00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБде өнөр жайды колдоо: Кыргызстандын компаниясы каржылык субсидия алды
11:34
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Штрафы, онлайн и новые продукты: как изменился страховой рынок КР за год
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын аскердик билим берүү системасы: бүгүнкү абал жана өнүгүү багыттары
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Жеке мектептерге лицензия эми толугу менен онлайн берилет — убакыт жана чыгым үнөмдөлөбү?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Туяк
Окумуштуу, дарыгер, академик: Санжарбек Данияровдун ишмердиги
17:07
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Спорттук психология — машыктыруучу менен спортчунун мамилеси кандай болушу керек?
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жеке мектептерге лицензия эми толугу менен онлайн берилет — убакыт жана чыгым үнөмдөлөбү?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Душманды куйкалап сазды кечип жүрөм. Шаршенбай Куловдун фронттон жазган каты

© Sputnik / Сергей КосыревСовет армиясынын жоокерлери Улуу Ата Мекендик согуш учрунда. Архив
Совет армиясынын жоокерлери Улуу Ата  Мекендик согуш учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Жазылуу
Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата Sputnik Кыргызстан агентиги кыргыз жоокерлеринин фронттон жазган каттарын сунуштоону улантат.
Бул ирет Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Феликс Куловдун атасы Шаршенбай Куловдун "Советтик Кыргызстан" гезитинде эмгектенген Курмаш Кыдырбаевага жазган кагаздарын таап чыктык.
Эске сала кетсек, Кулов 28-минометтук "Катюша" полкунда кызмат өтөп, Карельский, Волхомский фронтторунда болуп, душмандын сазайын берген куралды кайтарып советтик чекисттердин катарында жүргөн. Көптөгөн орден, медалдарга татыган ардагер 1945-жылы күзүндө мекенге кайтып келген. Кат жазылган 1942-жылы Шаршенбай Кулов 21 жашта эле.
1/2

2/2

1/2

2/2

Каттын орфографиясы сакталды.
Ж. Курмаш!!!
1.6.42. Ленинград фронту.
Мен ушул катты жазууга киришкенде токойдун ичи жым-жырт болучу. Антпесе самолеттун маторунун үнү, чатыраган, тарсылдаган үн дайым өкүм сүрүп турат.
Фронт-фронт. Тынымсыз күрөш. Кез-кезинде (акулбайт) угабыз. Эмнесин айтайын, музыканын күүсүнүн алдында эрип эле жатып калабыз. Радио угабыз. Кино да болот.
Турмуш жакшы. Ок-даары көп. Чечкиндүү майдан алдыда жатат. Ленин шаары бизди күтүп турат. Жакында немецтик курчоо бузулат. Ленинград жеңет.
Согуш бүткөндөн кийин кышкы фронттун линиясына экскурсияга келгендер таңгалышар. Миңдеген жер там, чатыр, жыгачтан жасалган үй... Күрөштүн изи... Мына ушулар да бир-эки сап сөз менен болсо да тарыхта эскертилер.
Биздин "шаарыбыз" бар. Мончо да жасап алганбыз. Жумшак жаздык ак шейшептин жоктугу болбосо, калгандары сонун. Фронттук турмушка көндүк. Минанын, снарядын, бомбанын жарылышы эми оңою менен чочута албайт.
Өзүмдүн турмушумда өзгөрүүлөр жок. Баякы бырбыйган-тыртыйган Шаршенбай чыйралып бара жатыр. Чекистик кызматты аткарып, душманды куйкалап сазды кечип жүрөм.
Мен сиздерди унутпайм. 25-мартта кат жазсам, алиге жообун ала албадым. Кай бир учурда эриккенден жазагалам.
Газетага "Чачылгандын оту" жана "Браунинг" материал жибергем. Чыгарган, чыгарбаганыңыздарды билбейм. Фронтто убакыт кымбат деп чыгарсаңыздар ("эмгекти" эске алып) анда жаман болбос.
Тема кой: "белек", "мөлтүргөн сулуу кыз", "Медин жана Айхан", "кымбатту секунддар".
Азыр эки ыр жазымыш болуп отурам. ("бар үшкүрүк" жана "Кыргыз-боец") убакты керек. Антпесе мен "Кызыл Кыргызстандын" кашаң кабарчысы болуп бере алар элем.
Жакында "Питерская Правдага" кат жибердим. Чыкса окуйсуздар. Чыкпаса чыкпай калат да.
Курмаш, чын эле мага кат жазгыңыздар келбейби? Эң кур дегенде эсенчиликти билдирип турбайсызбы? Балким убакты "жоктур". Элде эмне жаңылык. Эмне сонундар бар?
Курмаш, мен өтө таңгалам. Бешинчи ай болгонуна бүгүн 3 күн болду. Эч кимден кат ала элекмин. Бардыгы мен үчүн табышмак.
Бирок, айткандур жыттуу гүлдөрүн жыттап койсом, ошол мага алтын баасы менен тең катар турат.
Бош убактымда Фрунзе, Дзержинский көчөсү, бак, редакция эсиме түшөт. Далай элестер менин көзүмө бакырая гана карап турат.
Курман, мен сиздин ишиңизге ийгиликти тилейм. Родинаны окупанттардан бошоткондон кийин, Шаршенбай калган Абузар сыяктуу жолдоштор менен барып калар.
Окопто жоокерлер туугандарынын катын окуп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2022
Ушунча азапты тартып балдарды көрбөсөм арман ичте калат го... Фронттон кат
Жаңылыктар түрмөгү
0