Манастын Эсенкандын тыңчылары менен кармашкан учурунан 6 факт

© Sputnik / Жоомарт УраимовАла-Тоо аянтындагы Манастын эстелиги. Архив
Ала-Тоо аянтындагы Манастын эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2022
Жазылуу
"Манас" эпосу боюнча бул сапар баяныбызды жаш Манастын Эсенкандын тыңчылары менен кармашканы, атасы Жакыптын күйүтү жана байлыкка тунган окуясы менен улантабыз.
Буга чейинки кызыктуу фактылар менен баяндоолорубузду Манас дүйнөсүнөн таап, окусаңыздар болот.
Эсенкандын тыңчыларынын Манасты көрүшү. Жаш Манас журтуна келген тыңчылардын бирин кемерден кармап булкту да, көтөрүп жерге бир уруп, башын жулуп алды. Башчысы томпоюп өлгөн соң баары калтырап коркту. Ушул баланы колго түшүргөнү келишпеди беле, бирөө бир жарагын чыгара албай, бирөө бир кебин айта албай туруп калды. Бала баатыр булардын 45 төө жүгүн олжо кылайын, он калмакты, беш кытайды өлтүрүп, коштоп гана келген сарттын онун калтыралы деп өздөрү катылып келген тыңчы-кербендердин эсебин тапты. Келгендер жан соогалап, дүйнө-мүлкүнүн баарын бермек болуп, издеген баласы Манас экенин билип, титиреп өлүмдү күтүп турду. "Сизге бизди Эсенкан жиберген, бу Манас дегени кандай бала экен, кимдин уулу экен, уругу ким, заты ким көрүп келгиле деген, жакшы билдик, эң сонун көрдүк" дешти бир адамдай чулдурашып... Ошондо Манас кебелбей, "Атам – Жакып, Мен – Манасмын, ары тарт десе болбостон, акылыңдан адаштың, эми төөмдүн буту сынды деп дөөгүрсүнүп атасың" деп, өзүнүн жигиттерине буларды "шыйрактан байлап, жылгага сүйрөп салгыла, колунан байлап, коктуга сүйрөп салгыла", "кийимин тоноп алгыла" деп буйрук берет. Балдардын башчысы Манас айтып жатса, макул болбоско арга жок. Буйрукту аткарышат.
Жылкычыны кабарга жибериши. Манас калмактар менен кытайларды 45 төөсү, эки өркөчтүү бул жаныбарларга жүктөлгөн казына-мүлкү менен колго түшүрүп алгандан кийин жылкычыны айыл-айылга кабарга жиберет: Бай Жакыпты тап дейт, Акбалтаны алгыла, Бердикеге баргыла, берки жактагы Дамбылдага кабар кылгыла – баары мында келсин дейт. Анан Ошпур койчу менен Саламатты кошо чакыртат. Аларды чакырган себеби – Манастын азыр эле колго түшүргөн дүйнөсүн бөлүп алышы керек экен. Эртеси бешимде Жакып бай келди карпайып, Акбалта менен Бердике дагы бу Манас эмне иш кылып койду деп кабатырланып келип түштү, Дамбылда менен Түнөгөр жетти, Ошпур менен Саламат пайда болду. Буларга эзелтен бери душмандашып, жакында эле эл болуп кошулган манжулардан Мажик менен Дөгөн келди. Булар келсе, кытай менен калмактын жүктүү кырк беш төөсү турат, жанында он сарты жөө, ыраңдары өчкөн. Чакырганда келгендер таң калат. Таң калбаганда эмне? Төөлөрүнүн карандай моюну бир кулач, муну казыналык нар дешет, үстүндөгү жүгү карк алтын кымбат зер экен. Мынча байлыкты артынан издеп келер ээси бар эмеспи, албай эле койсокпу дешет бирөөлөрү. Адамдын напсиси жаман да, бирөөлөрү ала берели дешет. Ары кетип-бери кетип, масилет куруп, бул мал-мүлктүн жайын ушул турган сарттардан сурайлы деп аларды суракка алат.
Атчан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2022
Манастын алтайлык калмактарды кууп чыгышы. Ордо оюну. Улуу баяндан 7 факт
Сарттардын сыр ачышы. Сарттар айтат: түбүбүз – түрк, учубуз – уйгур, Кумулдун ары жагында Шаа-Шуңга деген шаарда оокат кылып жүргөнбүз. Анан хандан кабар келди. Токсон төрт үйлүү элек, баарыңар сооданын жайын билесиңер, менин алдыма беш-алты жылга кызматка келгиле деди. Барбасак каардуу хандын зуңтуңу жазаламак, айла жок токсон төрт үйдөн он киши хан алдына барууга бел байладык. Хан ордо Бээжин шаарында экен. Биз баргандан кийин алты калмак, он кытай кошулуп, силер жакка жолго чыктык. Алтай, каңгай аралагыла, Кашкарга баргыла, ошол Алтайда алты зубун калмак бар, ошолорго жанаша түрктөн келген бир эл бар, ошол элде Жакып деген бар, анын баласынын аты Манас, бабасынын ысымы Бай дейт. Ошол Манасты билип келгиле, бузук болсо, тирсегинен илип келгиле деп жөнөттү. Кулак менен укканыңарды эмес, көз менен көргөнүңөрдү айткыла, "өтүрүк сөз – өлгөн сөз, жалган айткан – жаман сөз" деп жолго чыгарат. "Беш ай болду Бээжинден бери чыкканыбызга" дешет бир ооздон. "Биз болгону кызматчыбыз, кыйшыгыбыз жок – түзбүз" дешет. Кечээ ушул балдарга ушунда жолугуп, жолдон чык дешти – чыкпадык, ордодон төөңөрдү ары тарткыла дешти – тартпадык. Анан мушташ чыкты. Кытайдын эң кыйыны баш болуп, отуз киши жабылды эле, балаңар баарын качырып, төрөнү кучактап жерге уруп, көөдөнүн басып туруп башын жулуп алды. Он алтысын өлтүрдү, биз не кыларды билбей турабыз дешти сарттар.
Жакыптын күйүтү. Ушундай сөздү угуп алтымыштагы Жакыптын чый-пыйы чыкты. "Акыры балам жутат бейм, азапка салган башымды", "Бээжин бекем жер деген, беш урук кытай эл деген" деп өзүнүн алар жөнүндө уккандарын жобурап кирет. Аларда Жакыптын билгени боюнча "каканчы деген калкы бар, беттешкен оңой келбейт, канча түрдүү алпы бар, катылгандын баарынын канын ичкен салты бар", кытай деген "кылым журт", "хандуу журт". Ошолорго катылган баласынын муну калбага салып бергенине кейийт, эми кара башымды калкалап кайда барамын дейт. Анан ал бул малдар Эсенкан деген Бээжиндин ханыныкы экен, ханга тийип болобу, паашага тийген оңорбу дейт. Бай Жакып туугандар арасында, баласынын жанында өң-алеттен кетип, бир далайга муңайып да, өксүп да турду...
Акбалтанын сөзү. Жакыптын мүңкүрөп турганын көрүп Акбалта айтат: "Болсо бала – шок болсун, шок болбосо – жок болсун". Эми мүңкүрөп эмне кылмак элек дейт. Башка жазганын көрүшөрүн, ажал жетсе өлүшөрүн айтат. Кытай келип калганча, бул олжо малды, байлыкты бөлүп алалы дейт. Беш айлык жолдогу Бээжин бизге качан жетмек эле, алты ай мурда эле балаң калмактын төрт жүзүн жайлады эле, кана келип өч алганы дейт. Акбалтанын бул ак сөзүнө, акылман кебине, айла жок айтылган нускасына отургандардын баары баш ийкеп макул болду, "өлгөн жан кайта кобобу, өкүнгөн менен болобу", "сабыркоодон не чыгат, сарсанааны коёлу" дешет. Абасы Балта ушундай сөзүн айтканда эреркеп кетип Манас ачуулана атасын карай октолот.
Манастын атасына айтканы. Кудай салган ажалдан кутулбасын, куу дүйнөнүн түбүнө кууган менен жетпесин, курулай корко берсе, куураган бойдон өтөрүн, коркуп жүрүп кор болорун, кордукка көнгөндүгүн, канча дүйнө мал берип, көзү ач кылганын айтат. Атадан тайманбай айтат, атадан тайсалдабай айтат. Эл көзүнчө ачуулана айтат. Анан да хандан кыстоо сөз келсе, менин өзүмдү кармап бер дейт. Манастын сөзү эп болуп, атасынын ичинде каны кек болуп, кырк беш төө жүктү түшүрүп, кырк ата уулу бөлүп кирет. Жилиги сынган кызыл нар Бай Жакыпка тиет. Ошол жерде нарды соёт, жүгүн жерге жайып коёт. Жүгүн жерге түшүрүп карашса, зумурут, көөхар, жубар бермет асыл таштар экен. Күнгө чагылып көз уялтат. Буулум, доолон деген кымбат шайылар түргөктөлүп чыгат. Наркын коюп санаса, башка кырк беш төөдөгү байлык бир экен да, кызыл нардын жүгүнүн баасы ошолорго тең экен. Колуна тийген бул мүлктү бай Жакып төрт айгырга жүктөтүп, кийиз салып бүктөтүп, кудуңдап жолго түшөт. Баргандардын баары дүнүйөгө көмүлдү. Муну буларга он эки жарым жашында отуз жигит кашында бала Манас алып берди деп туугандары менен уруулаштары бир паста байлыкка тунуп, олжо төө мингени төө минип, төө минбегендери аттарын теминип журттарына тарады...
Манас эпосунан сүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2022
Чоң жиндинин жиндилиги. Манастын бала кези тууралуу 7 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0