Көгүлтүр экрандагы 51 жыл. Айтылуу диктор Бактыбек Мамытов тууралуу 7 факты

© Фото / сайт КТРКБелгилүү диктор, КРдин эл артисти Бактыбек Мамытов. Архивдик сүрөт
Белгилүү диктор, КРдин эл артисти Бактыбек Мамытов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Жазылуу
Белгилүү диктор, КРдин эл артисти Бактыбек Мамытов узакка созулган оорудан улам 72 жашында дүйнө салды. Таланттуу инсан өмүрүн телерадиого арнап, жаңылыктарды эле 25 жыл алып барган.
Бүгүн, 21-майда, бул таланттуу инсан жерге берилди... Sputnik Кыргызстан агенттиги окурмандарга КРдин эл артисти, жогорку категориядагы диктор Бактыбек Мамытовдун өмүрү, чыгармачылыгындагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Өз атасын байке деп чоңойгон. Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында жарык дүйнөгө келген. Ал үйдүн тун уулу болгондуктан ата-энеси аны чоң энесинин колуна беришкен. Мындан улам бала кезинде өз атасын байке, апасын Сакен деп атынан айтып чоңойгон. Кичинекей Бактыбек 4-класска чейин өз айылында окуп, кийин 8-класска чейин 3,5 чакырым алыстыктагы кошуна айылга жөө барып билим алган.
Окууга өтпөй калган жылдар. Элеттеги мектепти бүткөн соң Кыргыз улуттук университетинин филология факультетине тапшырып өтпөй калат. Көксөгөнүнө жетпей жүргөн жаш жигит айылдагы мал сарайда жазында сакмалчы, жайкысын тоодо куруучу болуп иштеп, үч-төрт айдай айылдык клубду, спорт секторун жетектеп калган. Бирок өжөр Бактыбек максатынан тайбай, жыл сайын экзамен тапшырып жүрүп төртүнчү жылы гана студент болгон.
Алгачкы жолу обого 21 жашында чыккан. Жогорку окуу жайда билим алып жүргөндө телерадиодо алып баруучулукка сынак жарыяланат. Коңур үндүү жаш жигит ага катышып өтүп кетет да, 21 жашында радионун босогосун аттайт. Алгач радиоэфирлерге чыгып, кийин теледе өз дараметин сынайт. "Ага чейин мага теле же радиодо иштеп калам деген ой такыр келбептир. Кичинекей кезде техника анча өнүгө элек болгон. Биз дөңгө чыгып алып райондун борборуна орнотулган радиону угуп отурчубуз. Ошондо үналгыда иштегендер атайын алып баруучулук, дикторлук үчүн жаралган адамдардай сезилип, аларга аябай суктанчумун. Тагдыр мени кийин ошол тармакка алып келип, ал залкарлардын айрымдары менен иштешип калдым. Акырын аралашып эфирге чыгып, акын, жазуучу болом деген тилекти унуттум. Күнү-түнү ысыкта, суукта калып, концерт, фестивалдарды алып барып, теледе жаңылыктарды окуп жүрдүк", — деген ал.
© Sputnik / Мирбек СакеновИзвестный диктор, заслуженный артист КР Бактыбек Мамытов
Известный диктор, заслуженный артист КР Бактыбек Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Известный диктор, заслуженный артист КР Бактыбек Мамытов
Телеге арналган өмүр. Таланттуу инсан Аблезим Ниязов, Жолдубай Кайыпов, Сатыбалды Жээнбеков, Тамара Алсеитова, Тамара Жаманбаева, Роза Рыскелдинова, Гүлшан Молдоева менен көгүлтүр экранга чыгып, теледе жаңылыктарды эле 25 жыл алып барган. Кийин бир топ жаштарга жол көрсөтүп, өлкөнүн башкы телеканалында жалпысынан жарым кылымдан оой, тагыраагы, 51 жыл эмгектенген.
Саясатты жаман көргөн. Диктордун кесиптештери, шакирттери Бактыбек Мамытов адамгерчилиги бийик, жакшы сөзүн аябаган, артынан жаман сөз ээрчитпей баарына бирдей мамиле кылган үлгүлүү адам болгонун эскерет. Өзү да талаш-тартыш, ызы-чуудан оолак болуп, саясатты жаман көрөрүн айтып калган жайы бар.
© Фото / сайт КТРКИзвестный диктор, заслуженный артист КР Бактыбек Мамытов
Известный диктор, заслуженный артист КР Бактыбек Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Известный диктор, заслуженный артист КР Бактыбек Мамытов
Машина айдап, велосипед тебе алчу эмес. Даңк медалынын ээси өмүрүндө автоунаа, велосипедге кызыгып аларды башкарган эмес. Техникадан алыс диктор компьютерди да жакшы колдоно алган эмес.
Беш баланын атасы. Көп жыл КТРКда "Арноо концертин" алып барган чыгармачыл инсан акындык өнөрдү да кошо алып жүргөн. Обонго салынган айрым чыгармаларын ырчылар аткарышууда. Жеке жашоосунда өмүрлүк жары Жамийла Омокеева менен студент кезинде баш кошуп, кийин чогуу иштешкен. Жубайы радиодо 19 жыл режиссёр болгон. Экөө 49 жыл бирге түтүн булатып, үч уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн.
Белгилүү алып баруучу, диктор Бактыбек Мамытов небереси менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2020
Байбичем бир өлүмдөн сактап калган. Айтылуу диктор Бактыбек Мамытов менен маек
Жаңылыктар түрмөгү
0