Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Бишкектеги кафелерге чапталган стикерлер эсиңиздеби? Долбоордун тагдыры

© AFP / FRED DUFOURКафедеги официанттар. Архив
Кафедеги официанттар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2022
Жазылуу
Санитардык дарыгердин айтымында, стикерлер кыргызстандыктар үчүн маанилүү эле. Учурда долбоор токтоп турат.
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Калаанын кафе-ресторан, дүкөн, ашканаларына стикер чаптоо боюнча пилоттук долбоордун тагдыры кандай болду? Бул тууралуу Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Дилбар Бекиева айтып берди.
© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Дилбар Бекиева
Санитарный врач Центра государственного санитарно-эпидемиологического надзора Бишкека Дильбар Бекиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2022
Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Дилбар Бекиева
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Массалык уулануулар — базарларды жана дүкөндөрдү пландан тышкаркы текшерүүлөр" аттуу брифингге катышты.
Эске салсак, 2018-жылдын 10-январында коомдук тамактануучу жайларда кызмат көрсөтүүнүн коопсуздук деңгээли жөнүндө токтом кабыл алынган. Ага ылайык, 2018-жылдын 1-апрелинен тарта Бишкек жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан коомдук тамактануучу жайлар 12 айдын ичинде текшерилет деп жазылса, экинчи бөлүгү 2019-жылдын 1-апрелинде башталып, анда өлкөнүн бардык аймактарында жайгашкан тамактануучу жайлар көзөмөлгө алынары айтылган.
Жашыл түстөгү стикер мекеме бардык талаптарга жооп берерин, сары түстөгүсү "аз-маз жакшыртуулар керек" дегенди, ал эми кызыл өңдөгү стикер "жасала турган иш көп" дегенди билдирчү.
"2018-жылдан кийин ишкерлерди пландуу текшерүү убактылуу токтотулган. Дал ушундай пландуу текшерүү учурунда мекеменин иши бааланчу. Андагы критерийлердин негизинде пайыздар, баллдар чыгарылып, ошого жараша стикерлердин түсү аныкталчу. Азыр пландуу текшерүү жок, андыктан пилоттук долбоор дагы аягына чыккан жок", — деди ал.
Бекиеванын айтымында, стикерлер кыргызстандыктар үчүн абдан керектүү нерсе эле. Азыр мораторийлерден улам коомдук тамактануу жайларынын абалы жетиштүү деңгээлде көрсөтүлбөй жатат.
Эске салсак, май айынын башынан бери массалык уулануулар көп катталууда. Мисалы, Ошто 56 адам торттон ууланганы айтылса, Бишкектеги тез татымдан 11 киши жабыркаганы белгилүү болгон. Ошондой эле Сүлүктүдөгү кыз узатуу учурунда 32 адам ууланган. Мындан улам өлкө боюнча тамак-аш саткан дүкөндөр менен базарларды пландан тышкары текшерүүлөр башталды.
Капельница. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2022
Ноокатта да таттуу токочтон 4 бала ууланып ооруканага түштү
Жаңылыктар түрмөгү
0