Талибдер Афганистан парламентин жана башка органдарды жоюп салышты

© AFP / HOSHANG HASHIMIТалибан кыймылынын мүчөсү. Архив
Талибан кыймылынын мүчөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2022
Жазылуу
Мындай чечим "Талибан"* кыймылынын лидери Хайбатулла Ахунзаданын буйругу менен кабыл алынган.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Афганистандагы талибдер өкмөтү Парламенттин улуттук ассамблеясы, Улуттук жарашуу боюнча жогорку кеңеш жана Улуттук коопсуздук кеңеши сыяктуу бир катар департаменттерди жоюп салды. Бул тууралуу өлкөнүн убактылуу өкмөтүндөгү вице-премьерге шилтеме берип РИА Новости жазды.
Жергиликтүү Khaama Press агенттигинин маалыматына караганда, мындай чечим "Талибан"* кыймылынын лидери Хайбатулла Ахунзаданын буйругу менен кабыл алынган. Ал эми документке Афганистандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Мухаммед Хасан Ахунд кол койгон.
Жоюлган ведомстволордун арасында Конституциянын сакталышын көзөмөлдөө боюнча комиссия жана парламент палаталарынын катчылыктары да көрсөтүлгөн.
Агенттик белгилегендей, талибандар өкмөтү эки жуманын ичинде жаңы форматтагы парламент палаталарынын катчылыктары иштей баштаарын белгиледи.
Былтыр август айынын башында "Талибан"* кыймылы Афганистандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирип, 15-августта Кабулду басып алган. Анын эртеси эле согуш токтогонун жар салышкан. Августтун акыркы эки жумасында америкалык аскерлердин көзөмөлүндө болгон Кабул аэропортунан Батыштын жарандары жана алар менен кызматташкан афгандар массалык түрдө эвакуацияланган. 31-августка караган түнү дээрлик 20 жылга жакын Афганистанда болгон АКШ аскерлерин Кабул аэропортунан чыгарып кеткен. Сентябрдын башында Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны Мохаммад Хасан Ахунд жетектеген.
* Террордук аракеттери үчүн БУУнун санкциясы киргизилген уюм
Апийим талаасында иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2022
"Талибдер Афганистанда апийим өстүрүүгө тыюу салды
Жаңылыктар түрмөгү
0