00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
2030-жылга чейин кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү: негизги багыттар жана максаттар
11:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Натуральное отдельно: зачем предлагают разделить соки и напитки с добавками
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Тамак-аш коопсуздугу камсыздалат — ЕАЭБдин техрегламенттери кандай иштеп жатат?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда ара төрөлгөн балдардын санынын көбөйүшү: себептери жана медициналык каражаттар
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Финансовая безопасность со школы: в КР учат подростков распознавать мошенничество и защищать свои деньги
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Узак жашоонун сыры — узак жана дени сак жашоо үчүн эмне кылуу керек?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
От первых депутатов до восьмого созыва: как менялся парламент Кыргызстана
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Окумуштуу, дарыгер, академик: Санжарбек Данияровдун ишмердиги
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Вода, уголь или уран: на что делает ставку КР в борьбе за энергонезависимостью?
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда ара төрөлгөн балдардын санынын көбөйүшү: себептери жана медициналык каражаттар
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Боевая работа РСЗО Град группировки войск Центр на Красноармейском направлении СВО - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россияны жеңүү үчүн Германия өз экономикасын тобокелге салууда

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүБерлиндеги Бранденбург дарбазасы. Архив
Берлиндеги Бранденбург дарбазасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
Жазылуу
Батыштын Россияга каршы экономикалык согушу эң кызуу жерине жетип калды. Душмандар өнөктөш катары анткорлонууда. Ал эми санкцияларга алар "Стингер" (Stinger) жана "Панцерфауст" (Panzerfaust) сыяктуу курал катары карашат.
Россиядан мунай жана көгүлтүр отту сатып алуудан макулдашып баш тартууну алар ушул согушта Dicke Bertha – "Алп Берта" (Биринчи дүйнөлүк согуштагы эң күчтүү замбиректердин бири) катары көрүшөт өңдүү. Бирок алар ойлогондой болбогонун баамдайт Виктория Никифорова. Серепчинин макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Америкалыктар россиялык көмүртектен жеңил баш тарта алат, анткени аларда бул багытта майкөл-сүткөл. Ал эми Европанын энергетикалык таңсыктыгы күч. Европа биримдигинин негизги тобокелдиктерин – экономикасынын жүгүн Германия тартат.
"Бир нече ай мурун мындай нерсе каатчылыктай туюлар эле, ал эми бүгүн бул реалдуу болуп турат", — деп сүрөттөйт россиялык газдын өчүрүлүшүн электр техника өндүргөн батыш европалык ишкананын ээси. Ал Guardian басылмасынын журналисттеринен макалада атын атабай жазууну өтүнгөн.
Ишкер россиялык көгүлтүр отсуз, никель жана алюминий болбосо, жүз жылдык фирма заматта банкротко кабылат. Германия үчүн жылына элүү миллиард куб метр, Россия үчүн эки жүз миллион евро — маселенин наркы ушундай. Бирок бул башаты гана. Германиянын бүтүндөй өнөр жай тармагы каатчылыкка кабылууда. Европа биримдигинин экономикасын дал ушул мамлекет алдыга сүйрөп келет.
Тарыхтын тамашасын кара, даңазалуу немец корпорациялары — Крупп менен Тиссен, Бауэр менен BASF дал Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согушта гүлдөгөн. Отко май тамызууга да алардын катышы бар экенин айтып калышат.
АКШ доллары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2022
Financial Times: Батыш долларды өзү өлүмгө түртүп жатат
Германия мамлекети дагы бир жолу жеңилген соң аталган корпорациялар аталышын өзгөртүп, топ-менеджерлерин алмаштырып, өз ишмердигин ийгиликтүү улантышкан. Бирок Германиянын ири корпорациялары бүгүнкүдөй – Россияга каршы экономикалык согуштагыдай тобокелге барган эмес.
Россиядан жаратылыш газынан баш тартып калса, жагдайды жөнгө салуу үчүн ФРГнын үч планы бар. Ар биринде оорукана, дары-дармек өндүрүү тармагын кубаттуулук менен жабдууга артыкчылык берилген. Кийинки сапта – турак үйлөр. Ал эми бизнеске газ баарынан мурун өчүрүлөт. Өндүрүш банкроттукка кабылып, миллиондогон киши жумушунан кол жууйт.
"Чынын айтканда, — деп моюнга алат BASF башчысы Мартин Брудермюллер Guardian басылмасына берген маегинде, — бул Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң катуу каатчылыкка кептеп, өнүгүүгө бөгөт болот". Немецтерди күтпөй Россия газды өз алдынча өчүрө да алат. Ансыз да буга Мамлекеттик думада чакырыктар жаңырган. Мунун Германияга кесепети кандай тийиши мүмкүн? Андай күн келсе, сызга отуруп калган ишкерлер, жумушсуз калган немецтер көп өтпөй көчөгө чыгышы ажеп эмес. Бирок ал жакта украиналык качкындар күтүшү мүмкүн.
Африка жана Азиядан мыйзамсыз мигранттардын "күзгү агымы" да кырдаалды татаалдаштырат. Ачарчылык коркунучуна кабылганда алар меймандос Европага, эң оболу Германияга ашыгат.
Кайсы бир убакка чейин ФРГ өкмөтү элдин нааразычылыгын акча менен басаңдата алат. Бирок акча басып чыгаруучу станок 2020-жылдан бери толук кубаттуулукта иштөөдө, евро зонасында инфляция ансыз да рекордду кагууда. Бир жылдан соң бул валюта эмнеге айланат? Немец саясатчыларынан анын эсебин сураган жан жок. Болгону алар Вашингтондун буйруктарын так аткарууда.
Киевдеги Украинанын аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ Коргоо министрлиги: Украина менен Британия чагым даярдоодо
Бирок эмнеге даңкы далай кыйырды багынткан, дүйнөлүк экономиканын сыймыгы болгон немец бизнеси үн катпайт? Анын капитаны эбак "Түндүк агым — 2ни" сатып коюп, ушул тапта түшүнүксүз нерселерди гана күбүрөнүп турат. Кептин баары немец бизнесинин өндүрүмдөрүнүн эбегейсиз бөлүгү АКШда сатыларында. Муну эскертүү менен Кошмо Штаттар германиялык капиталисттерден каалаганын талап кыла алат. Бул – дүйнөнүн эң бай рыногу. Немецтер Россиядан тишин кычыратып чыгып кетиши мүмкүн, бирок америкалык керектөөчүдөн кол жууш – көпчүлүк үчүн өлүмгө тете.
Россиядан газдын агымы токтотулса ФРГдагы чакан жана орто бизнестин дээрлик күнү бүтөт. Бирок корпорациялардын башка карманар талы бар. Алар чыгымдардын өсүшүнүн "ызасын" өз керектөөчүлөрүнөн чыгарат. Бирок качанкыга дейре алар бааны көтөрө алат? Бул алардын толук сызга батышы менен аяктабайбы?! Россияда ресурстар жаатында баары жайында. Өзүн да багып, жылыта да алат.
Азыр Германияда экономика соңку жарым кылымда бизге үлгү кылып көрсөтүшкөндөй бар чыгар. Жогорку технология, өнүккөн өнөр жай, тейлөө тармагы – баары жайында. Башындагы бир гана мүшкүл — кубаттуулуктун катуу таңсыктыгы.
Газдын агымы буулса, бул татаал, кылымдап курулган конструкция заматта урап түшүп, Европанын бөлөк өлкөлөрүнүн экономикаларын да артка тартып кетет. "Сталинград" деген кеп – албетте жөн гана салыштыруу. Бирок экономикалык согуштагы кармаш Экинчи дүйнөлүк апааттагы айыгышкан күрөштөрдөгүдөн да көп кишини жабыркатып кетет.
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина акыры Россияга каршы чыкмак. Путин атайын операция тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0