Бишкекте батирлер канчадан сатылууда? Бааларды көрсөткөн инфографика

Жазылуу
Бишкек шаарында 2022-жылдын май айынын башына карата кыймылсыз мүлк рыногундагы кырдаал кандай өзгөргөнүн билип алыңыз.
Sputnik Кыргызстан ачык булактардан маалымат чогултуп, борбор калаадагы батирлердин баасына байкоо салды. Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "хрущевка", жеке тип) орточо наркын көрсөтүп беребиз. Ошондой эле ичин өзү жасап алууга ылайыкташкан элиталык үйлөрдүн баасы тууралуу статистиканы чогулттук.
Бул ирет апрель айынын башынан майга чейин баалар кандай өзгөргөнүн талдадык. Материалды даярдоодо 1 510 жарнамага анализ жасалды.
Ага ылайык, бир бөлмөлүү батирлер 2 700 долларга кымбаттады. Ушундай эле көрүнүш эки бөлмөлүү үйлөргө да тиешелүү. Кыймылсыз мүлктүн басымдуу бөлүгүнүн баасы өскөн. Деген менен ичин өзү жасап алууга ылайыкталган эки бөлмөлүү батирлер 1 300 долларга арзандады.
Ал эми үч бөлмөлүү батирлердин категориясынан жеке типтеги "элиткалар" орто эсеп менен 8 700 долларга кымбаттады. Ал эми ичин өзү жасап ала турган батирлердин наркы 5 600 долларга жогорулады.
Ачык маалымат булактарына таянсак, май айында Бишкектеги бир бөлмөлүү батирлердин баасы төмөнкүдөй:
104-серия — 33 600 доллар (29 000ден 40 000ге чейин);
105-серия — 32 500 (23 700дөн 43 500гө чейин);
106-серия — 35 700 (20 000дөн 40 000ге чейин);
"хрущевка" — 29 200 (20 500дөн 40 000гө чейин).
Бир бөлмөлүү "элитка" тибиндеги батирлердин орточо баасы:
жеке типтегилери (18ден 52 чарчы метрге чейин) — 31 900 (17 000ден 55 000ге чейин);
өзү жасап ала тургандары (32ден 65 чарчы метрге чейин) — 34 200 (15 500дөн 55 200гө чейин).
Эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:
104-серия — 44 100 доллар (32 500дөн 46 500гө чейин);
105-серия — 54 300 (24 500дөн 58 200гө чейин);
106-серия — 48 400 (36 300дөн 68 700гө чейин);
"хрущевка" — 3 5 700 (22 100дөн 44 000ге чейин).
Эки бөлмөлүү "элитка" тибиндеги батирлердин орточо баасы:
жеке типтегилери (41ден 99 чарчы метрге чейин) — 43 000 (23 500дөн 88 000ге чейин);
өзү жасап ала тургандары (49дан 94 чарчы метрге чейин) — 52 100 (22 000дөн 110 000ге чейин).
Үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:
104-серия — 49 700 доллар (40 200дөн 70 000ге чейин);
105-серия — 56 300 (34 000ден 76 500гө чейин);
106-серия — 61 900 (35 000ден 81 500гө чейин);
"хрущевка" — 43 800 (32 500дөн 60 500гө чейин).
Үч бөлмөлүү "элитка" тибиндеги батирлердин орточо баасы:
жеке типтегилери (46дан 160 чарчы метрге чейин) — 64 900 (28 500дөн 154 000ге чейин);
өзү жасап ала тургандары (75тен 125 чарчы метрге чейин) — 77 700 (38 000ден 170 000ге чейин).
Биринчи анализ апрель айында доллар 94 сомдон сатылып жаткан учурда жүргүзүлгөн, учурда курс 12 сомго төмөндөдү.
Тема боюнча:
Кыргызстандагы популярдуу машиналар канчадан сатылууда? Базардагы баага сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0