БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык Run the Silk road марафону старт алды.Ири спорттук иш-чарага ШКУга мүчө 22 мамлекеттин 3 000ден ашык спортчусу катышууда. Анын ичинде Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасы дагы бар. Жарышты министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштады.Спорт департаментинен билдиргендей, эл аралык мелдеш ШКУга мүчө өлкөлөрдүн интеграциясын чыңдоо, ички жана тышкы ивент-туризмди өнүктүрүү, ошондой эле калк арасында сергек жашоо образын пропагандалоо максатында өткөрүлүүдө. 2021-жылдан тартып ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунда тиешелүү нормативдерди аткарган спортчуларга Олимпиада оюндарына, дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия берилет.Жарышта спортчулар 42, 21, 10 чакырымдарга чуркап, скандинав ыкмасы менен 3 жана 10 чакырымга басышмакчы. Марафондун байге фонду миллион сом.
Ири спорттук иш-чарага ШКУга мүчө 22 мамлекеттин 3 000ден ашык спортчусу катышууда.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык Run the Silk road марафону старт алды.
Ири спорттук иш-чарага ШКУга мүчө 22 мамлекеттин 3 000ден ашык спортчусу катышууда. Анын ичинде Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасы дагы бар. Жарышты министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштады.
Ири спорттук иш-чарага ШКУга мүчө 22 мамлекеттин 3 000ден ашык спортчусу катышууда
Спорт департаментинен билдиргендей, эл аралык мелдеш ШКУга мүчө өлкөлөрдүн интеграциясын чыңдоо, ички жана тышкы ивент-туризмди өнүктүрүү, ошондой эле калк арасында сергек жашоо образын пропагандалоо максатында өткөрүлүүдө. 2021-жылдан тартып ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунда тиешелүү нормативдерди аткарган спортчуларга Олимпиада оюндарына, дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия берилет.
Жарышта спортчулар 42, 21, 10 чакырымдарга чуркап, скандинав ыкмасы менен 3 жана 10 чакырымга басышмакчы. Марафондун байге фонду миллион сом.