https://sputnik.kg/20220513/kyrgyzstanda-65-arhiv-bar-1064355858.html
Базарбаева: архив кызматынын жаш кадрларынын айлыгы 6-7 миң сом
Базарбаева: архив кызматынын жаш кадрларынын айлыгы 6-7 миң сом
Sputnik Кыргызстан
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын төрайымынын орун басары Нуркыз Базарбаева өлкөдө мамлекеттик архивдин 65 мекемеси бар экенин... 13.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-13T10:32+0600
2022-05-13T10:32+0600
2022-05-13T10:32+0600
радио
архив
имарат
көйгөй
нуркыз базарбаева
https://sputnik.kg/img/07e6/05/0d/1064355796_0:69:3072:1797_1920x0_80_0_0_23d4d7868f42269fef55c327fe0d8a4f.jpg
Базарбаева: архив кызматынын жаш кадрларынын айлыгы 6-7 миң сом
Sputnik Кыргызстан
Базарбаева: архив кызматынын жаш кадрларынын айлыгы 6-7 миң сом
Архив кызматына жаш кадрларды тартууда эки чоң көйгөй бар. Бул тууралуу Нуркыз Базарбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, республикада фономатериалдарды сактаган жалгыз архив бар.Ал алдыдагы окуу жылынан баштап архив адистигин окутуп чыгаруу боюнча Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/05/0d/1064355796_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_e4bcdefe3fccacef9ff85ecfe1732949.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
архив, имарат, көйгөй, нуркыз базарбаева, аудио
архив, имарат, көйгөй, нуркыз базарбаева, аудио
Базарбаева: архив кызматынын жаш кадрларынын айлыгы 6-7 миң сом
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын төрайымынын орун басары Нуркыз Базарбаева өлкөдө мамлекеттик архивдин 65 мекемеси бар экенин айтты.
Архив кызматына жаш кадрларды тартууда эки чоң көйгөй бар. Бул тууралуу Нуркыз Базарбаева
Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, республикада фономатериалдарды сактаган жалгыз архив бар.
"Жалпы өлкө боюнча Архив кызматынын 65 имараты бар. Алардын көпчүлүгү талапка жооп бербейт. Учурда жети облуста бирден-бир типтүү архив имаратын курдук, ага мисал кылып Сокулук, Ак-Талаа райондорунда салынган райондук архивдердин жаңы имараттарын атасак болот. Мындан сырткары, айрым имараттарга оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Бирок мындай аракеттер дагы деле жетишсиз. Жогоруда айтылгандай, 65 имараттын баарын эле бир типтүү заманбап кылып куруп чыгуу зарыл. Анткени бул андагы документтердин сакталуу сапатына түздөн-түз таасирин тийгизет. Экинчи көйгөйүбүз — кадр маселеси. Бизге келген жаш адистин айлыгы 6-7 миң сомду түзөт. Мындай маянага эч кимдин иштегиси келбейт. Ошондуктан да бизге кадр токтобойт. Дагы бир маселе — атайын архив адистеринин даярдалбай жаткандыгы. Ошондуктан да биз юрист, тарыхчы, экономист адистиктеринин ээлерин кызматка алууга аргасызбыз", — деди Базарбаева.
Ал алдыдагы окуу жылынан баштап архив адистигин окутуп чыгаруу боюнча Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын кошумчалады.