Кардиолог ышкындын жүрөккө абдан пайдалуу экенин айтты

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЖашылчалар. Архив
Жашылчалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Жазылуу
Дарыгердин пикиринде, ышкын боорго, калкан бездерге жана мээге оң таасирин тийгизет. Андан тышкары, А, В, С, Е жана К витаминдерине бай.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Түркиялык кардиолог жана терапевт Канан Каратай ышкынды дүйнөдөгү эң пайдалуу азык деп эсептейт. Адистин пикиринде, бул өсүмдүк кандагы кантты жана кан басымды көзөмөлдөөгө жардам берип, Альцгеймер оорусун алдын алат.
© Фото / Pixabay / planet_foxЫшкын
Ревень лекарственный - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Ышкын
Дарыгердин пикирине таянып Р-Спорт басылмасынын жазганына караганда, ышкын боорго, калкан безге жана мээге да оң таасирин тийгизет.
"Эгер аны жумурткага аралаштырып жесеңер, ого бетер пайдалуу болуп калат. Тагыраагы, мындай аралашма антиоксиданттарга жана витаминдерге бай", — деди адис.
Ышкындын дагы кандай пайдасы бар:
А, В, С, Е жана К витаминдерине бай;
иммундук системаны бекемдейт;
тамак сиңирүү системасын жакшыртат;
терини калыбына келтирет.
Баса, ышкындан көптөгөн дары-дармектер жасалары маалым.
Көнүгүү жасап жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2022
Окумуштуулар узак жашагандардын тамактануу сырын билди
Жаңылыктар түрмөгү
0