Баарын кетирейин деп жаткам. Бейшеналиев каршы чыккан орун басарларына жооп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2022
Жазылуу
Министр төрт-беш күндө жумушу бүтөрү менен Кыргызстанга дароо келерин айтты.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ага каршы чыккан орун басарларынын билдирүүсү боюнча жооп берди.
Ал орун басары Улук-Бек Бектурганов эки-үч күн мурун кызматтан кетүүгө арыз жазганын, ал эми Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованы иштен алганын билдирди.
“Булар кызматка кайра кайтып келип алган турбайбы. Мен аларды кетирип, жаш адистерди койгом да. 20 жылдан бери эчтеке кылбай отургандарды тазалап жатам. Ошого бүгүн өзүлөрүнүн ордун сактап калыш үчүн чыгышыптыр. Баарын кетирейин деп жаткам. Жапаркул Ташиевге арыз жаз дегем, ал журналист саламаттык сактоо тармагын түшүнмөк беле. Жалалидин Рахматуллаевге элдин көзүнчө эле иштей албайсың дегем. Анын да түшүнүгү жок экен”, — деди Бейшеналиев.
Ошондой эле ал Германиядагы иш сапарын таштап келе берейин десе мамлекеттик маанилүү чечимдерге катышышы зарыл болуп жатканын айтты.
“Бул жакта чечимдерге министр өзү добуш бериши керек. Эдил Жолдубаевичке (министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Байсалов — ред.) мен кете берейин десем “ал жакта иш мамлекет үчүн маанилүү” деп жатат. Төрт-беш күндө бүтөрү менен дароо барам. Орун басарларымды өзүм териштирбейм, мен иштешим керек. Өйдө жактан келип текшеришет”, — деди министр.
Аны менен катар Бейшеналиев буга чейин орун басарларынын үстүнөн коомчулуктан келип түшкөн даттануулар канчалык деңгээлде чын экенине көзү жеткенин белгиледи.
“Алар боюнча менин божомолдорум, шек саноолорум туура чыкты. Себеби Ташиев, Бектурганов жана Рахматуллаевдер жүрүп жаткан реформаны саботаж кылып, анысы аз келгенсип бут тосушту. Жети-Өгүздөгү пара "спектаклинин" артында кимдер турганы азыр ачыкка чыкты. Алгылыктуу иш бүтүрбөй коллектив арасында интрига, мени каралоо менен гана күн өткөрүп калышты. Ага карабай акыркы учурга чейин алар менен иштешип, реформага жигердүү катышат, алдыдагы жооптуу иштерде бири-бирибизди түшүнүп, чогуу иш алып барабыз деп үмүттөндүм. Бирок андай болгон жок. Сыягы, пандемия учурунда жетекчилердин жазасыз калганы алардын мындан ары да өз кызыкчылыгы үчүн гана иштей аларына ишеним жараткан окшойт”, — деп кайрылды Бейшеналиев.
Соңунда ал баштаган реформаны аягына чыгарарын, бут тосууларга сынбай турганын билдирди. Эл жана президент колдоп турса медицина тармагына өзгөрүүлөрдү алып келерин убадалады.
Белгилей кетсек, буга чейин саламаттык сактоо министринин орун басарлары атайын маалымат жыйын өткөрүп, Бейшеналиевдин кызматтан кетишин талап кылышкан. Министр өзү учурда Германияда иш сапары менен жүрөт.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев   - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2022
Алымкадыр Бейшеналиев УКМК сурагы, үйүнө жеткирген кеңешчи кыз, аңдуулар боюнча айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0