Кыргызстанда эң популярдуу 15 автоунаанын баасы кандай өзгөрдү? Тизме

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан ар жума сайын автоунаалардын базардагы наркы менен кабардар кылат. Бул ирет популярдуу машиналардын баасы 2022-жылдын мартынан майына чейин кандай өзгөргөнүн анализдедик.
Инфографикада эң көп сатылган 15 унаанын баасы кандай өзгөргөнү көрсөтүлөт.
Кыргызстандыктар арасында өзгөчө суроо-талапка ээ болгон унаалардын тизмесине төмөнкүлөр кирет:
1.
Toyota Camry;
2.
Daewoo Nexia;
3.
Honda Fit;
4.
Honda CR-V;
5.
Mercedes-Benz E-class;
6.
Daewoo Matiz;
7.
BMW 5 сериясы;
8.
Volkswagen Passat;
9.
Honda Accord;
10.
Honda Odyssey;
11.
Lexus RX;
12.
Hyundai Sonata;
13.
Лада 2107;
14.
Toyota Prius;
15.
Toyota RAV4.
Мониторинг autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарындагы маалыматтардын негизинде жүргүзүлдү. Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн бардык үлгүдөгү автоунаалардын орточо наркы жана эң көп чыгарылган жылы боюнча суроо-талап күч болгон машиналар көрсөтүлдү. Баалардын биринчи анализи 4-мартта жүргүзүлгөн, анда доллар 98 сомдон сатылып жаткан (КР Улуттук банкынын курсу боюнча).
Валюта курсунун олку-солку болушуна байланыштуу унаалардын улуттук валютадагы баасы өзгөрүүдө. Маселен, 2012-жылы чыккан Toyota Prius март-май айларында 11 700 доллар болсо, анын сом эквивалентинде баасы 17 пайызга төмөндөгөн.
Бирок доллар менен эсептелген көптөгөн унаалардын баасы бир топ жогорулады (17 пайыздан ашык). Кымбаттоо диапазону 500 доллардан 1 500 долларга чейин.
Ошентсе да 2017-жылкы Toyota Camry 400 долларга, 2006-жылкы Mercedes-Benz 1000 долларга, 2006 жана 2008-жылкы Volkswagen Passat арзандаган.
Тема боюнча:
Бишкекте батирлер канчадан сатылууда? Бааларды көрсөткөн инфографика
Жаңылыктар түрмөгү
0