Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жолонбеков: Кыргызстанда биринчи экологиялык бала бакча ачылат

© Sputnik / Асель СыдыковаЖаш ишкер Темирхан Жолонбеков
Жаш ишкер Темирхан Жолонбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2022
Жазылуу
Жаш ишкер Темирхан Жолонбеков бала бакчаларда педагог-дефектолог, методисттердин жетишсиздиги да чоң маселе экенин айтты.
Бишкекте 500гө жакын жеке менчик бала бакча болсо, анын 120сы гана лицензия менен иштейт. Жалпы өлкө боюнча 2000дей бакча жетишпейт. Бул тууралуу Темирхан Жолонбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Жолонбеков: Кыргызстанда биринчи экологиялык бала бакча ачылат
Анын айтымында, өлкөдөгү бала бакчаларда педагог-дефектолог, методисттердин жетишсиздиги да чоң маселе. Буга айлык акынын аздыгы себеп.
"Жаш ишкер катары жубайым экөөбүз буга чейин кичинекей балдардын кийимин өндүрүп келгенбиз. Эми ири цех ачканы турабыз. Ал эми жакында кызыбыз эки жашка чыкканда бала бакча издеп жатып, өлкөдө мектепке чейинки билим берүүчү жайдын жетишсиздиги абдан курч көйгөй экенин байкадык. Жадагалса жеке бала бакчаларда да орундар толгон экен. Бейрасмий маалыматтарга таянсак, Бишкекте 500гө жакын жеке менчик бала бакча болсо, анын 120сы гана лицензия менен иштейт. Ал эми Статкомдун 2019-жылдагы маалыматына ылайык, Кыргызстандагы 2-6 жаштагы 800 миңдей баланын 25 пайызы гана бала бакчага барат экен. Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова жалпы өлкө боюнча 2000дей бакча курулушу керектигин айткан. Ошондуктан командам менен Европа мамлекеттерин кыдырып, Түркия, Россияга барып, ар кандай бала бакчалардын ээлери менен жолугуп келдик. Жыйынтыгында республика боюнча биринчи экологиялык бала бакчаларды ачууну көздөп жатабыз. Мында бардык эмеректер таза жыгачтан, пижама, шейшеп, матрацтар гипоаллергендүү кездемеден жасалып, байытылган тамак-аш менюсу түзүлөт. Ошондой эле туз бөлмөсү, кыймылдуу оюндар ойнолчу аянтчасы болот. Балдар үчүн атайын даярдалган көнүгүүлөрдүн комплекси бөбөктүн иммундук системасын жакшыртып, ар кандай ооруну дары-дармексиз жеңүүгө жардам берет. Мындай бала бакчаны өлкөнүн 50 жеринде ачууну көздөп жатабыз. Ошондой эле франшиза менен бала бакча ачууну каалаган ишкерлер менен иштешүүгө даярбыз", — деди Жолонбеков.
Ал балдар кийимин тигүүчү цех менен бала бакчаны бириктирип, наристелердин апасын жумуш менен камсыздай турганын да кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0