Токтогулда Lexus-470 Чычкан суусуна түшүп кетти. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРЧычкан дарыясына жол тандабас унаа кулап түшкөн
Чычкан дарыясына жол тандабас унаа кулап түшкөн - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2022
Жазылуу
Автоунаанын ичинде беш адам болгону айтылды.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Токтогулда Lexus-470 үлгүсүндөгү унаа Чычкан суусуна түшүп кеткен. Бактыга жараша, адам өлүмү катталган жок. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба МЧС КРПадение внедорожника в реку Чычкан
Падение внедорожника в реку Чычкан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2022
Билдирмеге караганда, кырсык 2-июнда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек — Ош унаа жолунун 275-чакырымында катталган.
"Автоунаанын ичинде беш адам болгон, анын ичинен экөө жеңил жаракат алып, Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Каза болгондор жок", — деп айтылат маалыматта.
Кырсык болгон жерге ӨКМдин беш куткаруучусу, бир жүктөгүч жана ИИМден бир экипаж тартылып, автоунааны суудан чыгарып ээсине өткөрүп беришкен.
Чүйдө 70 жаштагы аялды айдоочу сүзүп кетти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2022
Чүйдө 21 жаштагы айдоочу сүзүп кеткен аял кырсык болгон жерде көз жумду
Жаңылыктар түрмөгү
0