Куланак ГЭСин курууга белсенген компания тууралуу эмне белгилүү

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүКурулуш иштери. Архив
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
Жазылуу
Компаниянын жетекчисинин ГЭС куруу ниети тууралуу 2019-жылы да айтылган.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бүгүн министрлер кабинети Нарын дарыясына суу сактагычы жана плотинасы менен Куланак ири гидроэлектр станциясы курула турганын билдирди.
Аны "Нарын" өндүрүштүк ишканасы" ЖЧКсы өз эсебинен кура турганы маалым болду. Долбоорду ишке ашыруу башталып, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Sputnik Кыргызстан агенттиги компания тууралуу ачык булактардан маалымат чогултту.
ГЭСтин кубаттуулугу 100 МВт деп белгиленген, тосмосунун бийиктиги 27 метрге жетип, жалпысынан 4 жылда аяктайт. Бул станция Ат-Башы ГЭСинен 2,5 эсе чоң болору болжолдонууда. Мындан сырткары, ал ирригациялык багытта дагы колдонулуп, кошумча 2100 гектар айдоо жерди сугаруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Куланак ГЭСинин курулушуна иштөөгө 500дөн 1000ге чейин адам тартылат, ал эми ишке киргенден кийин 200гө чукул киши эмгектенери айтылды.
Юстиция министрлигинин маалыматтык базасында "Нарын" өндүрүштүк ишканасы" ЖЧКсы турак жай жана жашоого ылайыкталбаган имараттарды куруу менен алектенери көрсөтүлгөн. 2002-жылы кайра каттоодон өткөн. Компанияга Кутубай Мурзабаев ээлик кылат, ал "Орион" ири курулуш фирмасынын негиздөөчүлөрүнүн бири.
Мурзабаевдин Куланак ГЭСин куруу ниети тууралуу 2019-жылы ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирген.
"Ал биздин мекендеш, инвестор Нарын дарыясына ГЭС курууга белсенип жатат. Кубаттуулугу 100 мегаватт болот. Биз мекендешибиздин аракет колдойбуз", — деп айткан Абылгазиев.
Улуттук статистика комитети 2017-жылы "Орион" курулуш компаниясын өлкөдөгү алдыңкы 200 ири компаниянын катарына киргизген.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Оштогу Данги участогунун аймагында кичи ГЭС куруу долбоору менен таанышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2022
Оштун Данги участогунда кичи ГЭС курулат. Акылбек Жапаров долбоорун көрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0