Бишкекте тамекиден баш тартууга жардам берген мектептер ачылды

© AFP / MANAN VATSYAYANAТамеки чегип жаткан адам. Архив
Тамеки чегип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
Жазылуу
Мындай мектептер Биринчи май жана Свердлов райондорундагы беш бейтапканада уюштурулду.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкектин эки районунда үй-бүлөлүк медициналык борбордун (ҮМБ) базасында тамекиден баш тартууга жардам берген мектептер ачылды.
Каалоочуларга дарыгер-наркологдор жардам берет.
Биринчи май району — шейшемби жана жума күндөрү саат 13:00дөн 14:00гө чейин.
№ 3 ҮМБ — Логвиненко, 30/1, № 100 кабинет, телефон (0312) 32-52-32;
№ 7 ҮМБ — Тоголок Молдо, 3/1, телефон (0312) 66-20-44.
Свердлов району — шейшемби жана жума күндөрү саат 14:00дөн 15:00гө чейин.
Райондогу бириктирилген ҮМБ — Көлбаев, 42, № 408 кабинет, телефон (0312) 63-51-23;
№ 5 ҮМБ (мурдагы № 9 ҮМБ) — Курманжан датка, 109а, № 109 кабинет, телефон (0312) 36-88-30;
№ 10 ҮМБ — Свободная, 9, № 32 кабинет, телефон (0312) 67-82-74.
Мектептердин максаты тамеки чегүү менен байланышкан оорулардын санын азайтуу жана никотинге болгон көз карандылыктан адамдарды арылтуу. Профилактикалык жана консультативдик колдоо дагы көрсөтүлөт.
Оорукандагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2022
Кыргызстандын төрт облусундагы эркектер медициналык кароодон бекер өтө алат
Жаңылыктар түрмөгү
0