Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдылдаев: быйыл 65 жашка чейинкилер гана ажылыкка барат

© Sputnik / Асель СыдыковаКыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2022
Жазылуу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев ажылык сапарга баруу үчүн жаңы эрежелер киргенин билдирди.
Эки жылдан кийин ажылык сапрага уруксат берилди, бирок айрым чектөөлөр бар. Бул тууралуу Жолдошбек ажы Абдылдаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Абдылдаев: быйыл 65 жашка чейинкилер гана ажылыкка барат
Анын айтымында, ажылык сапарга мүмкүнчүлүгү жеткен жарандар барууга милдеттүү, болгону аялдар махрамынын (эркек тууганынын) коштоосунда болушу абзел.
"Пандемияга байланыштуу эки жыл бою ажылык сапарга чектөө киргизилген. Быйыл Сауд Аравия Падышалыгы миллион адамга ажылыкка уруксат бергенин жар салды. Шарт, эрежелери жылдагыдан башкача. Алсак, эми 65 жашка чейинкилер гана ажылыкка бара турганы жана COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү керектиги айтылган. Учурда ажылыкка баруу үчүн базада алты миңге чукул адам катталуу. Ошолордун ичинен 65 жаштан ылдыйкылар аныкталып жатат. Мусулман үчүн бир жолу ажылык сапарга баруусу парз болуп саналат. Калган учурларда атасынын, энесинин ж.б. жакын адамдарынын ордуна ниет кылып барууга уруксат берилет. 2016-жылдан тарта ажыга барчулар электрондук каттоого алынып, базасы түзүлгөн. Республика боюнча 32 пунктуда каттоо жүргүзүлүп, акчасы банк аркылуу төлөнөт. 2020-жылы аталган базага 9,5 миң адам катталган. Кийин ажылык сапарга уруксат берилбей, 3,5 миң жаран акчасын кайтарып алган. Калгандары электрондук кезекте турушат. Быйыл алардын ичинен 65 жаштагылар калып, андан кийин тургандарга уруксат берилет", — деди Абдылдаев.
Ошондой эле өлкөдө ажылык сапарга 18 жаштан жогоркуларга уруксат берилерин кошумчалады.
Белгилей кетсек, быйыл Сауд Аравия Кыргызстанга ажылык жана кичи ажылык үчүн 2 766 квота берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0