө барып такалбайт. Ортодо бири-бирин түшүнүү, колдоо болушу керек. Өзгөчө жубайыңыз менен тыгыз мамиледе болушуңуз керек. Өзүңүздү күнөөлөп отура берсеңиз акыры депрессияга алып келет. Үй-бүлөдө чыңалуу пайда болот. Андан көрө аялыңызга жылуу мамиле жасай бериңиз, эркелетиңиз. Маселени ачык талкуулап алыңыз.
Баарлашкан кыздар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Бир тууган эжем деп жүрсөм, ал апам болуп чыкты. Асырап алган кыздын каты
Жаңылыктар түрмөгү
0