00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
16:56
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
Центральная Азия: новый узел влияния в геополитике? Беседа с Тимофеем Бордачевым
18:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Спортбокс
Кыргызстандын жаштар курамасы Азия кубогунун тандап алуу оюндарын өткөрөт — футболчулардын даярдыгы кандай?
19:07
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:06
48 мин
Ачык кеп
Өлкө тамак-аш коопсуздугу мыйзамына, БАДдар боюнча илимий изилдөөлөргө жана кадрларга абдан муктаж
23:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Стикерин көрүп төрүнө өт! Тамактын сапаты кафенин сыртына жазылганда

Жазылуу
1-апрелден баштап Экономика министрлиги жана Санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Бишкек жана Ысык-Көл облустарындагы бардык коомдук тамактануучу жайлар текшерилип, алардын абалын көрсөткөн стикерлер имараттын сыртына чаптала баштайт.

"Эң мыкты" деген стикерди алуу үчүн тамактануучу жайлар кандай талаптарга жооп бериши керек жана кайсы жайлар текшерилет? Өзгөчө долбоор тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги материал даярдады. 

© Фото / предоставлено Бакытом ДавлеталиевымБишкек жана Ысык-Көл облустарындагы бардык коомдук тамактануучу жайлар текшерилип, алардын абалын көрсөткөн стикерлер имараттын сыртына чаптала баштайт
Стикеры для оценки качества обслуживания и питания в кафе - Sputnik Кыргызстан
Бишкек жана Ысык-Көл облустарындагы бардык коомдук тамактануучу жайлар текшерилип, алардын абалын көрсөткөн стикерлер имараттын сыртына чаптала баштайт

Экономика министрлигинин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкармалыгынын текшерүү бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Давлеталиевдин айтымында, өкмөттүн "Коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүнүн коопсуздук деңгээли жөнүндө калкка кызмат көрсөтүү боюнча" токтому ушул жылдын 10-январында  кабыл алынган. Анын биринчи бөлүгүндө 2018-жылдын 1-апрелинен тарта Бишкек жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан коомдук тамактануучу жайлар 12 айдын ичинде текшерилет. Ал эми экинчи бөлүгү 2019-жылдын 1-апрелинде башталып, анда өлкөнүн бардык аймактарында жайгашкан тамактануучу жайлар көзөмөлгө алынмакчы.  

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика министрлигинин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкармалыгынын текшерүү бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Давлеталиев
Главный специалист сектора регулирования контрольно-надзорной деятельности Министерства экономики Бакыт Давлеталиев - Sputnik Кыргызстан
Экономика министрлигинин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкармалыгынын текшерүү бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Давлеталиев

"Чапталган стикерлер аркылуу кардар кайсы кафе же ресторанга кирип тамак ичүү кооптуу же коопсуз экенин сырттан кирип келе жатып эле биле алат. Мисалы, жашыл түс — талаптарга туура келет дегенди билдирсе, сары түс бир аз жакшыртуу зарыл дегенди түшүндүрөт. Ал эми кызыл кыйла жакшыртуу керек деген маанини билдирет. Мында кафедеги тейлөө, тамактын даамы же өлчөмү деген нерселер эске алынбайт", — деди Давлеталиев.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын тамак-аш бөлүмүнүн санитардык дарыгери Майрам Иманкулова текшерүү учурунда эмнелерге көңүл бурула тургандыгын тизмектеп берди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСанитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын тамак-аш бөлүмүнүн санитардык дарыгери Майрам Иманкулова
Врач санитарно-эпидемиологического надзора Майрам Иманкулова - Sputnik Кыргызстан
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын тамак-аш бөлүмүнүн санитардык дарыгери Майрам Иманкулова

Ысык-Көл облусундагы Боом капчыгайындагы Боз Салкын, Улар Тоо, Бест Фуд, Ак Жол, Жибек жолу, Фут зон, Кербен Сарай кафелеринде текшерүү жүргүзүлүп, санитардык жана өрт коопсуздугун сактабагандарга 5-35 миң сом өлчөмүндөгү айып салынды - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюнуна карата Боомдогу кафелер текшерилип айып салынды
"Эң алгач ашкана, кафе, бар же ресторандагы тамак-аш адамдын ден соолугуна зыян келтирбейби жана тастыкталган документтери барбы деген суроолорго жооп алабыз. Андан соң ашканасынын абалын, ремонтун карап, эт жууганга, жер-жемиш сактаганга канча бөлмөсү бар экенин карайбыз. Тамак-аштын бышкандан кийинки сапаты, температурасынан бери каралат. Иштеп жаткан кишилердин медициналык справкаларын сурайбыз. Анткени ашканада иштеген адамдар кургак учук же ичеги оорулары менен оорубагандыгын билишибиз керек. Негизи буга чейин деле коомдук тамак-ичүүчү жайлар көзөмөлдөнүп, текшерүү баракчаларын толтуртчубуз. Болгону эми аларды элге ачык-айкын жарыялай баштайбыз", — деди Иманкулова.

Ал эми Давлеталиев тамак-ичүүчү жайдын "жакшы" же "начар" экендиги дароо эле 1-апрелде аныкталып калбастыгын кошумчалап кетти.

"Стикер кафе-ресторандарга 1-апрелден баштап эле чапталып калбайт. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери алгач бир кварталга план түзүп, ошол планга кирген жайлардан баштайт. Аны текшергенден кийин да дароо стикер чапталбайт. Ишкерге атайын убакыт берилип, анын жыйынтыгында гана "жакшы", "жаман" деген баа берилет. Мындай жол менен тамактануучу жайларда атаандаштык пайда болуп, сандан сапатка өтө баштайбыз", — деди Давлеталиев.

Ал мындай текшерүү жылына бир жолу жасалып турарын айтып, стикерлерди ишкерлер жасалма кылып албашы үчүн кардар Экономика министрлигинин же санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын сайтына кирип, кайсы тамактануучу жайда кандай белги бар экенин бир сыйра карап алса болорун баса белгилеп кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0