Нур-Султанда Кыргызстандын элчилигинин жаңы имаратын куруу маселеси талкууланды

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев менен Нур-Султан шаарынын мэри Алтай Көлгинов элчиликтин жаңы имаратын куруу үчүн жертилкесин бөлүп берүү маселесин талкуулашты
Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев менен Нур-Султан шаарынын мэри Алтай Көлгинов элчиликтин жаңы имаратын куруу үчүн жертилкесин бөлүп берүү маселесин талкуулашты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2022
Жазылуу
Жолугушуу бүгүн Нур-Султан шаарында болуп өттү.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев менен Нур-Султан шаарынын мэри Алтай Көлгинов элчиликтин жаңы имаратын куруу үчүн жертилкесин бөлүп берүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Жолугушуу бүгүн болуп өттү.
“Анын жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташуунун актуалдуу маселелерин, атап айтканда, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата алдыда боло турган иш-чараларды, ошондой элеэки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Элчиликтин жаңы имаратын куруу үчүн казак тараптан жер тилкеси берилери айтылды”, — деп билдиришти ТИМден.
Айта кетсек, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов ушул аптада Бишкекке келет.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстандын башчысы Шавхат Мирзиёев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2022
Май айында Кыргызстанга ЕАЭБ өлкө башчылары келет
Жаңылыктар түрмөгү
0