Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Михаил ДудинБоз-Бөлтөк тоосундагы желек. Архив
Боз-Бөлтөк тоосундагы желек. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2022
Жазылуу
17-майга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Шейшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас аймагында +22...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көл жана Нарын аймагында +16...+21 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +23...+25, Ош шаарында +28...+30 градус жылуу болору болжолдонду.
Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы асфальт алмаштыруу иштери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2022
Бишкекте "Ала-Тоо" аянты бир жума бою жабык болот
Жаңылыктар түрмөгү
0