https://sputnik.kg/20220516/rossiya-nato-askerdik-doktrina-1064440228.html
Финляндия менен Швециянын НАТОго кириши. РФ аскердик доктринасын өзгөртүшү керек
Финляндия менен Швециянын НАТОго кириши. РФ аскердик доктринасын өзгөртүшү керек
Sputnik Кыргызстан
Адистин айтымында, Россиянын Коопсуздук кеңеши жооп бере турган кадамдар боюнча иштей башташы зарыл. 16.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-16T13:23+0600
2022-05-16T13:23+0600
2022-05-16T14:00+0600
кыргызстан
украина
россия
нато
финляндия
швеция
https://sputnik.kg/img/103352/72/1033527248_0:98:3117:1851_1920x0_80_0_0_1cc6cbcb452fedfc576a5f9b8e076507.jpg
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Россия Финляндия менен Швециянын НАТОго киришине жооп катары аскердик доктринасына өзгөртүүлөрдү киргизүүсү керек. Бул тууралуу аскер эксперти, "Национальная оборона" журналынын башкы редактору Игорь Коротченко РИА Новости журналына билдирди.Анын айтымында, эгер Финляндия менен Швеция НАТОго тездетилген процедуралар боюнча кирсе, бул өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрү Түндүк Атлантика альянсынын аскердик түзүмүнө жайга чейин толук кошулат. Кырдаал курчуй турган болсо бул өлкөлөрдүн аймагында каалаган убакта НАТОнун бириккен куралдуу күчтөрүнүн сокку уруу топтору жайгаштырылат. Мындай учурда Россиянын улуттук коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаралат.Москва үчүн ушул жана башка коркунучтарды тез арада алдын алуу өтө маанилүү. Ошол эле учурда жаңы бригадалар, дивизияларды түзүү, абадан коргонуу системасын чыңдоо, айрыкча Финляндия менен чек араны жабуу үчүн олуттуу каржы ресурстарын бөлүү керек.Бүгүндөн тарта Россиянын Коопсуздук кеңеши жооп бере турган кадамдар боюнча иштей башташы керек.Жекшембиде Стокгольм менен Хельсинки НАТОго кирүү чечимин расмий түрдө жарыялашты. ЖМКлардын маалыматына караганда, Швеция өкмөтү альянска арыз катын даярдап койгон, аны Финляндия менен бир убакта жөнөтүү пландалууда.Эки өлкө узак мөөнөттүү бейтараптыктан баш тартып, НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу Россиянын Украинадагы атайын операциясынын фонунда сүйлөшө башташты. Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг бул мамлекеттер аскердик блокко кирүүнү кааласа НАТО аларды тез кабыл алууну камсыздай турганын билдирген.
https://sputnik.kg/20220516/germaniya-rossiya-ukraina-artykchylyk-1064436364.html
украина
финляндия
швеция
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103352/72/1033527248_37:0:2768:2048_1920x0_80_0_0_3bd2a6a577d8a9ef08246fc6369663d2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, украина, россия, нато, финляндия, швеция
кыргызстан, украина, россия, нато, финляндия, швеция
Финляндия менен Швециянын НАТОго кириши. РФ аскердик доктринасын өзгөртүшү керек
13:23 16.05.2022 (Жаңыртылды: 14:00 16.05.2022) Адистин айтымында, Россиянын Коопсуздук кеңеши жооп бере турган кадамдар боюнча иштей башташы зарыл.
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Россия Финляндия менен Швециянын НАТОго киришине жооп катары аскердик доктринасына өзгөртүүлөрдү киргизүүсү керек. Бул тууралуу аскер эксперти, "Национальная оборона" журналынын башкы редактору Игорь Коротченко
РИА Новости журналына билдирди.
Анын айтымында, эгер Финляндия менен Швеция НАТОго тездетилген процедуралар боюнча кирсе, бул өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрү Түндүк Атлантика альянсынын аскердик түзүмүнө жайга чейин толук кошулат. Кырдаал курчуй турган болсо бул өлкөлөрдүн аймагында каалаган убакта НАТОнун бириккен куралдуу күчтөрүнүн сокку уруу топтору жайгаштырылат. Мындай учурда Россиянын улуттук коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаралат.
Москва үчүн ушул жана башка коркунучтарды тез арада алдын алуу өтө маанилүү. Ошол эле учурда жаңы бригадалар, дивизияларды түзүү, абадан коргонуу системасын чыңдоо, айрыкча Финляндия менен чек араны жабуу үчүн олуттуу каржы ресурстарын бөлүү керек.
"Биз прагматик болуп, Россиянын аскердик доктринасын өзгөртүүбүз керек. Ошондой эле "Калибр" канаттуу ракеталары бар мобилдик комплекстин кургактагы версиясын иштеп чыгууну баштап, даяр болгондо өлкөнүн түндүк-батыш аймактарына жайгаштыруу зарыл", — деди Коротченко.
Бүгүндөн тарта Россиянын Коопсуздук кеңеши жооп бере турган кадамдар боюнча иштей башташы керек.
Жекшембиде Стокгольм менен Хельсинки НАТОго кирүү чечимин
расмий түрдө жарыялашты. ЖМКлардын маалыматына караганда, Швеция өкмөтү альянска арыз катын даярдап койгон, аны Финляндия менен бир убакта жөнөтүү пландалууда.
Эки өлкө узак мөөнөттүү бейтараптыктан баш тартып, НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу Россиянын Украинадагы атайын операциясынын фонунда сүйлөшө башташты. Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг бул мамлекеттер аскердик блокко кирүүнү кааласа НАТО аларды тез кабыл алууну камсыздай турганын билдирген.