00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
5 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
19:55
5 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Спички и Транспортир
20:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«С 1 января начинаю новую жизнь». Новый год в психологии человека.
08:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Камбар-Ата-1 ГЭСи толугу менен алты жарым жылда курулуп бүтөт — Энергетика министрлигинин 2025-жылга пландары кандай?
09:06
26 мин
Таберик
Мен билген Чалагыз...
09:34
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Структура личности
Самые красивые места для зимнего туризма в Кыргызстане
10:05
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кол өнөрчүлүк, микроскоп, брендөө. Жаш ойлоп табуучулар фестивалы кандай өттү?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
2024: борьба с экстремизмом, политика памяти и языковое законодательство
12:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Сан эмес сапатка басым кылуу керек - Асыл тукум мал асыраган кирешелүүбү?
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садыр Жапаров Бишкек шаарынын тургундарын калаа күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2022
Жазылуу
Өлкө башчы шаар ичинде аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берген.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29- апрелде, борбордун тургундары менен меймандарын Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады.
Өлкө башчынын маалымат кызматы анын куттуктоо сөзүн жарыялаган.
"Бүгүн өлкөбүздүн борбору Бишкек шаарынын күнү. Ордо калаабыздын шаар болуп түзүлгөндүгүнө 144 жыл толуп отурат. Жалпы мекендештеримди мекенибиздин жүрөгү, элибиздин сыймыктуу шаары болгон Бишкектин түптөлгөн күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бишкек шаары жалпы Кыргызстандын негизги өзөгү жана маданий борбору болуп саналат. Ошондуктан аны өнүктүрүү үчүн жылдан жылга өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.
Бүгүн мамлекетибиздин борбор шаарын ар тараптуу өнүктүрүүгө багыт алганыбызды баса белгилеп айтып кетейин.
Кезинде "жашыл шаар" деген ат менен атагы алыска кеткен баш калаабызды ошол даңкына жеткирүү максатында өзүңүздөргө белгилүү "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында 40 000ге жакын бак-дарак жана бадал өсүмдүктөрү отургузулду. Мындай иш-чаралар мындан ары да ырааттуу улантыла бермекчи.
Шаардыктар болобу же калаага келген меймандар болобу, же чет жерден келген коноктор болобу, борбор шаарга аяк басып түшкөндө эле алгач жолдорубуздун абалы көзгө урунат. Ар жыл сайын чоң-чоң көчөлөрдүн жолдоруна көңүл бурулуп келген болсо, соңку мезгилден тарта жолдор менен кошо тротуарларыбыздан бери оңдоп-түзөп, куруу иштери колго алынып олтурат.
Бишкектин кечки көрүнүшүнө дагы кам көрүлүп, шаарды жарыктандыруу иш-чаралары ийгиликтүү аткарылууда. Жеке эле шаар эмес, Бишкекти курчаган бир катар конуштарга да жарыктандыруучу прожекторлор орнотулуп келе жатат.
Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2022
Бишкек шаарынын күнү: 29-апрель кандай майрамдалат. Программа
Шаардыктардын ыңгайлуулугуна кам көрүү максатында газ менен жүрө турган сыйымдуулугу чоң автобустарды сатып алуу быйылкы жылдын артыкчылыктуу милдеттеринин бири катары кабыл алынып, бул маселе тиешелүү мекеме тарабынан иликтенип, ишке ашыруу пландалып жатат. Шаарыбыз үчүн дагы бир маанилүү жагдай, атмосфералык абанын сапатын жогорулатуу максатында комплекстүү долбоорду ишке ашыруу боюнча эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бул багытта дагы иш-чаралардын мерчеми бар.
"Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасын аткаруу алкагында "Акылдуу Бишкек" — "Келечек — 2030" концепцияларынын долбоорлору даярдалгандыгын да кошумчалай кетейин. Ошону менен бирге жалпы билим берүү уюмдарын заманбап, инновациялык жабдуулар менен камсыздоо жана окуу процессинде санариптик технологияларды колдонуу механизмдерин киргизүү аркылуу SMART-мектептердин ишин уюштуруу пландалууда. Мындан сырткары, борбор шаарда 15 мектеп, бир бала бакча курулуп жатат. Шаарыбызды улай жайгашкан Алтын-Ордо, Рухий Мурас, Мурас-Ордо, Ак-Бата, Ак-Ордо, Ак-Босого, Көлмө конуштарында жаңы мектептер салынууда.
Баш калаабызда болуп жаткан бардык алгылыктуу өзгөрүүлөр Бишкек шаарынын жаркын келечегине багытталган. Бул, албетте, биздин жайлуу жана коопсуз жашообуз үчүн эле эмес, кийинки муундардын бакубат жашоосу жана өркүндөп-өсүүсү үчүн да өтө маанилүү.
Бишкек шаары эң жогорку эл аралык стандарттарга жооп берип, дүйнөлүк тажрыйбанын алдынкы үлгүлөрүн колдонуу менен, ошол эле учурда өзүнүн өзгөчөлүгүн жана кооз көрүнүшүн сактоо аркылуу жаңыланып, жакшырып турууга тийиш. Анткени борбор шаарыбыз — бүтүндөй Кыргызстандын жүзү!
Урматтуу кыргызстандыктар!
Борбор шаарыбыз инновациялык ыкмаларды колдонуу аркылуу мындан ары да өркүндөп-өсө беришине, ар бир жарандын камкордугу менен сүйүүсүнө арзый беришине тилектешмин. Баш калаабыздын бардык тургундарына үй-бүлөлүк бакыт, иштерине ийгиликтерди каалайм. Ар бир шаар тургунунун борбор шаарыбызды гүлдөтүүгө болгон умтулуусу жана ага болгон сүйүүсү өчпөсүн!".
Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2022
Бишкекке 144 жыл. Архитекторлор борбор калааны өзгөчө куттукташты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0