Евразийский экономический форум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Евразия экономикалык форуму
Бишкекте Евразиялык экономикалык форум өтүүдө. Ага 15 өлкөдөн 2,5 миңге чукул киши келди. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтүп, өнөр жай, электрондук соода, энергетика, транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча 6 панелдик талкуу болот. Форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.

Евразия форуму өтчү күнү Бишкекте көчөлөр жабылат. Тизме

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖКККББ автоунаалары. Архив
ЖКККББ автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2022
Жазылуу
Исраилов "Коопсуз шаардын" камералары кандай иштээрин да түшүндүргөн.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. ЖКККББ начальниги Азамат Исраилов Евразиялык экономикалык форум учурунда кайсы жолдор жабылып, кандай чектөөлөр болорун маалымат жыйын учурунда билдирди.
Белгилей кетсек, форум 26-майда Бишкек шаарында өтөт. Исраилов жол кыймылына чектөө канча күн кирерин так айткан эмес.
"Жолдор узак убакытка жабылбайт, кортеж өткөн маалда гана тосулат. Иш-чара жумуш күнүнө туура келгендиктен, азыртан даярдык көрүп жатабыз. Көчөлөр кыска убакытка гана жабыларын эскертип коёюн", — деди Исраилов.
Анын айтымында, негизги маршрут "Манас" аэропортунан башталып Бишкектин Жибек жолу, Жаш гвардия, Чүй, Айтматов проспектилерине чейин созулат. Мындан тышкары, Абдрахманов көчөсү запаста.
"Бул көчөлөрдү кесип өтчү автоунааларды кыска убакытка, мисалы, 5-10 мүнөткө коё берип турабыз", — деди ал.
Исраилов көпчүлүк "Коопсуз шаардын" камералары ал күнү кандай иштээрин сурап жатканын белгилеген.
"Мындай иш-чаралар болгон күндөрү жол кыймылы кол менен жөнгө салынат. Ошол себептен айдоочулар кыймылды көзөмөлдөп, жөнгө салган кызматкерге баш ийиши керек. Мында жол чырактын кызыл түсүнөн өтүп кетүү сыяктуу эреже бузууларга айып салынбайт. Айрым учурда камера каттап калышы ыктымал. Эгер ошол күнү айып жазылып калса, айдоочу мониторинг борборуна кайрылышы керек. Белгилей кетсем, мындай эреже делегация өтчү жолдордо гана колдонулат", — деген ал.
Буга чейин ЖКККББнын маалымат кызматы 26-27-майда Бишкек менен Чүйдө жол кыймылына чектөө киргизилерин эскерткен. Евразия экономикалык биримдигине быйыл Кыргызстан төрагалык кылат.
Евразия экономикалык форумун катышчуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2022
Евразия экономикалык форуму
Бишкектеги Евразия форумуна катышууга 1700дөн ашуун адам катталды
Жаңылыктар түрмөгү
0