https://sputnik.kg/20220403/kasym-zhomart-tokaev-kol-saluu-agent-karmaldy-1063356375.html
УКК: Касым-Жомарт Токаевге кол салууну көздөгөн чалгынчы кармалды. Видео
УКК: Касым-Жомарт Токаевге кол салууну көздөгөн чалгынчы кармалды. Видео
Sputnik Кыргызстан
25-март күнү Нур-Султан шаарында кармалган шектүү мамлекеттик жогорку кызматтарды аркалаган башка аткаминерлерге дагы кол салууну пландаштырганы айтылды. 03.04.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-04-03T11:35+0600
2022-04-03T11:35+0600
2022-04-03T11:35+0600
казакстан
касым-жомарт токаев
шектүү
терроризм
кол салуу
https://sputnik.kg/img/07e6/01/05/1061016960_0:415:2768:1972_1920x0_80_0_0_80349f3988d6d1cd52223845937158b6.jpg
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Казакстандын атайын кызматы президент Касым-Жомарт Токаевге кол салууну пландап жүргөн чет элдик чалгын агентин кармады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.25-март күнү Нур-Султан шаарында кармалган шектүү мамлекеттик жогорку кызматтарды аркалаган башка аткаминерлерге дагы кол салууну көздөгөнү айтылды.Тинтүү учурунда андан снайпердик винтовка, баңгизат жана ири суммадагы акча алынган."Куралды Казакстанга бир нечеге бөлүп байкатпай алып келишкен. Чет элдик агент Казакстанда Россияга каршы үгүттөөлөрдү жүргүзүп, социалдык тармактарда тиешелүү материалдарды жарыялоо аркылуу коомдо русофобиялык көз карашты жаратуу тапшырмасын алган. Алдын ала тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү чет мамлекеттин көрсөтмөсүн аткарып жүргөнүн мойнуна алды", — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.Учурда ага Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 24-беренесинин 1-бөлүгү ("Кылмышка даярдануу жана кылмышка аракет кылуу") жана 255-беренесинин 4-бөлүгү ("Терроризм актысы") боюнча кылмыш иши козголду.
https://sputnik.kg/20220209/natonun-afganistandagy-kural-zharagy-1061900396.html
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/01/05/1061016960_39:0:2768:2047_1920x0_80_0_0_391bc377147dee0e50db637aca1ef6d5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
казакстан, касым-жомарт токаев, шектүү, терроризм, кол салуу
казакстан, касым-жомарт токаев, шектүү, терроризм, кол салуу
УКК: Касым-Жомарт Токаевге кол салууну көздөгөн чалгынчы кармалды. Видео
25-март күнү Нур-Султан шаарында кармалган шектүү мамлекеттик жогорку кызматтарды аркалаган башка аткаминерлерге дагы кол салууну пландаштырганы айтылды.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Казакстандын атайын кызматы президент Касым-Жомарт Токаевге кол салууну пландап жүргөн чет элдик чалгын агентин кармады. Бул тууралуу
Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
25-март күнү Нур-Султан шаарында кармалган шектүү мамлекеттик жогорку кызматтарды аркалаган башка аткаминерлерге дагы кол салууну көздөгөнү айтылды.
"Ошол эле учурда ал атайын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршы террордук актыларды пландаган", — деп айтылат бидирүүдө.
Тинтүү учурунда андан снайпердик винтовка, баңгизат жана ири суммадагы акча алынган.
"Куралды Казакстанга бир нечеге бөлүп байкатпай алып келишкен. Чет элдик агент Казакстанда Россияга каршы үгүттөөлөрдү жүргүзүп, социалдык тармактарда тиешелүү материалдарды жарыялоо аркылуу коомдо русофобиялык көз карашты жаратуу тапшырмасын алган. Алдын ала тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү чет мамлекеттин көрсөтмөсүн аткарып жүргөнүн мойнуна алды", — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.
Учурда ага Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 24-беренесинин 1-бөлүгү ("Кылмышка даярдануу жана кылмышка аракет кылуу") жана 255-беренесинин 4-бөлүгү ("Терроризм актысы") боюнча кылмыш иши козголду.