Евразийский экономический форум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Евразия экономикалык форуму
Бишкекте Евразиялык экономикалык форум өтүүдө. Ага 15 өлкөдөн 2,5 миңге чукул киши келди. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтүп, өнөр жай, электрондук соода, энергетика, транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча 6 панелдик талкуу болот. Форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.

Sputnik Евразия экономикалык форумдун эл аралык маалыматтык өнөктөшү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik агенттигинин логотиби. Архив
Sputnik агенттигинин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2022
Жазылуу
Форумдун жүрүшүн Sputnik Кыргызстан, Sputnik Армения, Sputnik Беларусь, Sputnik Казакстан, Sputnik Өзбекстан чагылдырат.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik маалымат кызматы. Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу 26-майда Бишкекте өтө турчу Евразия экономикалык форумдун эл аралык маалыматтык өнөктөшү болду.
Жетишилген кызматташтыктын алкагында форумга катышкан беш мамлекеттин редакциялары — Sputnik Кыргызстан, Sputnik Армения, Sputnik Беларусь, Sputnik Казакстан, Sputnik Өзбекстан иш-чаранын жүрүшүн чагылдырат.
Форумду сапаттуу чагылдыруу үчүн бул күнү Бишкектеги редакциянын маалымат борбору, мобилдик көчмө студиясы иштейт. Ошондой эле эл аралык форумдун жүрүшүн көрсөтүү ишине сайттын кыргыз, орус редакцияларынын кабарчылары, радио алып баруучулар, фотокабарчылар жана видеооператорлору тартылган.
Ыкчам, аналитикалык маалымат, макала, подкаст, видео, сүрөт sputnik.kg, ru.sputnik.kg сайтынын эки версиясына тең жарыяланып турат.
Бишкекте өтчү Евразия экономикалык форумуна катышуу үчүн 1700дөн ашуун адам катталганы айтылды. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден башка Түштүк-Батыш Азиядан, Ирандан, Кореядан, Молдовадан жана Венесуэладан табыштама келип түшкөн.
Sputnik — 32 тилде жарык көргөн мультимедиалык интернет-сайттардан турган эл аралык ири ЖМК. Ал өзүнө дүйнөнүн 90дон ашык шаарларында жана интернетте орус, англис, француз жана башка тилдерде сүйлөгөн радиолорду камтыйт.
Ал эми Sputnik жаңылыктар түрмөгү англис, араб, испан, кытай жана фарс тилдеринде окурмандарга күнү-түнү маалымат жеткирип турат. Sputnik маалымат ресурсунун окурмандарынын саны айына 60 миллиондон ашат. Sputnik China аккаунтунун Sina Weibo социалдык тармагындагы катталуучулардын саны 9 миллиондон ашты. Дүйнө жүзү боюнча Пекинден тарта Монтевидеого чейинки 22 редакциялык борбордо ондогон улуттагы миңден ашык адам эмгектенет. Sputnik "Россия сегодня" медиатобунун курамына кирет. Башкы кеңсеси Москва шаарында.
ЖКККББ автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2022
Евразия экономикалык форуму
Евразия форуму өтчү күнү Бишкекте көчөлөр жабылат. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0