Эламан Карымшаков: дарыгердин чуркоонун пайдасы тууралуу айтканы сюрприз болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналист Эламан Карымшаков марафон учурунда. Архив
Журналист Эламан Карымшаков марафон учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу 2018-жылдан бери борбор калаада өткөн жарыштарды активдүү колдоп, өзүнүн журналисттери менен да катышып келет.
10-апрель күнү Бишкекте "Өз тарыхыңды жарат" деген лозунгдун алдында "Бакай банк Жаз деми" жарышы өтөт. Буга байланыштуу биздин белгилүү журналист Эламан Карымшаковдун спорттун бул түрүнө кантип келип калганы жана кызыктуу окуялары менен бөлүшүүнү чечтик. Ал бир дагы жарым марафондорду калтырбай чуркап, байгелүү орундарга да жетишип жүрөт.
— Эң биринчи жарышка катышканыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
— 2018-жылы биздин редакция "Бакай банк Жаз деми" жарым марафонунун медиа өнөктөшү болгон. Анда мен беш чакырымга гана чуркагам. Жаның кыйналганына карабай марага жетип келип, медаль тагынган сезимдер аябай жаккан. Ошондо кызыгуум күчөп, чуркоонун кумарын сезип калдым десем болот. Кийин "Күз деминде" 10 чакырымга чуркадым. Ага алдын ала жакшыраак даярдандым. Ошондон бери Кыргызстандагы бир дагы жарыштарды калтырбай катышууга аракет кылам.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналист Sputnik Кыргызстан Эламан Карымшаков
Журналист Sputnik Кыргызстан Эламан Карымшаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
— Ушул аралыкта кандай көрсөткүчтөргө жетиштиңиз?
— 2019-жылы күздө Nomad Sport музыкалык жарыш уюштурган. Анда 21 чакырым аралыкты 1 саат 40 мүнөттө чуркап келип үчүнчү орунду ээледим. Кызыгы, ошондо экинчи орунду алышыма бир эле секунд жетпей калган. Ал эми 2021-жылы күздө биринчи ирет толук марафон чуркап көрүүнү чечтим. Анда 42,2 чакырым аралыкты 3 саат 50 мүнөттө басып өтүп дароо эле экинчи орунду камсыздадым. Бул өзүм үчүн да таң калычтуу болду.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналист Sputnik Кыргызстан Эламан Карымшаков
Журналист Sputnik Кыргызстан Эламан Карымшаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Журналист Sputnik Кыргызстан Эламан Карымшаков
— Мындай жарыштарга кантип даярданасыз? Дене-бойду формага келтирүүгө канча убакыт керек?
— Кыш мезгилинде машыгуу залдарына барып чуркоочу килемдерин колдоном. Ал эми күн жылып калганда көчөгө чыгып паркта чуркайм. Жарым марафонго катышарда жакшы жыйынтык көрсөтүү үчүн бир-эки ай даярданам.
— Жарыштар жеке жашооңузга да таасир этсе керек?
— Чуркоо менин жашоомдун бир бөлүгү болуп калды. Күн сайын эртең менен чуркаганга аракет кылам. Кесибиме байланыштуу компьютердин алдында көп отурам, көзүмдүн көрүшү начарлай баштады. Өзгөчө карантин убагында аябай бузулуп кетти. Кийин офтальмологго барсам, анын айткан кеңеши күтүүсүз болду. Көрсө, чуркоо көздүн көрүүсүн да жакшыртат турбайбы. Кан айлануу системасы активдүү иштей баштайт экен. Бул дагы стимул болуп иш күнүмдү чуркоо менен баштоону адатка айландырдым.
© Sputnik / Михаил ДудинМассовый забег Jaz Demi в Бишкеке
Массовый забег Jaz Demi в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
— Эртең менен чуркап жана чуркабай калгандан кийинки абалыңызда айырма болобу?
— Эртең менен чуркаган болсоң кечке чейин жумушта сергек, кубаттуу болуп, жакшы маанайда жүрөсүң. Эгер кандайдыр себептер менен чуркабай калсам шалдырап, чарчап, өзүмдү анча жакшы сезбейм. Ошондуктан жарым марафондун уюштуруучуларына рахмат айткым келет, алар түрткү болуп спортко кызыгуум күчөдү, досторумду жана кесиптештеримди да активдүү болууга чакырам.
Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Nomad Sport коомдук фонду уюштурган "Бакай банк Жаз деми" жарым марафонунун расмий өнөктөшү.
Бишкекте велосезондун ачылышы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2022
Бишкекте 500гө чукул велосипедчен жүрүшкө чыкты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0