Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга бир жыл. Садыр Жапаров элге кайрылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2022
Жазылуу
Президент кыйын кырдаалда Баткен элин жалгыз калтырбаган кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирген.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 2021-жылдын 28-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы конфликтиде курман болгондорду эскерүүгө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдогонун президенттин маалымат кызматы билдирди.
Садыр Жапаров 28-30-апрель эгемендүү Кыргызстандын тарыхында эң кайгылуу, эң оор күндөрдүн бири катары сакталып калганын айтып, башка түшкөн бул оор сыноо элдин ынтымагын чыңдап, кайратын бүлөгөнүнө токтолгон.
"Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында орун алган куралдуу кагылышуудан 36 жараныбыз курман болуп, орду толгус оор жоготууга учурадык. Кырчындай болгон балдарыбыздан, эр жүрөк жоокерлерибизден, Мадинадай мөлтүрөгөн бейкүнөө наристе кызыбыздан ажырадык. 173 жараныбыз ар кандай жаракат алып, азыркы убакка чейин дарыланып келишет. Эмгекчил жана меймандос Баткен эли каргашалуу күндөрдө болуп көрбөгөндөй эрдикти, чыдамкайлыкты жана сабырдуулукту көрсөттү. Мамлекеттин бүтүндүгүн, элинин эгемендигин сактайм деп ант берген жоокерлерибиздин, калк башына каран күн түшүп турган маалда кара башын канжыгага байлаган мекендештерибиздин көрсөткөн эрдигин баса белгилеп айтып кетүү менин парзым. Мекен үчүн, эл үчүн жанын аябаган эр-азаматтарыбыздын каармандыгы өлкөбүздүн тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калмакчы!" — деп жазылган кайрылууда.
Президент кыйын кырдаалда Баткен элин жалгыз калтырбаган кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирген.
"Ошол оор күндөрдө мамлекетибиз, элибиз кайратман Баткен элин, өрүкзарлуу Баткен жерин жалгыз калтырган жок. Тикесинен тик туруп аза кайгысы менен башка түшкөн кыйынчылыгын тең бөлүштү. Боорукер жана намыскөй элибиз эч нерсесин аяган жок, мекендештеринин жеңилин жерден, оорун колдон алып беришти. Элимдин ушундай кыйынчылыктарда мүңкүрөп калбаган, чөгүп кетпеген эр мүнөзү менен асыл сапаттарына мамлекет башчысы катары да, жөнөкөй инсан катары да башымды ийип, таазим кыламын!" — деген Жапаров.
Мамлекет башчы элдин жапа тырмак колдоо көрсөткөндүгүнүн натыйжасында өрттөлгөн 140 турак үй толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилгенине токтолгон.

"Бул жерде мекенчил ишкер азаматтарыбыздын, чет өлкөлөрдө эмгектенген мекендештерибиздин жапа чеккен жарандарыбызга олуттуу жардам көрсөткөндүгүн да өзгөчө белгилеп кетейин. Элибиздин жана өлкөбүздүн "ырыс алды – ынтымак" деп жапа тырмак колдоо көрсөткөндүгүнүн натыйжасында өрттөлгөн 140 турак үй толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Кагылышууда курман болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө да үйлөр курулуп тапшырылды. Ошону менен бирге куралдуу кагылышта өрттөлгөн, талкаланган социалдык объектилерди калыбына келтирүүдө боордош Түркия мамлекетинин, белгилүү ислам кайрымдуулук фондуларынын жана башка көптөгөн уюмдардын жакындан жардам көрсөтүшкөндүгүнө ыраазычылык билдирем. Мындан сырткары, канатташ Өзбекстан бир туугандыктын жана достуктун үлгүсүн көрсөтүп, Лейлек районунун Маргун айылына 330 орундуу заманбап орто мектептин имаратын бүтүрүп, пайдаланууга берди. Ушундай эле экинчи мектепти Баткен районунун Самаркандек айылында тапшыруу алдында турат", — деп айтылат кайрылууда.

Мамлекет башчы экинчи мындай каргашалуу окуялар кайталанбашын, эл-журт аман-эсен, эгемендүү өлкө бүтүн болушун тилек кылган.
Эске салсак, 2021-жылы 28-апрелден 1-майга чейин кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болуп, Тажикстан менен чектеш Максат айылынын тургундарынын үйлөрү, унаалары талкаланып, өрттөлүп, тонолгон. Анда кыргызстандык 36 адам каза болуп, 100дөн ашуун адам жаракат алган.
Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Искендербек Маматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2022
Радио
Маматов: Баткенде ишкерликтин алты түрүнө жеңилдик берилди
Жаңылыктар түрмөгү
0