Манастын алтайлык калмактарды кууп чыгышы. Ордо оюну. Улуу баяндан 7 факт

Атчан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2022
Жазылуу
Баяныбызды Манастын калмактарды кууп чыгып, атасы Жакыпты убайымга салганы, айтылуу ордо оюну менен улайбыз.
Рубрика Манас баатырдын төрөлүшүнөн тарта башталат.
Алтайлык калмактар менен кармаш. Калдайып атка минсе сан колдой, туруш-турпаты кылым турган бек зоодой болуп Манас күрүлдөп турду. Ал тоо көчүрө турган үн менен, алдынан адам чыккыс сүр менен "Манастап" ураан чакырып атса, жоого каршы аттанууга даяр турган караламан калайык бала баатырдын артынан жапырт ээрчиди. Аламандап жети миң адам урушка кирди. Кыргыздар Керменин Кара-Белине кирип барат жапырып. Алтайлык калмактар четинен оюлуп, ортосу суюлуп барат. Керме өтүкчөн Манас бала астында кол баштайт. Кечээ эле дөгүрсүгөн алтайлык калмактын башчысы, адам аттуудан жеңилип көрбөгөн Домабыл баатырды ыргыта коюп жайлады. Төрөсү Домабыл өлгөндө алтайлык сегиз жүз келгин баскынчыдан төрт жүз он үчү гана калыптыр. Түштүк жерге уруш менен кууп барганда эле Манастын айбатына такат кыла албай калгандары ат тизгинин артка тартты. Куугунга түшкөн эр Манас, уруш десе булкунуп турган, душман көрсө жулкунуп турган шер Манас карагай найза колго алып кызып калган. Жеткенге найзасын матырып жайлап барат. Алтайлыктын бирлери Алтайын ашып качып жөнөсө, бирлери Камбылга кирип дыр коюшту.
Жакыптын убайымы. Баласын алыстан эле көрүп, жанына жакын жете албай Жакып жүрөт күйүгүп. Бир жагы сүйүнүп, бир жагы санаага чөгүп кабатырланып. Туучунагын теминип, алдына жүргөн Манаска "бери токто" дегендей байрагын булгалайт. "Асый эмес, бышты деп, астына элдин түштү деп, чарчабаган бул доңуз, кандай жылкы күчтүү деп" баласы минген атка тил тийгизип, өз атын камчылап, чабагандап отуруп, Артыштын сары кайкаңдан Манаска жетти күйүгүп да, демигип. Манас атасына аярлай токтоп калган соң, алтайлыктарды андан ары кубалаган адам болбоду. Кортуктун уулу сүйүнүп "кут болсун, төрөм" деп Манас менен Жакыпка турду ийилип. Ичинде кун алар кеги калбагандай, дос экени билинип. Манастын бул кылыгы Эсенканга айтылды, кыргызга эзели душман элдер жаң-жуңуна, калдайына, доотайына, дуу-дуусуна, кытайына кабар жетти. Жакып ушундан коркту, эми жаамы душман биригип, элибизди чабат деп, Манасты туткун кылып алат деп, жер жайнаган малымды талайт деп убайымга батты.
Манжулуктардын айлына чогулушту. Манастын колу алтайлык калмактарды артынан куубай кайра тартты. Эми баары манжу калмактарынын айлына келип түштү. Алтайлык туугандарынан жабыр көргөн манжулар Жакып менен Манастын казак-кыргыз колу келгенине жетине албай турду. Кечээги кыргызга кошулуп урушка киргенде алардан кырк төртү каза тапкан экен. Өлүк зыйнаты кылып, алардын үйлөрүнө өкүрүп түштү. Урушта өлгөндөрдүн жакындарына кайрат айтышып, Жакып жылкысынан айдатып келип, мурда өлгөн эки адам менен кийинки өлгөндөрдүн тууган-уруктарына бөлдүрүп берди. Силерге журт бололу, тууган кылып алгыла деп манжулуктардын аксакалы Дөгөн кары Жакыптын кашына келди. Өлгөндүн баарын бирдей көмөлү деп жаш Манас сунуш айтты эле, аны ырас көрүштү. Манжулардын өтүнүчү кабыл болуп, мурда жоолашкандар жарашып, душманга каршы турар, бир муштум, бир журт болушту. Жакып жылкычысын чакырып, кары-куру бээден, какбаш болгон аттардан төрт жүздү айдатып келип, өлгөн манжу калмактардын бала-чакасына бөлдүрүп берди. Союшка накта жараган жыйырма үч жылкыны сойдуруп, өлгөндөрдүн азасын тойго айлантты. Казак менен кыргыздар, манжу калмактары той үстүндө Жакыптын жылкысынын, туу байталдарынын казы менен картасына тойду. Чоң жинди жинденип өлтүргөн Кортуктун баласы Шакумду манжуларга бий көтөрүп коюшту. Кийин баланын аты жаңыланып Каратоко Мажик аталып кетти.
Манас эпосунан сүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2022
Чоң жиндинин жиндилиги. Манастын бала кези тууралуу 7 факт
Жакыптын айылына келиши. Манжулардын аксакалы Дөгөн карыга Жакып малы да, алтын-зери да бар экенин, ошондон алгыла, бир ылтымасым балама көзүңөрдү сала жүргүлө деп кайрылды. Жаңы бийин баш кылып, Дөгөн даанышманын каш кылып айлына алып келди бай Жакып. Жетимиш үйлүү Жакыптын айылы жети жүз колду кондурду. Жеп-ичкенге эти менен майын койду. Эртеси шашкеге чейин конок кылып, келгендердин баарына тандап туруп бирден ат мингизди, бирден аруу жакшы тон кийгизди. Жакыптын колу ачыктыгына ыраазы боло келген жаңы туугандар Каратоко Мажикти ээрчип, кыргыздардын сыйына да, жаш Манастын баатырдыгына да ыраазы боло айылдарына кайтты...
Ордо ойношу. Арадан алты ай өтөт. Жаз күндөрдүн биринде жашы он бирге келген Манас төрт асый болгон, төөдөй Айбанбоз атын минип, жылкылардын туур маалы болду деп малынан кабар алганы жолго чыкты. Бир жерге келсе, эни башка, өз жылкысына окшобогон өңчөй сур кашка миңдей жылкы оттоп жүрөт булардын жайытында. Аралай барса баягы Айнакул баш болгон төрт бала. Жылкычыдан сураса субайларды сыртка калтырып, ушул жыйырма миң тубар бээни түзгө айдап келдик дейт. Андан тышкары да эки миндей туубай турган жылкы бар экен. Кысыр эмди тайлардан дароо эле үчтү союшуп, Манас үзүрүн көргүлө деп былкылдатып эт бышыртат, үйүнө кайтып кетпей жылкычылар менен кошо жатып калат. Анан жигиттер жайыт жердин бетегисин жулушуп, белгини жерге урушуп, беш чүкөнү бир деп, сызып алып сызыкты ордо атканга киришти. Күндө кылган иши ордо атыш, бирден тай кармап келип союшат. Тогуз коргоол ойношот. Балдар улам көбөйүп, отуз эки болушту, он алтысы бир тарап, он алтысы бир тарап болуп ордо атышат оолугуп.
Эми Чоң Бээжинге баралы. Ал жактын падышасы Эсенкан экен. Ошол Эсенканга калдайлардын бири кабар айтыптыр: Шыйкуу, Суушаң деген жерде Кара-Шаар деген калаада Жакып деген бай чыкты, түбү – түрк, бурут, Жеркен, Котон куюшу, Сонор-Көл экен конушу, элүүгө чейин бала көрбөй жүрүп, алты жыл болду балалуу болгонго, баланы жерден алганда бар жандын баарынын эси чыкты. Ошол баланын жентек тоюна беш жүз бээ союптур, ошол бала чоңоюп Чоң Бээжинге ок атар адам болот дептир. Ошондо Эсенкан жаңы туулган баладан коркуп калмак белек, мен ага кандыгымды билдирем, паашалыгымды билдирем деп ачууланып чамынат. Эли кандай экен, жери кандай экен билип келсин деп тыңчыларды соодагер кылып даярдайт.
Кербендер менен ордочулар кезикти. Алар Бээжинден чыгып, беш ай жүрүп, баягы биздин ордо атып аткан балдарга кез келет. Балдар оюнун токтотпойт. Кербен жүрүшүн токтотпойт. Ошол кезде Манас томпойду колго алып, Кулжадан алган эңкени кошо коюп чертти эле, сакасы төө мылтыктын огундай атып барып, астыңкы төөнүн шыйрагын шылып кетти, бир эңкеси барып астыңкы эшектин бутун шылый чапты. Эшек жыгылып, анын ээси кербенге кошо келе жаткан сарттын эси чыкты. Анысы ыйлактап, арыдагы кытайларга даттанды. Буту сынып төө калды, бир адамы жөө калды. Муну кылган Манасты токмоктомок болду. Аны кармамак болуп алты жактан кол салды. Отузу ары жакта оолугуп турду. Калмагы бар экен, кытайы бар экен, сарты бар экен. Кармаша кетип баарысы, Манас кыйынсынган кытайдын белиндеги карк алтын кемеринен кармап булкту...
Ат ойундары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022
"Манастап" ураан чакыруу. Улуу баяндан 6 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0