https://sputnik.kg/20251206/1098386358.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Төш-Кутчу жерлигиндеги Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун тилкесиндеги туннелдин курулушунун... 06.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-06T08:59+0600
2025-12-06T08:59+0600
2025-12-06T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/06/1098386192_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_afef48d940d4978031988649bf03870e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Төш-Кутчу жерлигиндеги Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун тилкесиндеги туннелдин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Министрлер кабинетинин башчысына жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери тууралуу маалымат берилди. “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолу Торугарт – Арпа – Кош-Дөбө – Макмал – Жалал-Абад (304,94 км) багыты боюнча өтөт. Торугарт – Макмал (160 км) тилкесинде 1435 мм темир жол изи, ал эми Макмал – Жалал-Абад (145 км) бөлүгүндө 1520 мм темир жол изи колдонулат. Макмал районунда жүктөө станциясын жана логистикалык борборду түзүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Курулуш иштерине 5695 техника жана 5 миңден ашык адам тартылган. Жалпысынан пландаштырылган 29 туннелдин 18инин, 50 көпүрөнүн 17синин, 602 суу өткөргүчтүн 28инин курулушу башталды.
Өлкөнүн бардык аймактарында акысыз юридикалык кеңештер берилүүдө. Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын Юридикалык жардам жана укуктук агартуу башкармалыгынын башчысы Айчүрөк Камаева билдирди.Анын айтымында, он күндүк декада негизинен калктын маалымдуулугун жана укуктук сабаттуулугун жогорулатууга багытталган. Жарандар өздөрү жашаган аймакка жакын жайгашкан аянтчаларга кайрылып, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышат. “Учурда өлкө боюнча жарандарга акысыз укуктук консультация берүү декадасы өтүп жатат. Өлкөнүн бардык аймактарында атайын консультациялык аянтчалар уюштурулду. Бул жерде юристтер менен адвокаттардан тышкары Социалдык фонд, Салык кызматы, райондук администрациялар жана Калкты тейлөө борборлорунун өкүлдөрү да иш алып барууда. Анын негизинде жарандар юридикалык маселелер боюнча гана эмес, башка тармактар боюнча да кеңири консультация ала алышат.
Дубайдагы ири криптофорумда Binance капчыгынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао бир килограммдык кыргыз алтын куймасын көрсөттү. Бул "Биткоин токендештирилген алтынга каршы" деген талкуу маалында болгон. Euro Pacific Capital компаниясынын тең негиздөөчүсү Питер Шифф салттуу активдерди коргоп, алтын миңдеген жылдардан бери ишенимдүү жана сактоого ыңгайлуу актив экенин белгиледи. Ага жооп кылган Чанпэн Чжао реалдуу активдерди санариптештирүү — токендештирүү мүмкүнчүлүгү кеңейип жатканын айтты. Андан соң ал кыргыз алтынынан жасалган куйманы көрсөтүп, токендештирилген алтын жаңы финансылык инструмент катары колдонулуп, валютанын дагы бир формасына айлануу потенциалы бар экенин белгиледи."Интернет виртуалдуу, бирок анын баалуулугу бар. Биткоин физикалык түрдө жок, бирок мен 1 BTC жөнөтсөм, транзакция блокчейнде катталат. Дүйнөдө канча алтын бар экенин эч ким билбейт, бирок криптовалюта алтынга байланганда анын канча экенин жана кайда экенин так билебиз", — деди Чжао. Ал токендештирилген алтын жаңы финансылык механизмдерди түзүп, валюта катары колдонулушу мүмкүн экенин белгиледи.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Төш-Кутчу жерлигиндеги Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун тилкесиндеги туннелдин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Министрлер кабинетинин башчысына жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери тууралуу маалымат берилди. “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолу Торугарт – Арпа – Кош-Дөбө – Макмал – Жалал-Абад (304,94 км) багыты боюнча өтөт. Торугарт – Макмал (160 км) тилкесинде 1435 мм темир жол изи, ал эми Макмал – Жалал-Абад (145 км) бөлүгүндө 1520 мм темир жол изи колдонулат. Макмал районунда жүктөө станциясын жана логистикалык борборду түзүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Курулуш иштерине 5695 техника жана 5 миңден ашык адам тартылган. Жалпысынан пландаштырылган 29 туннелдин 18инин, 50 көпүрөнүн 17синин, 602 суу өткөргүчтүн 28инин курулушу башталды.Өлкөнүн бардык аймактарында акысыз юридикалык кеңештер берилүүдө. Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын Юридикалык жардам жана укуктук агартуу башкармалыгынын башчысы Айчүрөк Камаева билдирди.Анын айтымында, он күндүк декада негизинен калктын маалымдуулугун жана укуктук сабаттуулугун жогорулатууга багытталган. Жарандар өздөрү жашаган аймакка жакын жайгашкан аянтчаларга кайрылып, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышат. “Учурда өлкө боюнча жарандарга акысыз укуктук консультация берүү декадасы өтүп жатат. Өлкөнүн бардык аймактарында атайын консультациялык аянтчалар уюштурулду. Бул жерде юристтер менен адвокаттардан тышкары Социалдык фонд, Салык кызматы, райондук администрациялар жана Калкты тейлөө борборлорунун өкүлдөрү да иш алып барууда. Анын негизинде жарандар юридикалык маселелер боюнча гана эмес, башка тармактар боюнча да кеңири консультация ала алышат.Дубайдагы ири криптофорумда Binance капчыгынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао бир килограммдык кыргыз алтын куймасын көрсөттү. Бул "Биткоин токендештирилген алтынга каршы" деген талкуу маалында болгон. Euro Pacific Capital компаниясынын тең негиздөөчүсү Питер Шифф салттуу активдерди коргоп, алтын миңдеген жылдардан бери ишенимдүү жана сактоого ыңгайлуу актив экенин белгиледи. Ага жооп кылган Чанпэн Чжао реалдуу активдерди санариптештирүү — токендештирүү мүмкүнчүлүгү кеңейип жатканын айтты. Андан соң ал кыргыз алтынынан жасалган куйманы көрсөтүп, токендештирилген алтын жаңы финансылык инструмент катары колдонулуп, валютанын дагы бир формасына айлануу потенциалы бар экенин белгиледи."Интернет виртуалдуу, бирок анын баалуулугу бар. Биткоин физикалык түрдө жок, бирок мен 1 BTC жөнөтсөм, транзакция блокчейнде катталат. Дүйнөдө канча алтын бар экенин эч ким билбейт, бирок криптовалюта алтынга байланганда анын канча экенин жана кайда экенин так билебиз", — деди Чжао. Ал токендештирилген алтын жаңы финансылык механизмдерди түзүп, валюта катары колдонулушу мүмкүн экенин белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/06/1098386192_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d472c3dded764651286ff4fe896bf7e3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио