Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архивдик сүрөт
Жамгыр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2022
Жазылуу
15-майда өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Жекшембиде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +17…+22, Талас чөлкөмүндө +16…+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +21…+26, Ысык-Көлдө +14…+19, Нарын өрөөнүндө +13…+18 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүн табы Бишкекте +20…+22, Ош калаасында +22…+24 градус болот.
Ысык учурунда желдеткич менен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2022
Метеорологдор: 2022-жылдан тарта жер бетинде 5 жылдык мээ кайнаткан ысык башталат
Жаңылыктар түрмөгү
0