Бүгүн КРдин эл артисти, "Даңк" медалынын ээси 70 жашка толду. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курганча туулган күнү менен куттуктап келди.
— Туулган күнүңүз менен, агай! 70 жаш кандай курак экен?
— Өзүм деле бул куракты сезбей турам. Анан тааныштар, күйөрмандар чалып куттуктаса "70 жашка келип калган турбаймынбы" деп жатам. Азыр карыдым-арыдым дебейм, өзүмдү андай сезгим келбей турат. Ар бир курактын өзгөчөлүгү бар экен да. Мисалы, өмүрдөгү эң бактылуу учур балалык эмеспи. Тегерегиңде ата-энең, бир туугандарың, эл-журтуң бар, өзүңөн эч нерсе аябаган көйгөйсүз маал. Ошондой эле карылыктын дагы өзгөчөлүгү бар экен. Бала кезде кыялданган нерселерди эстеп, көп нерсеге жетишип, артты кылчая карап жыйынтык чыгарып калат экенсиң. Куда-сөөк күтүп, небере көрүп, алардын чайын ичип бакубат жашап, айтор, бул курактын өзүнүн ырахаты бар экен. Неберелерим мага аябай жакын, үйгө барсам жаныман чыкпайт, ээрчип жүрөктү элжиретет. Азыр балдардын, неберелердин, карылыктын баркын билип турган учурум. Ушул көз ирмемдер узак болуп, алардын сый-урматын көрүп, эл менен бирге болсом дейм.
— Үй-бүлөңүз жөнүндө кеп кылалык. Ушул жашка келип, азыркыга чейин иштеп жатканыңызда байбичеңиздин эмгеги зор болсо керек?
— Окууга экзамен тапшырганда Жамиланы көрүп жактырып калып, студент кезде баш кошком. Кудайга шүгүр, 47 жылдан бери бирге түтүн булатып, уул-кыздарыбыздын урматындабыз. Бир кезде ден соолук начарлап калды. Ошондо дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Алардын жазган дарысы, койгон диагнозу өзүнчө кеп экен. Ал эми андан ары улантып кетүү өмүрлүк жарыңдын колунда болот экен да. Чынын айтканда, мага жөлөк-таяк болуп жүрүп байбичем мени бир өлүмдөн алып калды. Андыктан ал кишиге ыраазымын, сыйлайм, ага арнап көп ырларды жазам. Азыр менин башкы дарыгерим — өмүрлүк жолдошум. Ал киши мени жакшы билет, айрым учурда ак халатчандар менен да талашып-тартыша кетет.
— Теле жана радиодо эмгектенгениңизге жарым кылым болуп баратат. Бул убакыт аралыгында ар кандай нерсе болсо керек?
— Эми пендечиликте болбой койбойт экен. Негизи мен Коомдук телерадиоберүү корпорациясына келгенде эле өз ордумду тапкандай болгом. Башында эле аркы-берки жактарга аралашпай иштейм деп өзүмө сөз бергем. Көңүлдү түшүрүп, уруш-талаш болсо эртеси эле унутулуп калат. Андай учурларды эстеп дагы кереги жок. Себеби ал дагы ден соолукка өз таасирин тийгизет. Эң негизгиси — жакшы жашап, ишиңди кылып, эл менен болуу керек. Ошондуктан андай учурларды эстегим келбейт.
— Союз учурунда, кийин Кыргызстан эгемендүүлүк алганда да чоң маараке, иш-чараларды алып барып жүрдүңүз. Эл алдында жүрүү оорбу?
— Аябай оор. Башында ишенчү эмесмин, кийин өзүмдүн башыман далай өттү. Эл алдына чыккандан кийин өзүңдү оор сезип, шалдырап, үйгө жетип эле сулап жатып каласың. Ошол маалда башка оорулар да чыга баштайт. Көпчүлүктүн арасында түрдүү көздөр болот. Бирөөсү жакшы көрүп карайт, дагы бири жаман көрүп көз салат. Иш-чара, мааракеден кийин кыйналып калчумун. Бир жолу көз тиет дегенге өзүм күбө болдум. Президент Аскар Акаев Түркиянын башчысы Сулейман Демирелди тосуп алып, Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында чоң концерт өттү. Зал көрүүчүлөргө толуп, эл алдына Самара Токтакунова эже кичинекей комузчу кыз менен чыгып, алар кыргыздын укмуш күүлөрүн чертип, мамлекет башчылары туруп алып 5-6 мүнөт кол чабышты. Бир аз убакыт өткөн соң сахна артында элдер дүрбөлөңгө түшүп калыптыр. Карасам тиги кыз жакшынай эле туруп эс-учун жоготуп, бети-башы көгөрүп кетиптир. Дарыгерлер чакырылып, ооруканага алып кеткен. Айрыкча жаштарга бат эле көз тийип калат экен. Азыр ошол кыз белгилүү комузчулардын бирине айланды.
— Жаш кезиңизде төрт жыл жогорку окуу жайга өтө албай, жыл сайын аракет кылган жайыңыз бар экен...
— Сиз автоунаа айдай албайт экенсиз, дагы эмне кыла албайсыз?
— Жогорку окуу жайга тапшыра албай айылда бош жүрүп калганда мен курактуу балдар атайын курстан өтүп айдоочу болуп кетишкен. Мен ага такыр кызыга алган жокмун. Жада калса велосипед тепчү эмесмин, азыр компьютерди колдоно албайм. Өмүрүмдө тамеки такыр чеккен жокмун, жаш кезде аракка да жолободум. Ичимдикти кийин кыргыздардын той-топурунда кичинеден алып коюп жүрдүм, ал деле сыйлап, кичине кыйнаган учурда эле.
— Бизде белгилүү адамды жумушка чакырып, ага кызмат сунуштаган учурлар болот эмеспи. Сизди бир жерге чакырып жүрүштүбү?
— Бир-эки жолу мамлекеттик кызмат ордун сунуштаган учур болду. Мен шак эле "андайга кызыкпайм" деп жооп берип жүрдүм. Себеби менин табиятым андай эмес, башкалардай болуп карьера да жасай албайм. Негедир колумдан келген чыгармачылыкка илешип жүргүм келди.
— Соңку сурообуз болсун, эл-журт сиздин эмгегиңизди бааладыбы?
— Биздин өмүр угарман, көрүүчүлөр менен өтүп, эл арасында жүрдүк. Жазган айрым каттары азыркыга чейин сакталуу. Чын жүрөгүнөн кубанычы менен тең бөлүшүп, арманын айтып жазгандар да болду. Азыркыга чейин жумушка келип алкоо сөздөрүн, көйгөйүн айтып, жыл сайын туулган күнүм менен куттуктап, бирдик салып тургандар да бар. Бир учурда ден соолугум кичине начарлап кеткенде Баткенден өрүк, Ат-Башыдан сары май, бал, кымыз салып жиберген апалар да болгон. Ошол учурда аябай ыраазы болосуң. Элдин уулу экенмин деп кубанып, дем-күч алчумун. Кудайга шүгүр, элдин кызматында болуп сыйлыктардын көпчүлүгүн алдым.