00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:55
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:55
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
2025-жылы ЕАЭБде миграциялык мыйзамдар кандай өзгөрдү?
17:34
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Как изменилась экономика Кыргызстана за последние пять лет?
18:07
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Спортбокс
Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Бишкекте өтөт — U20 командасы чемпиондук үчүн ат салышат
19:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Ранняя помощь и поддержка семей: разговор об аутизме с психиатром из России
20:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
21:04
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ысык-Көлдүн тургундары эми пляждарга тоскоолдуксуз кире алат. Жапаровдун жарлыгы

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көлдүн жээгинде эс алуучулар. Архив
Ысык-Көлдүн жээгинде эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2022
Жазылуу
Жарлыктын талаптарын аткаруудан баш тарткан ижарачылар менен ижара келишимдерин бузуу тапшырмасы берилген.
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. 2022-жылдын 1-июлунан тартып Ысык-Көл облусунун жергиликтүү тургундары көл жээгиндеги каалаган пляжга кирүү укугуна ээ болот. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Аталган жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.

"Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдөгү көптөгөн курорттук-рекреациялык объектилер (санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, коттедждик конуштар) тосмолорду орнотуп, калктуу конуштардын тургундарын пляжга киргизбей жатат. Буга аймакта жайгашкан калктуу конуштардын тургундары нааразы болууда", — деп жазылган маалыматта.

Алардын экономикалык жана социалдык кызыкчылыктарын коргоо, пляждарга эркин кирүүсүн камсыздоо максатында аталган документ кабыл алынганы айтылды.
2022-жылдын 1-июлунан тарта аткарылчу тапшырмалар:
Жергиликтүү тургундардын алар жашаган конушка караштуу санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттедждердин аймагындагы пляждарга тоскоолдуксуз кирүүсү камсыз кылынсын;
Ысык-Көлдүн пляж аймактарында жайгашкан тосмолор (дубалдар, темир торлор, металл зым торлор) демонтаждалып, аларды мындан ары орнотууга тыюу салынсын;
Менчигинин түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттедждик конуштардын жетекчилери пляж аймактарына биодааратканаларды коюуга милдеттендирилсин;
Калкка курорттук-рекреациялык объектилердин аймагында коомдук тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турсун;
Жарлыктын талаптарын аткаруудан баш тарткан ижарачылар менен ижара келишимдерин белгиленген тартипте бузуу каралган.
Бул иштерди аткаруу жоопкерчилиги президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, райондук администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, Балыкчы, Каракол, Чолпон-Ата шаарларынын мэрлерине, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын начальнигине жүктөлгөнү айтылды.
Ал эми министрлер кабинетине 2022-жылдын 1-августуна чейин Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык аймагынын объектилерин куруунун, техникалык эксплуатациялоонун жаңы редакциясын иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.
Ысык-Көлдөгү пляж. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2022
Ысык-Көлдө канализациялык системасы жок пансионаттар иштей албайт. Жарлык
Жаңылыктар түрмөгү
0