https://sputnik.kg/20220521/kazakstan-torot-uju-100-ayal-ehvakuaciya-1064584710.html
Казакстан: жарылуудан кийин төрөт үйүнөн 100дөн ашык аял эвакуацияланды
Казакстан: жарылуудан кийин төрөт үйүнөн 100дөн ашык аял эвакуацияланды
Жарылуудан коопсуздук кызматкери каза болуп, төрөтканадан 100дөн ашуун аял эвакуацияланган. 21.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-21T17:32+0600
2022-05-21T17:32+0600
2022-05-21T17:33+0600
казакстан
чымкент
жарылуу
төрөт үйү
эвакуация
/html/head/meta[@name='og:title']/@content
/html/head/meta[@name='og:description']/@content
https://sputnik.kg/img/103312/32/1033123298_0:0:5795:3260_1920x0_80_0_0_9458e73625f15abe3e5675737f59fba5.jpg
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Чымкенттеги төрөт үйүнүн жанында жарылуу болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттигинин Telegram-каналы кабарлады.Жарылуу "Межбольничная 138 аптека" ишканасына таандык имаратта болгон. Дарыкананын имараты талкаланган. Анын ээсинин айтымында, аталган жайда 2 тоннага жакын суутектин кычкылы сакталган. Кырсыктан коопсуздук кызматкери көз жумган, алдын ала берилген маалыматтар боюнча, ал 48 жашта болгон. Окуядан кийин Чымкенттин төрөт үйүнөн толгоо тартып жаткан жана жаңы төрөгөн 100дөн ашуун аял эвакуацияланган.Кызматкерлер менен бирге алар башка төрөт үйүнө которулганын Тез жардам бөлүмүнүн башчысы Мадияр Жакшыбаев брифингде билдирди. Жарылуунун эпкининен жабыркаган жакын жайгашкан беш кабаттуу үйдүн жашоочулары да коопсуз жайга көчүрүлгөн.
https://sputnik.kg/20220320/kazakstanda-tetstin-tutugu-urap-tushkon-video-1063003869.html
казакстан
чымкент
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103312/32/1033123298_638:0:5795:3868_1920x0_80_0_0_2d752a6473a847c7f458e02c86d017f5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
казакстан, чымкент, жарылуу, төрөт үйү, эвакуация
казакстан, чымкент, жарылуу, төрөт үйү, эвакуация
Казакстан: жарылуудан кийин төрөт үйүнөн 100дөн ашык аял эвакуацияланды
17:32 21.05.2022 (Жаңыртылды: 17:33 21.05.2022) Жарылуудан коопсуздук кызматкери каза болуп, төрөтканадан 100дөн ашуун аял эвакуацияланган.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Чымкенттеги төрөт үйүнүн жанында жарылуу болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттигинин Telegram-каналы кабарлады.
Жарылуу "Межбольничная 138 аптека" ишканасына таандык имаратта болгон. Дарыкананын имараты талкаланган. Анын ээсинин айтымында, аталган жайда 2 тоннага жакын суутектин кычкылы сакталган. Кырсыктан коопсуздук кызматкери көз жумган, алдын ала берилген маалыматтар боюнча, ал 48 жашта болгон. Окуядан кийин Чымкенттин төрөт үйүнөн толгоо тартып жаткан жана жаңы төрөгөн 100дөн ашуун аял эвакуацияланган.
Кызматкерлер менен бирге алар башка төрөт үйүнө которулганын Тез жардам бөлүмүнүн башчысы Мадияр Жакшыбаев брифингде билдирди. Жарылуунун эпкининен жабыркаган жакын жайгашкан беш кабаттуу үйдүн жашоочулары да коопсуз жайга көчүрүлгөн.

20 Жалган Куран 2022, 22:38