https://sputnik.kg/20220422/salykchylar-ehmi-tergoochubu-1063844262.html
Салыкчы эми тергөөчү же ыкчам кызматкер боло алабы? Юристтин жообу
Салыкчы эми тергөөчү же ыкчам кызматкер боло алабы? Юристтин жообу
Sputnik Кыргызстан
Отставкадагы судья, адвокат, Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык бейтарап сотунун арбитри Калыгул Салиев салыкчылар эми тергөөчү же ыкчам кызматкер боло алабы... 22.04.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-04-22T11:43+0600
2022-04-22T11:43+0600
2022-04-22T11:43+0600
радио
онлайн-адвокат
калыгул салиев
ишкер
салык
https://sputnik.kg/img/07e6/04/14/1063782344_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_142a5ff504ced5073214a176a529ddf4.jpg
Салыкчы эми тергөөчү же ыкчам кызматкер боло алабы? Юристтин жообу
Sputnik Кыргызстан
Салыкчы эми тергөөчү же ыкчам кызматкер боло алабы? Юристтин жообу
Ушул жылдын 1-январынан тартып, салыкчылар экономикалык кылмыштар боюнча ыкчам аракеттерди жүргүзө алат. Бул тууралуу Калыгул Салиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "онлайн адвокат" рубрикасында билдирди.Анын айтымында, бул аракеттерди өткөн жылы жоюлган Финпол аткарып келген.Ошондой эле ал бул чечим ишкерлерди куугунтуктабай, ак ниет эмес ишкерлерди аныктаганга жардам берет деген ишенимин билдирди.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/14/1063782344_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_14468d2cb21ee261774e03486d644477.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
онлайн-адвокат, калыгул салиев, ишкер, салык, аудио
онлайн-адвокат, калыгул салиев, ишкер, салык, аудио
Салыкчы эми тергөөчү же ыкчам кызматкер боло алабы? Юристтин жообу
Отставкадагы судья, адвокат, Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык бейтарап сотунун арбитри Калыгул Салиев салыкчылар эми тергөөчү же ыкчам кызматкер боло алабы деген суроого жооп берди.
Ушул жылдын 1-январынан тартып, салыкчылар экономикалык кылмыштар боюнча ыкчам аракеттерди жүргүзө алат. Бул тууралуу Калыгул Салиев
Sputnik Кыргызстан радиосунун "онлайн адвокат" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, бул аракеттерди өткөн жылы жоюлган Финпол аткарып келген.
"Мурда Финпол деген орган бар эле. Ал экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат болчу. 2021-жылы аталган мекеме жоюлуп, алар тергөөгө алып жүргөн кылмыштар боюнча учурда салык кызматкерлеринин ыкчам иш аракеттерди жүргүзүүгө укугу бар. Анткени 2022-жылдын 1-январынан тарта колдонууга киргизилген Салык кодексине ылайык, ыкчам аракеттерди же изин суутпай издөө иш аракеттерин жүргүзүүгө салык кызматкерлерине толук укук берилди. Башкача айтканда, контролдук сатып алуу, ишкерлердин арасында салыктан качуу үчүн ККМ аппараттарын колдонбой же кирешени жаап-жашырып жана башка экономикалык кылмыштар болсо салыкчылар тиешелүү ыкчам аракеттерди жүргүзүп, кылмыштын бетин ачууга укугу бар. Бул үчүн "Изин суутпай издөө жөнүндө" мыйзамына жана "Жазык процессуалдык кодексине" өзгөртүүлөр киргизилди. Башкача айтканда, Салык кызматы дагы укук коргоо органына айланды", — деди Салиев.
Ошондой эле ал бул чечим ишкерлерди куугунтуктабай, ак ниет эмес ишкерлерди аныктаганга жардам берет деген ишенимин билдирди.