https://sputnik.kg/20220331/erkek-medicina-karoo-dolboor-1063284337.html
Кыргызстандын төрт облусундагы эркектер медициналык кароодон бекер өтө алат
Кыргызстандын төрт облусундагы эркектер медициналык кароодон бекер өтө алат
Sputnik Кыргызстан
"Жооптуу бол!" бир айлыгынын негизги максаты — эркектер арасындагы жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу. 31.03.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-03-31T12:59+0600
2022-03-31T12:59+0600
2022-03-31T12:59+0600
кыргызстан
кр саламаттык сактоо министрлиги
медицина
долбоор
эркек
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/06/1050682919_0:135:3400:2048_1920x0_80_0_0_7ff39c75b308ffbb76396eb44acc1454.jpg
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) коркунуч факторлорун аныктоо үчүн 18 жаштан жогорку курактагы эркектер арасында бир айлык жарыяланат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.Акция 1-апрелден 30-апрелге чейин созулат. Бул убакыт аралыгында эркектер жергиликтүү саламаттык сактоо уюмуна кайрылып, медиктерден бекер медициналык кеңеш ала алышат. Аталган бир айлык "Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү дарылоо жана алдын алуу" аттуу швейцариялык долбоорду ишке ашыруунун алкагында өткөрүлөт.Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун маалыматы боюнча, 18 жаштан 54 жашка чейинки эркектер ошол эле курактагы аялдарга караганда жугуштуу эмес оорулардын пайда болуу коркунучуна көбүрөөк дуушар болушат.Бул иш-чаранын алкагында эркектер үчүн атайын кабыл алуу сааттары уюштурулат."Жооптуу бол!" бир айлыгына мектеп окуучуларын тартуу дагы негизги элемент болуп саналат, анткени мындай ыкманын эффективдүүлүгүн буга чейинки тажрыйба көрсөткөн. Окуучулар эркек туугандарына акция тууралуу маалымат беришет жана аларды өз айылындагы саламаттык сактоо уюмуна медициналык консультациядан өтүүгө чакырышат", — деп айтылат маалыматта.Жугуштуу эмес оорулар – бул өнөкөт, жай өрчүгөн илдеттер. Аларга жүрөк-кан тамыр, рак, өпкө оорулары жана кант диабети кирет.2020-жылы Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун саны калктын жалпы өлүмүнүн 52 пайызын түздү. Өлүмдүн экинчи негизги себебине рак (10,8%), андан кийин (6,9%) өпкө оорулары кирет. Жугуштуу эмес оорулардын негизги тобокелдик факторлору болуп тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ашыкча ичүү, туура эмес тамактануу жана кыймыл-аракеттин аздыгы саналат.Толук маалымат алуу үчүн (0770) 545404, email: egimbaeva.b@gmail.com даректерине кайрылыңыз.
https://sputnik.kg/20220330/tup-mobildik-klinika-1063270188.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/06/1050682919_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_4343657b096cf4e901a3d34b03fcc546.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кр саламаттык сактоо министрлиги, медицина, долбоор, эркек
кыргызстан, кр саламаттык сактоо министрлиги, медицина, долбоор, эркек
Кыргызстандын төрт облусундагы эркектер медициналык кароодон бекер өтө алат
"Жооптуу бол!" бир айлыгынын негизги максаты — эркектер арасындагы жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу.
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) коркунуч факторлорун аныктоо үчүн 18 жаштан жогорку курактагы эркектер арасында бир айлык жарыяланат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Акция 1-апрелден 30-апрелге чейин созулат. Бул убакыт аралыгында эркектер жергиликтүү саламаттык сактоо уюмуна кайрылып, медиктерден бекер медициналык кеңеш ала алышат. Аталган бир айлык "Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү дарылоо жана алдын алуу" аттуу швейцариялык долбоорду ишке ашыруунун алкагында өткөрүлөт.
"Жооптуу бол!" бир айлыгынын негизги максаты — эркектер арасындагы жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу.
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун маалыматы боюнча, 18 жаштан 54 жашка чейинки эркектер ошол эле курактагы аялдарга караганда жугуштуу эмес оорулардын пайда болуу коркунучуна көбүрөөк дуушар болушат.
Бул иш-чаранын алкагында эркектер үчүн атайын кабыл алуу сааттары уюштурулат.
"Жооптуу бол!" бир айлыгына мектеп окуучуларын тартуу дагы негизги элемент болуп саналат, анткени мындай ыкманын эффективдүүлүгүн буга чейинки тажрыйба көрсөткөн. Окуучулар эркек туугандарына акция тууралуу маалымат беришет жана аларды өз айылындагы саламаттык сактоо уюмуна медициналык консультациядан өтүүгө чакырышат", — деп айтылат маалыматта.
Жугуштуу эмес оорулар – бул өнөкөт, жай өрчүгөн илдеттер. Аларга жүрөк-кан тамыр, рак, өпкө оорулары жана кант диабети кирет.
2020-жылы Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун саны калктын жалпы өлүмүнүн 52 пайызын түздү. Өлүмдүн экинчи негизги себебине рак (10,8%), андан кийин (6,9%) өпкө оорулары кирет. Жугуштуу эмес оорулардын негизги тобокелдик факторлору болуп тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ашыкча ичүү, туура эмес тамактануу жана кыймыл-аракеттин аздыгы саналат.
Толук маалымат алуу үчүн (0770) 545404, email: egimbaeva.b@gmail.com даректерине кайрылыңыз.
30 Жалган Куран 2022, 19:14