https://sputnik.kg/20220429/bishkekte-kyrgyz-kazak-okmottor-aralyk-zhyyyny-otty-1064048894.html
Бишкекте кыргыз-казак өкмөттөр аралык жыйыны өттү. Талкууланган маселелер
Бишкекте кыргыз-казак өкмөттөр аралык жыйыны өттү. Талкууланган маселелер
Sputnik Кыргызстан
Акылбек Жапаров эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилесинде оң динамика байкалганын белгиледи. 29.04.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-04-29T19:57+0600
2022-04-29T19:57+0600
2022-04-29T20:59+0600
кыргызстан
министрлер кабинети
акылбек жапаров
алихан смаилов
https://sputnik.kg/img/07e6/04/1d/1064049594_0:91:3077:1822_1920x0_80_0_0_565c02c3ebdd83565c4487d14423c7c5.jpg
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин 10-жыйынына катышты.Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, анда соода-экномикалык, суу-энергетикалык, айыл чарба жана айлана чөйрөнү коргоо жаатындагы маселелер талкууланды.Акылбек Жапаров эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилесинде оң динамика байкалганын билдирген.Жапаров Кыргызстанга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин да расмий сапар менен келиши күтүлүп жатканын белгилеп, өкмөттөр аралык 10-жыйын эки тараптуу кызматташууну илгерилетүүгө олуттуу салым кошо турганына ишенерин айтты."Акылбек Жапаров кыргыз-казак чек арасына индустриалдык соода-логистикалык борбор куруу боюнча долбоорду активдештирүү маселесин дагы көтөрдү", — деп айтылат маалыматта.Ал эми Алихан Смаилов буга чейин эки өлкөнүн башчылары соода-жүгүртүүнү бир миллиард долларга жеткирүү боюнча кабыл алган келишимдери ишке ашканын белгилеген."Бүгүн кабыл алынган чечимдер биздин мамлекеттердин өнүгүшүнө жана кызматташуусуна салым кошот деп ишенем", — деген ал.Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Нур-Султанга "Манас" эпосундагы баатырлардын эстеликтери, ал эми Бишкекке казак акыны Абай Кунанбаевдин эстелиги орнотула турганы кошумчаланды.
https://sputnik.kg/20220427/nur-sultanda-kyrgyzstandyn-ehlchiliginin-zhany-imarat-1063991712.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/1d/1064049594_110:0:2841:2048_1920x0_80_0_0_f55863c27c0206ee741b9929cddd14d2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, министрлер кабинети, акылбек жапаров, алихан смаилов
кыргызстан, министрлер кабинети, акылбек жапаров, алихан смаилов
Бишкекте кыргыз-казак өкмөттөр аралык жыйыны өттү. Талкууланган маселелер
19:57 29.04.2022 (Жаңыртылды: 20:59 29.04.2022) Акылбек Жапаров эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилесинде оң динамика байкалганын белгиледи.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин 10-жыйынына катышты.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, анда соода-экномикалык, суу-энергетикалык, айыл чарба жана айлана чөйрөнү коргоо жаатындагы маселелер талкууланды.
Акылбек Жапаров эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилесинде оң динамика байкалганын билдирген.
"2021-жылдын жыйынтыгы боюнча соода жүгүртүүнүн көлөмү 35 пайызга өсүп, бир миллиард долларды түздү. Биз келечекте бул көлөмдү эки миллиард долларга жеткирүүнү ниет кылып жатабыз", — деди ал.
Жапаров Кыргызстанга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин да расмий сапар менен келиши күтүлүп жатканын белгилеп, өкмөттөр аралык 10-жыйын эки тараптуу кызматташууну илгерилетүүгө олуттуу салым кошо турганына ишенерин айтты.
"Акылбек Жапаров кыргыз-казак чек арасына индустриалдык соода-логистикалык борбор куруу боюнча долбоорду активдештирүү маселесин дагы көтөрдү", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Алихан Смаилов буга чейин эки өлкөнүн башчылары соода-жүгүртүүнү бир миллиард долларга жеткирүү боюнча кабыл алган келишимдери ишке ашканын белгилеген.
"Бүгүн кабыл алынган чечимдер биздин мамлекеттердин өнүгүшүнө жана кызматташуусуна салым кошот деп ишенем", — деген ал.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Нур-Султанга "Манас" эпосундагы баатырлардын эстеликтери, ал эми Бишкекке казак акыны Абай Кунанбаевдин эстелиги орнотула турганы кошумчаланды.