"Прометей" системасы сериялык өндүрүшкө чыгарылды

© Фото / пресс-служба Минобороны РФ / Медиабанкка өтүүС-500 ракетадан коргонуу системасы. Архив
С-500 ракетадан коргонуу системасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2022
Жазылуу
Жаңы курал мурдагы абадан коргонуу системаларынан кыйла ашып түшөт.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Жаңы С-500 ракетадан коргонуу системасы ("Прометей") сериялык өндүрүшкө чыгарылды. Бул тууралуу комплексти иштеп чыккан "Алмаз-Антей" аэрокосмостук коргонуу концернинин башкы директору Ян Новиковго шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Учурда ата мекендик илим менен техниканын акыркы жетишкендиктерин колдонуу менен С-500 системасын чыгаруу иштери башталды. Мунун күжүрмөн жөндөмдүүлүгү мурдагы абадан коргонуу системаларынан (зениттик-ракеталык системалар) кыйла ашып түшөт. С-500 Россиянын аэрокосмостук коргонуу системаларынын көзүрү болууга татыктуу. Ал аскерлерге мамлекеттик заказ боюнча аныкталган мөөнөттө жеткирилет", — деп айтылат макалада.
"Прометей" жаңы зениттик ракетасынын пайда болушуна Россияга карата багытталган түздөн-түз тышкы коркунучтар түрткү болгон. Жок кылуу радиусу 600 километрге жакын.
Комплекс ПВО С-400 Триумф заступил на боевое дежурство в Севастополе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2020
Мээлегенин алып түшкөн "Прометей". Бутасын 550 чакырымдан кыйратчу жаңы ракета
Жаңылыктар түрмөгү
0