Мээлегенин алып түшкөн "Прометей". Бутасын 550 чакырымдан кыйратчу жаңы ракета

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКомплекс ПВО С-400 "Триумф" заступил на боевое дежурство в Севастополе
Комплекс ПВО С-400 Триумф заступил на боевое дежурство в Севастополе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыраактан аракет этүүчү С-500 "Прометей" абадан коргонуу уникалдуу комплекси ракетага каршы коргонуунун жогорку потенциалы бар "жер – аба" тибиндеги универсалдык системасынын жаңы муунуна кирет.

С-500 "Прометей" жаңы зениттик ракетасынын пайда болушуна Россияга карата багытталган түздөн-түз тышкы коркунучтар түрткү болду. Узаган аптада россиялык абадан коргонуу тутумунун каражаттары РФ чек арасында чалгындоо жүргүзгөн 46 чет элдик учак жана учкучсуз учуучу аппаратты аныктап, коштоп отурду.

Бул туурасында РФ Коргоо министрлигинин маалыматтарына таянуу менен "Красная звезда" гезити жазып чыкты. Өлкөнүн аба мейкиндигин бузууга жол берилген жок, бирок ушундай "коноктордун" саны күн санап өсүп барат. Бул жолу аскерий баяндамачы Александр Хроленко жаңы ракета жана ушундай жагдайга сереп салган.

Командорго түшкөн россиялык десант жана Анадырдагы Ту-160. "Өнөктөштөргө" жооп

Мындай кадамдары менен Пентагон "жоромолдонбогон соккунун" стратегиясын, тактикасын жана технологиялык алгоритмдерин бышыктап келет. Россия ага реакция кылууга, көзөмөлдүн жана болжолдуу агрессордун учуучу аппараттарын кыйратуунун улам натыйжалуу каражаттарын жаратууга аргасыз.

С-500 "Прометей" зениттик ракеталык системасын сыноо аягына чыгууда. Анын жүрүшүндө ракета рекорддук – 553 чакырым аралыктан бутасын талкалады. РФ коргоо министри Сергей Шойгу система өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө быйыл – 2020-жылы алына баштарын убада кылды. Башкача айтканда, жакында РФ абадан коргонуу тутуму аскердик нөөмөткө турмакчы.

Бир аз мурдараак РФ Космостук-аба күчтөрүнүн башкы командачысы Сергей Суровикин: "С-500 зениттик ракеталык системасынын мүнөздөмөлөрү аэродинамикалык жана баллистикалык буталардан тышкары, анын ичинде жакынкы космосто да бардык модификациядагы гипер үндүү куралды талкалоого жол берет".

"Прометейдин" жерден жүздөгөн чакырым аралыктан бутасын кармоо жөндөмү жөнүндө "Алмаз-Антей" концернинин башкы конструктору Павел Созинов айтып берген.

РФтин Космостук-аба күчтөрү эмдиги жылы сокку уруучу дрондорго ээ болот

Ыраактан аракет этүүчү С-500 "Прометей" абадан коргонуу уникалдуу комплекси ракетага каршы коргонуунун жогорку потенциалы бар "жер – аба" тибиндеги универсалдык системасынын жаңы муунуна кирет. Абадагы – баллистикалык, аэродинамикалык, гипер үндүү буталарынын бардыгын ушул таптагы жана келечекте жаралчу ылдамдыктардын баарында жок кылууга жөндөмдүү.

Зарыл болсо "Прометей" F-35ти "4 секундда" уруп түшүрүп, Жер орбитасындагы душмандын спутниктик топторун "чаңга айлантып" кое алат. Натыйжалуулугу боюнча С-500гө тең келчү курал жок, жакынкы он жылдыктарда чыгары да арсар.

Деңиз горизонту

"Прометей" "Триумфка" (С-400) жардамга барат. Россия Федерациясынын абадан жана ракетага каршы коргонуунун бирдиктүү тутумуна айланат. Бул потенциалдуу душмандын байкалган жана көрүнбөс делген чалгындоо жана сокку уруучу учактары РФтин чек арасынан 600 чакырым аралык чегинде мээлөөдө турарын туюндурат.

Крымдан Кара деңиз багытында С-500 тутуму болжол менен Бухарест, Анкара же Киевдин үстүндөгү агрессордун истребителдерин жана стратегиялык бомбалоочуларын (мындай учурлардын баарында бутага чейинки аралык 550 чакырымдан кем болбойт) атып түшүрө алат. Балким, Кара деңизден кыйла узак аралыкта "Прометейдин" РЛС нурлануусу аймактагы "өнөктөштөрүнүн" дээрлик ар күнкү чалгындоо жана сокку уруучу авиациясынын активдүүлүгүн басаңдатып, Пентагондун Румыниядагы жаңы базаларын дээрлик пайдасыз кылып коюшу да ыктымал. Балтий аймагындагы аскердик жаңжал болуп кетсе, Россия Балтиканын үстүндө учушсуз аймакты уюштуруунун азыркы технологиялык жөндөмүн күчөтүшү мүмкүн.

Россиянын учкучсуз "Охотниги" АКШ менен НАТОну санаага салууда. Себеби

Калининград облусунда коюлган "Прометейлер" бүтүндөй Польшанын, Германиянын (Берлинди кошо), Даниянын (Копенгаген менен бирге) бир бөлүгүн, Чехия жана Словакиянын аба мейкиндигин ынанымдуу көзөмөлдөй алышат. Андай түрдө С-500 польшалык аймактагы америкалык күчтөрдүн жайгашуусунун жана жалпы Вашингтон жана Варшаванын кеңейтилген аскердик кызматташуусунун баркын тез эле түшүрүп коет. Экинчи жагынан, жаңы россиялык зениттик ракеталык система Беларусиянын аба мейкиндигин да ишенимдүү калкалайт.

"Прометейди" сыноо иш-чараларына кооптонуу менен көз салган америкалык The National Interest журналы: "Жаңы муундагы бул курал Москванын ансыз да кубаттуу С-400 тутумун кошумчалоого багытталган... С-500 ыраак аралыктагы бийик буталарды гана жок кылууга жөндөмдүү болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөргө ээ. "Стелс" технологиялары боюнча жасалган учактар менен таймаша алат", – деп жазган.

Чындап эле Пентагон үчүн бул — 600 чакырым аралыктан бир убакта 10 бутаны кыйрата алчу жагымсыз "ачылыш". Жаңы россиялык система АКШ жана анын Куралдуу аба күчтөрүнүн Балтий жана Кара деңиздин үстүндөгү эркиндик даражасын чектеп коеру талашсыз.

Түпкүрдөгү купуя сыр же касташкандын катыгын берчү "Скиф"

Калининград облусунан ЗРС С-500 согуштук жагдайда Түндүк жана Балтий деңиздерин бириктирген Скагеррак булуңунун районундагы канаттуу жана "көзгө көрүнбөс" F-35 ракеталарын талкалай алат. Ошол жерден АКШ жана НАТОнун сокку уруучу авиациясынын салтка айланган "британ" маршруту өтөт. Ошентсе да, "кызыл чекти" кесип өтпөсө, Крым, ошондой эле Калининград жана Ленинград облустары, Россиянын башка аймактары боюнча ракеталык-бомбалык соккуларына машыкпаса, күн сайын Чыгыш Европанын тынч аймактарынын асманында айланбаса, анда америкалыктардын чочулай турган жагдайы жок.

"Прометей" тышкы агрессия күч алган учурда коргонуу, Кургактагы күчтөр жана Аскердик-деңиз флотун ыкчам аракетин калкалоо жана натыйжалуу түрдө "тынчтыкка мажбурлоо" максатында гана жасалган.

Космостук бийиктик

Аскердик стратегиялар жана конфликттер технологиялык жактан татаалдап, чалгындоо жана навигациянын көптөгөн тутумдары Жер орбитасына чыгарылды. Жакындан тарта АКШнын Космостук күчтөрү "касташкан мамлекеттердин" спутниктик топторун "жок кылуу", ошондой эле чабуул коюу миссияларына киришүүнү пландоодо.

Пентагон космостогу операцияларды согуштук аракеттердин өзүнчө бир чөйрөсү катары кароодо. Ошондуктан, эртеби же кечпи жердин тегерегиндеги орбитага сокку уруучу (кинетикалык, лазердик, электромагниттик) куралды жайгаштырары турган иш.

Кошмо Штаттар эбактан бери эле кол салуунун космостук каражаттарын иштеп чыгып келишет, аларды РФке каршы колдонушу да мүмкүн.

Россия үчүн голливудча "жылдыздар согушуна" катышуунун кажети жок. Жердеги эле орбиталык коркунучтарды заматта жоюп койчу "Прометейлер" түйүнү кандай гана "жылдыздар арасындагы флот" болбосун, андан бир топ оптималдуу жана натыйжалуу.

Башкы конструктор Павел Созинов билдиргендей, жаңы С-500 Жерден жүздөгөн чакырым аралыктагы буталарды талкалай алат. "Прометей" тутуму учурдагы бардык аба-космостук кол салуу каражаттары, ал түгүл жасала электери менен да кыл чайнаша күрөшүү үчүн жасалган.

Россиянын топ жарышы. Аскердик роботтор адам менен "тил табышат"

С-500 технологиялары аскердик иште жаңы горизонтторду ачат, жакынкы космоско жана глобалдык геосаясатка түз таасир этет. Ошону менен бирге эле Россия жана постсоветтик мейкиндикте эч ким интеграцияланган терең эшелондоштурулган Абадан жана Ракетага каршы коргонуу тутумдарынан (негизги ракеталык кооптуу багыттарында ЖККУ жана КМШнын ушундай эле тутумдары менен бирге) баш тартпайт.

С-500, С-400 жана С-300 системалары россиялык аба мейкиндикти ар кандай коркунучтардан натыйжалуу коргойт. С-500 мүмкүнчүлүктөрү С-400 системасынын ТТХ кыйла артыкчылыктарга ээ. Анын америкалык аналогу – Patriot Advanced Capability-3төн кеп козгобой деле коелу. Анткен менен египеттик Sasapost басылмасынын маалыматына таянсак, жаңы россиялык абадан жана ракетага каршы коргонуу тутумунун баасы 500 миллион доллардын тегерегинде гана болмокчу. Ошол эле убакта Patriot бир миллиард долларга сатылып, ал эми THAAD 3 миллиард долларды чапчыйт.

Мобилдик, мээлегенин соо койбогон "Прометей" куралдануунун эл аралык рыногунун жогорку орбитасында да ийгиликке жетишери шексиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0