Тарыхка кайрылып... Бишкекте өтчү "Музейдеги түн" иш-чарасынын программасы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги "Музейдеги түнү". Архив
Бишкектеги Музейдеги түнү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
Жазылуу
Улуттук тарых музейи конокторду тарыхый образда келүүгө чакырды.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бишкек мэриясынын маалымат кызматы "Музейдеги түн" иш-чарасынын программасын жарыялады.
Эске салсак, Эл аралык музейлер күнү 18-майда белгиленет.
Бул күнү Улуттук тарых музейинде театрлаштырылган акция болору айтылды.
"Күн батканда музейдин көргөзмөсү жанданып, аңчылык, жандуу аскердик салгылашуулар, улуттук оюндар көрсөтүлөт. Тарыхый каармандар музейге келгендерди таң калтырат", — деп жазылат маалыматта.
Улуттук тарых музейи иш-чара саат 18:00дөн 23:00гө чейин болорун айтып, конокторду тарыхый образда келүүгө чакырды.
Башка иш-чаралар:
Семён Чуйков атындагы мемориалдык үй-музейинде "Эсибизде" аттуу көргөзмө болуп, Чуйков тууралуу даректүү тасма көрсөтүлөт. Иш-чара саат 17:00дө башталат;
Ольга Мануйлова атындагы мемориалдык үй-музейинде саат 16:00дөн 22:00гө чейин живопись жана графика көргөзмөсү, скульптура жана сүрөт боюнча мастер-класстар өткөрүлөт;
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде саат 11:00дөн 22:00гө чейин ачык эшиктер күнүн өткөрүү пландалууда;
Аалы Токомбаевдин мемориалдык үй-музейинде саат 18:00дө шаардыктарга экскурсия жасалып, манас айтылат.
Электромобильдер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2022
22-майда Бишкекте электромобилдердин фестивалы өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0